Жер семирткичтин сапатын текшертип алуу керек. Лабораториядагы баа

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЖер семирткичтер. Архив
Жер семирткичтер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
Жазылуу
Агрохимиялык анализдин жыйынтыгы менен кандай минералдык жана органикалык жер семирткичти колдонуу керек экенин билүүгө болот.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги жер семирткичтер менен өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын колдонордон мурда сапатын текшерип алуу маанилүү экенин эске салып, лабораториялык кызматтарды сунуштады.
Кыргызстанда бул иш менен Борбордук жана Оштогу атайын адистештирилген токсикологиялык көзөмөлдөөчү лабораториялар алектенет.
Алардын кызматтары менен баасы:
минералдык жана органоминералдык жер семирткичтердин сапатын аныктоо (бир үлгү) – 1 572 сом;
пестициддердин сапатын аныктоо (бир үлгү) — 1 572 сом;
сууда, топуракта, өсүмдүктө пестициддердин калдыктарын аныктоо (бир үлгү) — 1 572 сом;
топурактын асылдуулугун аныктоо — 1 034 сом.
"Агрохимиялык анализдин жыйынтыгы боюнча элементтердин тартыштыгын белгилөөгө болот. Топурактын асылдуулугун жогорулатуу үчүн кандай минералдык жана органикалык жер семирткичтерди колдонуп, көлөмү канча болушу керектигин анализдин жыйынтыгы менен биле аласыз", — дешти министрликтен.
Лабораторияларга 03222 8-44-33, 0778 828 716, 0500 003 051 номерлери аркылуу байланышса болот.
Буудай жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2022
Пресс-борбор
Айыл чарба тармагын колдоого 26 млрд. сом каралды
Жаңылыктар түрмөгү
0