8 эмес 4 жылда ишке кирет. Өкмөт Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча маалыматты өзгөрттү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКамбар-Ата-1 ГЭСи салынчу аймак
Камбар-Ата-1 ГЭСи салынчу аймак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Жазылуу
Аткаруу бийлиги буга чейин ГЭСтин биринчи гидроагрегатын сегиз жылдан соң ишке киргизүү пландалып жатканын маалымдаган.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Өкмөт Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча маалыматын өзгөртүп, ГЭС сегиз жылда эмес, төрт жылда ишке кирерин билдирди.
Буга чейин өкмөттүн маалымат кызматы энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин айтымына таянып, ГЭСтин биринчи гидроагрегатын сегиз жылдан соң ишке киргизүү пландалып жатканын маалымдаган.
Бүгүн аткаруу бийлигинин сайтында ошол эле маалымат оңдолуп, башка мөөнөт жазылып калган.
Камбар-Ата-1 ГЭСи 1 860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,5 миллиард кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Казакстан менен Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышууга кызыгуусун билдирип жатканын айткан.
ГЭСтин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Евразия экономикалык форуму
Токаев: Казакстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга инвестиция салышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0