Александр Крестинин эмне үчүн түз эфирде көрсөтүлгөн жок? УТРКнын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Жазылуу
Сынга матч учурунда машыктыруучунун түз эфирде көрсөтүлбөгөнү себеп болгон.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Социалдык тармактарда "КТРК Спорт" телеканалы, аны менен катар телеканалдын режиссеру сынга алынды.
Улуттук телерадиокорпорациянын курамына кирген бул канал (салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланат) 14-июндагы Кыргызстан — Тажикистан беттешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди атайылап түз эфирде көрсөтпөгөнү тууралуу пикирлер айтылып жатат. Буга телеканалдын режиссеру Элдияр Айылчиевдин социалдык тармактагы комментарийинде: "Мунун баары улуттук кураманын машыктыруучусунун өзүнүн текебердигинен болуп жатат", — деп жазганы себеп болгон.
Телеканал Крестинин түз эфирде атайылып көрсөтүлбөгөнүн четке кагып, өлкөдөгү спорттук иш-чараларды чагылдыруу боюнча өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарып жатканын айтты. Ошондой эле режиссер боюнча анын пикири бүтүндөй телеканалдын позициясын чагылдырбай турганы кошумчаланды.
"Корпорация жетекчилиги режиссердун жоопкерчилиги боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт. Анын жыйынтыгы менен кызматкерге карата мыйзам чегинде административдик чара колдонулат", — деп айтылат билдирүүдө.
УТРК Александр Крестининдин футболго кошуп жаткан чоң салымын сыйлап, колдой турганын билдирди.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Азия Кубогу-2023кө чыгышы менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Жаңы стадион курулат. Садыр Жапаровдун футболчуларды куттуктаган видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0