Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Айыл чарба тармагын колдоого 26 млрд. сом каралды

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүБуудай жыйноо иштери. Архив
Буудай жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2022
Жазылуу
Министрдин айтымына караганда, бөлүнгөн каражатка биринчи иретте минералдык жер семирткич жана үрөн сатып алуу пландалууда.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Быйыл айыл чарба тармагын колдоого 26 миллиард сом караларын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн "Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугу, ирригация, жазгы талаа жумуштарынын жыйынтыгы тууралуу" деп аталган брифингге келген.
Министрдин айтымына караганда, каражаттын 975 миллион сому минералдык жер семирткич алууга жумшалат.
© Sputnik / Жоомарт УраимовМинистр сельского хозяйства Аскарбек Джаныбеков
Министр сельского хозяйства Аскарбек Джаныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2022
"Биринчи партия — 5 миң тонна Кыргызстанга алып келинип, азыраак бөлүгү сатылды. Дыйкан-фермерлерге ыңгайлуу болушу үчүн бааны төмөндөтүү каралууда. Аммиак селитрасынын килограммы темир жол станциясына жакын-алыстыгына карата 37-39 сомдон болмокчу", — деди Жаныбеков.
Министр сугат системасына 1 миллиард 100 миллион сом бөлүнгөндүгүн билдирди.
"Алардын ичинен 630 миллиону пайдаланылды. Бул өлкөдөгү ирригациялык системага кадимкидей таасирин тийгизди. Жыл аягына чейин калган бөлүгү толугу менен колдонулат", — деди ал.
Жаныбековдун айтымына караганда, 1,5 миллиард сом үрөн алууга бөлүнгөн: 670 миллионуна бир топ көлөмдөгүсү сатып алынды.
"Алардын бир бөлүгү жазгы айдап-себүү үчүн каралган, алты тоннага чукулу ташып келинип жана себилди. Келерки жаз үчүн да кампага даярдалып жатат, дагы алты миң үч жүз тонна келет. Кошумча келишимдерди түздүк, күздүк эгин үчүн жогорку түшүмдүү үрөнгө акча которулуп жатат. Бул биздин фермерлердин колундагы үрөнүн жаңыртып алышы үчүн жасалууда", — деди ал.
Мындан сырткары, Жаныбековдун айтымында, "Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү колдоо" долбооруна 10 миллиардга чукул каражат каралган.
"Анын ичинен 500 миллиону мал чарбачылыгынын лизингине, 500 миллиону фермерлердин айыл чарбасы үчүн техника алуусуна, 5 миллиард сом жеңилдетилген финансылоого багытталган. Калган төрт миллиарды фермерлердин сырьёлорун сатып алып иштетүүчүлөр үчүн каралат", — деп түшүндүрдү Жаныбеков.
Ал кеп болуп жаткан 10 миллиард сом фермерлерди колдоого багытталгандыгын айтты. Жаныбековдун билдиргенине таянсак, бул каражатты Айыл чарба министрлиги эмес, арыздарды кабыл алып караган банктар бөлүштүрөт.
Кызылчанын түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Техника, транспорт, механизмдер... КРде былтыр лизингге кандай мүлктөрдү алышкан
Жаңылыктар түрмөгү
0