Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алиев: Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун аяктоо мөөнөтү акчадан көз каранды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Электр станциялары" ААКнын келечектеги өнүгүү жана капиталдык курулуш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ибрагим Алиев
Электр станциялары ААКнын келечектеги өнүгүү жана капиталдык курулуш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ибрагим Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Жазылуу
"Электр станциялары" ААКнын келечектеги өнүгүү жана капиталдык курулуш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ибрагим Алиев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүүгө 1,5 миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдады.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун аяктоо мөөнөтү каражаттан көз каранды. Бул тууралуу Ибрагим Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Алиев: Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун аяктоо мөөнөтү акчадан көз каранды
Анын айтымында, ГЭСтин курулушунун башталышы инвесторлордун кызыгуусун арттырат деген ишеним бар.
"Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдыктар көрүлүүдө. Ал үчүн мамлекеттен 1,5 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүндү. Айрымдар долбоору жок иш башталганын айтышууда. Чынында долбоору жок курулуш иши жүргүзүлбөйт. Бөлүнгөн каражатка ГЭСти куруу үчүн жол, көпүрө, убактылуу курулуштар салынат. Долбоор технологиялык жактан абдан сапаттуу. Анткени жердин геологиясы граниттен турат. Ал аймактагы эң бышык таштардын бири болуп саналат. ГЭСтин курулушу болжол менен алты фаза менен жүргүзүлөт. Даярдык иштерин 2-3,5 жылда бүткөрүү пландалууда. Андан кийин 65 айдын ичинде плотинанын курулушу жүргүзүлөт. Ал эми жалпы курулуштун мөөнөтү 10-12 жыл болот. Бул убакыттын баары азырынча болжолдуу түрдө. Долбоорлоо стадиясында дагы так убакыттар аныкталат. Андан тышкары, инвесторлордун кызыгуусуна, каражаттын бөлүнүшүнө жараша убактысы кыскарышы ыктымал. Кандай болгон күндө дагы иш башталды, эми аны токтотпой жүргүзө берүү зарыл. Камбар-Ата-1 жана 2 ГЭСтери бири-бирин толуктаган долбоор болгондуктан бирөөнүн иши эффективдүү болбойт. Экөө бирдей иштеп баштаса алардын номиналдуу кубаттуулугу суткасына 55 миллион мегаваттка жетет. Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодого чоң салым болот", — деди Алиев.
Ошондой эле ал Камбар-Ата-1 ГЭСинин суу сактагычынын көлөмү 5,5 миллиард куб метрдей болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0