Бишкектин 2022-жылга бюджети бекиди. Кандай бөлүштүрүлдү?

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Ала-Тоо аянты. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Жазылуу
Муниципалитет кийинки эки жылга карата болжолдуу бюджетти да көрсөттү.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши ордо калаанын 2022-жылга карата бюджетин (киреше, чыгаша) 15 миллиард 22,5 миллион сом өлчөмүндө бекитти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Акча кандай бөлүштүрүлөт:
9,6 миллиард — мэриянын бюджети;
1,4 миллиард — Ленин райондук администрациясына;
1,3 миллиард — Октябрь райадминистрациясына;
1,2 миллиард — Биринчи май райадминистрациясына;
1,3 миллиард — Свердлов райадминистрациясына.
2023-жылга карата киреше менен чыгаша болжол менен 13 миллиард 94 миллион 494 сом болсо, 2024-жылы 13 миллиард 158 миллион 148 миңди түзөт деген божомол бар.
Күмтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Садыр Жапаров Кумтөр жана бюджетке түшкөн киреше тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0