https://sputnik.kg/20220715/biyyl-altyn-satuu-tushup-ketken-1066083823.html
Беш айда өлкө 41,4 кг алтын экспорттоду, былтыр тонналап сатылган
Беш айда өлкө 41,4 кг алтын экспорттоду, былтыр тонналап сатылган
Sputnik Кыргызстан
Өткөн жылдын январь-май айында республика башка өлкөлөргө 4 тонна кымбат баалуу металл саткан. 15.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-15T09:05+0600
2022-07-15T09:05+0600
2022-07-15T09:05+0600
кыргызстан
түркия
алтын
экспорт
статистика
https://sputnik.kg/img/07e6/04/19/1063923340_290:544:2528:1803_1920x0_80_0_0_75dfaacfd52562019f75840bd300836d.jpg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Быйылкы жылдын январь-май айында Кыргызстан 41,4 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет кабарлады.Ал жалпысынан 390 миң долларга бааланып, аны бир эле импортер — Түркия сатып алган. Анткен менен былтыр алтын көп, тагыраагы, 4 тонна 135,7 килограмм көлөмдө сатылган.Статкомдун маалыматтарын анализдеп көрсөк, май айына карата сыртка 7,7 килограмм чыкса, ал эми өткөн жылдын аталган мезгилинде 575,6 килограмм сатылган.Алтын боюнча абал2021-жылы 5,6 тонна экспорттолгон, бул 2020-жылга салыштырмалуу 12 тоннага кем.Эске салсак, акыркы жылдары алтынды негизинен Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы (LBMA) аркылуу сатып келишкен. Бирок өткөн жылдын июнь айынан кийин токтоп калып, сентябрда "Кыргыз алтын" аффинаж заводу алтын саткан ишенимдүү тарап катары макамынан ажыраган. Ал эми май айында заводдун статусун кайрып беришкен.
https://sputnik.kg/20220315/kyrgyzstan-altyn-ehksport-1062843154.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/19/1063923340_499:465:2525:1985_1920x0_80_0_0_2466f4dc7871e9e98b6e7474c3c8efd4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, түркия, алтын, экспорт, статистика
кыргызстан, түркия, алтын, экспорт, статистика
Беш айда өлкө 41,4 кг алтын экспорттоду, былтыр тонналап сатылган
Өткөн жылдын январь-май айында республика башка өлкөлөргө 4 тонна кымбат баалуу металл саткан.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Быйылкы жылдын январь-май айында Кыргызстан 41,4 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет кабарлады.
Ал жалпысынан 390 миң долларга бааланып, аны бир эле импортер — Түркия сатып алган. Анткен менен былтыр алтын көп, тагыраагы, 4 тонна 135,7 килограмм көлөмдө сатылган.
Статкомдун маалыматтарын анализдеп көрсөк, май айына карата сыртка 7,7 килограмм чыкса, ал эми өткөн жылдын аталган мезгилинде 575,6 килограмм сатылган.
2021-жылы 5,6 тонна экспорттолгон, бул 2020-жылга салыштырмалуу 12 тоннага кем.
Эске салсак, акыркы жылдары алтынды негизинен Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы (LBMA) аркылуу сатып келишкен. Бирок өткөн жылдын июнь айынан кийин токтоп калып, сентябрда "Кыргыз алтын" аффинаж заводу алтын саткан ишенимдүү тарап катары макамынан ажыраган. Ал эми май айында заводдун статусун кайрып беришкен.
15 Жалган Куран 2022, 09:41