https://sputnik.kg/20220704/moskvadagy-suluulardan-oozuna-balyk-salgan-aktivistterge-cheyinki-surottor-1065805693.html
Жанды оозго тиштеткен торнадодон Москвадагы сулууларга чейин. Апта ирмеми
Жанды оозго тиштеткен торнадодон Москвадагы сулууларга чейин. Апта ирмеми
Sputnik Кыргызстан
АКШда боюнан алдырган аялдардын укугун коргогон митинг өтсө, Нидерландда торнадо жанды оозго тиштетти. Sputnik өткөн жумада болгон маанилүү окуяларды сүрөт... 04.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-04T16:33+0600
2022-07-04T16:33+0600
2022-07-04T16:34+0600
дүйнөдө
апта ирмеми
торнадо
митинг
мигранттар
сүрөт
сүрөт түрмөк
https://sputnik.kg/img/07e6/07/03/1065790893_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_81c6430975e4523d6781602b4c729d46.jpg
Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/03/1065790893_340:0:3071:2048_1920x0_80_0_0_eaccbe0772f2a1ccea564da5545f6f9d.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, апта ирмеми, торнадо, митинг, мигранттар, сүрөт, сүрөт түрмөк, фото
дүйнөдө, апта ирмеми, торнадо, митинг, мигранттар, сүрөт, сүрөт түрмөк, фото
Жанды оозго тиштеткен торнадодон Москвадагы сулууларга чейин. Апта ирмеми 16:33 04.07.2022 (Жаңыртылды: 16:34 04.07.2022 )
АКШда боюнан алдырган аялдардын укугун коргогон митинг өтсө, Нидерландда торнадо жанды оозго тиштетти. Sputnik өткөн жумада болгон маанилүү окуяларды сүрөт менен баяндап бермекчи.
© AFP / Jeffrey Groeneweg Торнадо Зирикзе (Нидерланд) шаарындагы бир нече үйдүн чатырын учуруп, бир адамдын өмүрүн алып кетти
Торнадо Зирикзе (Нидерланд) шаарындагы бир нече үйдүн чатырын учуруп, бир адамдын өмүрүн алып кетти
© AFP / Jason Connolly АКШнын Колорадо штатында аялдардын боюнан алдыруу укугу боюнча митинг өттү. Жогорку сот 25-июнда мындан узак убакыт мурдагы, тагыраагы, 1973-жылдагы бойдон өз каалоосу менен алдыруу укугу боюнча чыккан чечимин жокко чыгарды. Аборт маселеси эми ар бир штаттын өз мыйзамдары менен чечиле турган болду.
АКШнын Колорадо штатында аялдардын боюнан алдыруу укугу боюнча митинг өттү. Жогорку сот 25-июнда мындан узак убакыт мурдагы, тагыраагы, 1973-жылдагы бойдон өз каалоосу менен алдыруу укугу боюнча чыккан чечимин жокко чыгарды. Аборт маселеси эми ар бир штаттын өз мыйзамдары менен чечиле турган болду.
© AFP / ASAAD NIAZI Бул сүрөт Иракта тартылган. Жамгырдын аздыгынан улам Тигр жана Евфрат дарыяларында суу 60 пайызга азайып кеткен. Бул өлкөнү кургакчылыкка кептеди.
Бул сүрөт Иракта тартылган. Жамгырдын аздыгынан улам Тигр жана Евфрат дарыяларында суу 60 пайызга азайып кеткен. Бул өлкөнү кургакчылыкка кептеди.
© AFP / John Macdougall Чоң жетиликтин лидерлери Бавариядагы саммитте (Германия)
Чоң жетиликтин лидерлери Бавариядагы саммитте (Германия)
© AFP / Valery Hache Карарган асман, агарган толкун. Жээктеги кыз. Ницца (Франция).
Карарган асман, агарган толкун. Жээктеги кыз. Ницца (Франция).
© AFP / Jordan Vonderhaar/Getty Images 28-июнда АКШнын Техас штатында ичинде 51 мигранттын сөөгү жаткан жүк ташуучу автоунаа табылган. Анда суу да, кондиционер да болгон эмес. Айдоочу менен анын жанындагы кишинин өлүм жазасына тартылары айтылды.
28-июнда АКШнын Техас штатында ичинде 51 мигранттын сөөгү жаткан жүк ташуучу автоунаа табылган. Анда суу да, кондиционер да болгон эмес. Айдоочу менен анын жанындагы кишинин өлүм жазасына тартылары айтылды.
Мариуполь шаарында Металлургдар проспектиндеги талкаланган үй
© Sputnik / Evgeny Odinokov / Медиабанкка өтүү Москвадагы мода жумалыгы. Жаш дизайнерлердин метронун "Маяковская" станциясындагы көргөзмөгө алып чыккан костюмдары.
Москвадагы мода жумалыгы. Жаш дизайнерлердин метронун "Маяковская" станциясындагы көргөзмөгө алып чыккан костюмдары.
© AFP / Carlos Costa Ocean Rebellion активисттери көзүн таңып, оозуна балыкты жарым-жартылай салып, нааразылык акциясына чыгышты. Бул Лиссабондо (Португалия) БУУнун океан боюнча өткөн конференциясы учурунда тартылган.
Ocean Rebellion активисттери көзүн таңып, оозуна балыкты жарым-жартылай салып, нааразылык акциясына чыгышты. Бул Лиссабондо (Португалия) БУУнун океан боюнча өткөн конференциясы учурунда тартылган.
© AP Photo / Chris Pizzello Ырчы Муни Лонг Лос-Анжелесте өткөн BET Awards салтанатында ырдап жатат
Ырчы Муни Лонг Лос-Анжелесте өткөн BET Awards салтанатында ырдап жатат
© AFP Мьянмада баңгизаттарды өрттөп жатышат. Бул Баңгилик менен күрөшүү боюнча эл аралык күнгө карата уюштурулган.
Мьянмада баңгизаттарды өрттөп жатышат. Бул Баңгилик менен күрөшүү боюнча эл аралык күнгө карата уюштурулган.
© Sputnik / Pavel Lisitsyn / Медиабанкка өтүү Мариуполь шаарындагы нан кучактаган балдар. Аны гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн ачылган көчүп жүрүүчү пунктудан таратышкан.
Мариуполь шаарындагы нан кучактаган балдар. Аны гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн ачылган көчүп жүрүүчү пунктудан таратышкан.
© AFP / Dibyangshu Sarkar Полиция кызматкерлери Калькуттадагы (Индия) өкмөткө каршы митингде активист аялды кармап жатышат
Полиция кызматкерлери Калькуттадагы (Индия) өкмөткө каршы митингде активист аялды кармап жатышат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков Караколдо 1-июлда чоң салтанат болуп, шаарга 2022-жылдагы КМШнын маданий борбору макамы берилди. Анда чоң программадагы концерт өттү.
Караколдо 1-июлда чоң салтанат болуп, шаарга 2022-жылдагы КМШнын маданий борбору макамы берилди. Анда чоң программадагы концерт өттү.
© AFP / DALE DE LA REY Кечки Гонконг. Кыздар шаардын фонунда сүрөткө түшүп жатышат.
Кечки Гонконг. Кыздар шаардын фонунда сүрөткө түшүп жатышат.