Сөгүнчөөк, акыл үйрөткүч жана оптимисттер... Күйөрмандардын 7 түрү

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол күйөрманы. Архив
Футбол күйөрманы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Жазылуу
Пандемия башталгандан бери жарытылуу футбол көрө элек кыргызстандыктар бир апта бою жыргашты. Болгондо дагы сүйүктүү командасы эки ирет жеңишке жетип, бир жолу атаандаш менен тең чыкты.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогу — 2023 мелдешине жолдомо алды. Ага чейинки тандап алуу оюндары (F тайпасы) Бишкекте өттү.
Коронавирус пандемиясынан бери Бишкекте мындай беттештерди көрө элек кыргызстандыктар болгон бугу чыккыча күйөрмандык кылышты. Алардын катарында болгон биздин кабарчы күйөрмандарды бир нече топко бөлүп, өз-өзүнчө мүнөздөмө берди.

Демилгечилер

Күйөрмандардын арасында эң позитивдүүлөрү ушул адамдар. Кандай гана сүрөөндөр болбосун дал ушулар баштайт дагы, жалпы стадионду бат эле уу-дуу кылып коюшат. 8-июнь күнү Кыргызстан менен Сингапурдун беттешине өлкө президенти Садыр Жапаров келгенин уккан соң, эл арасынан бир жигит тура калып "Стадион, стадион" деп кыйкырып баштады эле, айланасындагылар аны колдоого алышты. Кызыгы, ары жактагылар туура эмес угуп алып, "Садыр эле Садыр!" деп кыйкыра баштаса болобу. Айтор, кызык болду.
Тегеректегилер унчукпай отуруп калса, улуттук намыска чейин тийип, бат эле духту көтөрүп коюшат. Толкунду дагы, смартфондун жарыгын күйгүзгөндү дагы дал ушул адамдар башташат. Буларсыз футболду кантип көрөт элек билбейм, тунжурап эле отурсак керек.

Голдон башканы көргүсү келбегендер

Бул адамдар жогорудагы топко карама-каршылар. Алар үчүн футболдогу эң негизги нерсе — бул гол. Ага чейинкинин баары кызыксыз. Айланадагыларды "толкун-полкунуңарды коё тургулачы, гол киргизип алалы!" деп урушуп деле коюшат.

Оптимисттер

Бардык нерседен позитив издешет. Гол кирбей калдыбы? Эч нерсе болбойт, эмкиси сөзсүз кирет. Анткен менен сонун чабуулдар, бүйүр кызыткан оюн болуп жатпайбы. Атаандаш менен тең чыгып калдыкпы? Эң сонун! Мурдагысында утулуп деле калбадык беле.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Александр Крестинин эмне үчүн түз эфирде көрсөтүлгөн жок? УТРКнын түшүндүрмөсү

Сөгүнчөөктөр

Негизинен бул топко эркектердин баарын кошуп койсо болот. Чынында бүйүр кызып турганда эмоцияны кармоо оңой эмес. Бирок алардын арасында дагы өзгөчө эмоциялуу адамдар бар. Футболчу топту тебе албай калганда же атаандашка алдырып ийгенде, "ак ит менен кара иттин" улам кирип-чыга берип эси ооп эле калат.

Комментаторлор

Ушул адамдар жок "КТРК Спорттун" күнү кантип өтүп жатты экен дейсиң. Беттеш башталгандан тарта соңуна чейин бир жаагы тынбайт. Ооба, арасында футболду абдан жакшы түшүнгөндөр көп. 90 мүнөт алардын жанында отурсаң, Мирлан Мурзаев жети жыл мурда кайсы бутунан жаракат алганынан тарта Мессинин өспүрүм кездеги диагнозуна чейин билип аласың.

Акыл үйрөткүчтөр

Ушундай адамдар арабызда отурганда Россиядан бери Александр Крестининди чакырып эмне убара болдук деген ой кетет. Оюн талаасында кимдин чарчап калганын, анын ордуна кимди киргизүү керектигин машыктыруучулардан жакшы билишет. "Крестинин, сегизди чыгарып, Мирланды киргиз!", "Гүлжигит, алдыга чурка!" деп кыйкырып атканын уксаң, машыктыруучу чын эле мунун баарын билбей, эмнени карап жүрөт деп ойлойсуң. Баса, булар кайсы оюнчу "карып калганын, футболду ташташы керектигин" жакшы билишет.

Адашкандар

Бул кишилердин, тескерисинче, футболго эч бир тиешеси жок. Жөн гана бирөөнү ээрчип же элдин шары менен келип калгандар. Биринчи тайм аяктаганга чейин атаандашка кол чаап отура бериши мүмкүн. Кыргызстандын командасы кызыл формачан экенин кийин капысынан эле билип калышат. Анысы аз келгенсип "И-ий, дагы жакшы тигилер гол киргизген жок, ураа эле ураа деп ордуман тура калып айланадагылардан таяк жемек экенмин" деп күлүп коюшат.

Духту түшүргүчтөр

Адатта атаандаштар эреже бузганда же калыс тараптан адилетсиз баа берилгенде стадиондогулар нааразычылык билдирип дуулдаган үн чыгарат эмеспи. Бул жазылбаган эреже айрымдар үчүн иштебейт. Алар атаандаштын командасы оюн талаасына жаңы чыккандан баштап, ыгы келсе-келбесе дагы моралдык жактан духун түшүргүсү келе берет.
Кандай болгон күндө да эрегише ойноп, намыс талашып чыккандарды колдоп-коштоп, сүрөп турган адамдардын бары кандай жакшы!..
Футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Ачууга алдырбай, атаандашты сыйлаш керек! Футбол күйөрманынын этикети
Жаңылыктар түрмөгү
0