"Эл эмне жейт" кафесиндеги уулануу. Санитардык дарыгер окуянын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүШаурма жасоо. Архив
Шаурма жасоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Жазылуу
Окуучулар шаарга келе жатып, жолдон сэндвич жеген. Кийин аларды чыгарган компанияларга айып салынган.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова майдын башында "Эл эмне жейт" тез татымында болгон уулануунун чоо-жайын айтып берди.
Буга чейин 10 окуучу жана мугалимдин тамакка уулануусуна стафилококк себеп болгону аныкталган.
Есенгулованын айтымында, педагог жана окуучулар шаарга эс алуу үчүн Сокулук районунун Алтын-Пахта айылынан келишкен. Саат 12:00дөр чамасында кафеге кирип, шаурма жеп бир сааттай отурушкан. Андан кийин балдар эки саат кинотеатрда болуп, сейил бакта эс алышкан. Ошол жактан алардын ичи ооруп, кусуп, дене табы көтөрүлө баштаган. Мындай белги баарында байкалып, окуучулар жана мугалим ооруканага жаткырылган.
Санитардык дарыгер Бишкекке келе жатканда окуучуларды салган бус "Фрунзе" гипермаркетине токтоп, "Тойбосс" жана "Kav & Kev" компанияларынын сэндвичтерин сатып алышканын белгилеген.
"Бир кыздын "Эл эмне жейт" тез татымынан шаурма жебегени аныкталды. Бирок ал дагы ууланган. Ошол себептен сэндвич чыгарган эки компаниянын продукциясынан үлгү алынды", — деген Есенгулова.
Жыйынтыгында "Тойбосс" компаниясынын продукциясынан ичеги инфекциясынын тобуна кирген бактерия табылган. Мындан улам компанияга 23 миң сом айып салынган. "Kav & Kev" компаниясынын сэндвичинен да бактерия табылып, аларга 46 миң сом айып тагылган.
Ал эми "Эл эмне жейт" кафеси 41 миң сом айыпка жыгылып, 5-майдан 24-майга чейин жабылган. Материалдар Бишкек ШИИБ менен Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгени, жабыркагандардын баары азыр айыгып чыкканы айтылды.
Сом купюралары жана монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Ош: төрт бир тууган балдар тортун жеп ууланган "Бар бол" ишканасына айып салынды
Жаңылыктар түрмөгү
0