Президент Садыр Жапаров неберелүү болду

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Yandex newsTelegram
2019-жылы экинчи уулу Рустам үйлөнүп, ата-энесин келиндүү кылган.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров неберелүү болду. Кабарды мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.
Анын айтымында, бир ай мурда президенттин экинчи небере кызы жарык дүйнөгө келип, бир нече күндөн кийин эле уул неберелүү болгон.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт жана Жанайым аттуу уул-кыздарды өстүргөн. Эң чоң уулу Дастан жол кырсыгынан каза болуп калган.
2019-жылы экинчи уулу Рустам үйлөнүп, ата-энесин келиндүү кылган. Бир жылдан кийин жубайлар Саара аттуу кыздуу болушкан. Быйыл жакында эле Рустамдын экинчи кызы төрөлүп, ал эми Ринат уулдуу болуп отурат.
Досрочные выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2021
Шайлоого катышкан. Канайым Айгүл Асанбаева тууралуу кызыктуу фактылар
Жаңылыктар түрмөгү
0