Евразийский экономический форум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Евразия экономикалык форуму
Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө. Ага 15 өлкөдөн 2,5 миңге чукул киши келди. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтүп, өнөр жай, электрондук соода, энергетика, транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча 6 панелдик талкуу болот. Форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Энергетикалык коридор, жүк ташуу, КРге пайдасы... Евразиялык форум тууралуу

© Sputnik / Жоомарт УраимовБүгүн Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум болуп өттү
Бүгүн Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум болуп өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Жазылуу
Бүгүн Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум болуп өттү. 25 өлкөдөн 2 миңден ашык катышуучу келген иш-чарада кандай маселелер каралып, кандай чечимдер кабыл алынганын Sputnik Кыргызстандын макаласынан окуңуз.

Иш-чаранын максаты

Бизнес-коомчулук, илимпоздор, серепчилер жана мамлекеттик органдардын ортосунда диалог түзүүгө жардам берүү негизги максат катары каралды. Форумдун алкагында жөн гана меморандумдар эмес, реалдуу ишке ашчу долбоорлор боюнча 10дон ашык документке кол коюлду.
Ал эми Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун айтымында, ЕАЭБдин негизги милдеттери катары төмөнкүлөр кала бермекчи:
биринчиси — "төрт эркиндикти" камсыз кылуу. Бул товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндиги;
экинчиси — 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын өз убагында ишке ашыруу;
үчүнчүсү – агроөнөр жай жана өнөр жай тармактарында биргелешип иш жүргүзүү;
төртүнчүсү – туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында интеграцияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алгоритмдерин аныктоо.
бешинчиси — Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттары боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү.
© Sputnik / Жоомарт УраимовБүгүн Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум болуп өттү
Евразийский экономический форум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Бүгүн Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум болуп өттү

Улуттук валюта

Форумдагы өтө маанилүү маселелердин бири доллар үстөмдүгүнүн кыскарышы жана улуттук валютанын бекемделиши болду. Россиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач ЕАЭБде бизнес улуттук валютада эсептешүүнү же эсептешпөөнү өзү тандай турганын, бирок улуттук валютага болгон кызыгуу өсүп жатканын кошумчалады.
© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүРоссиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач
Международный экспортный форум Сделано в России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Россиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач
Ал ЕАЭБ азыркы өзгөрүүлөргө даяр экенин белгиледи. Маселен, өткөн жылы улуттук валютадагы эсептешүүлөрдүн үлүшү 74 пайызды түзгөн. Ал эми доллардын үлүшү 2013-жылдан бери 40 пайыздан 19 пайызга кыскарган.
"Улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдүн өсүү темпи жогору. Жөнгө салуучу органдар менен администраторлордон кескин чаралар талап кылынбайт. Рынок ыңгайлуу келишимдерди жана валютаны өзү тандап алат", — деди Вольвач.

Чек ара жана жүк ташуу көйгөйү

Кыргызстан үчүн биримдиктеги көйгөйлүү маселелердин бири — жүктүн сыртка чыгышы. Буга чейин Кыргызстандан сыртка товар ташып бара жаткан автоунаалар Казакстандын чек арасынан өтө албай туруп калган учурлар көп болгон. Казак чек арачылары буга жасалма документтер сыяктуу факторлор себеп болгонун айтып келишет. Бүгүнкү форумда бул маселе дагы көтөрүлүп, Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин транспорт комитетинин төрагасы Самат Гилимов жүк коштоочу документтерди санариптештирүү учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жападан жалгыз жолу экенин айтты. Ал транспорттук документтерди башкаруунун бирдиктүү системасы иштелип чыкканын, жыл соңуна чейин колдонууга берилерин айтты.

Энергетиканын бирдиктүү рыногу

Коңшу Казакстан менен түздөн-түз байланышта болгон дагы бир долбоор — ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туруктуу энергетикалык коридору. Казакстан аймагы аркылуу Россиядан Кыргызстанга түз ток өткөрүүчү линияны куруу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканы белгилүү болду.
Баса, Казакстан, Армения, Беларусь, Кыргызстан жана Россия 2025-жылдын 1-январына чейин улуттук электр энергия рынокторун интеграциялоо аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы электр энергиясынын рыногун түзүүнү пландаштырууда. Процесстин максаттарынын бири — өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарынын балансын сактоо. Кыргыз тарап бул долбоорго кошулууга даяр экенин билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековБизнес-коомчулук, илимпоздор, серепчилер жана мамлекеттик органдардын ортосунда диалог түзүүгө жардам берүү негизги максат катары каралды
Евразийский экономический форум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Бизнес-коомчулук, илимпоздор, серепчилер жана мамлекеттик органдардын ортосунда диалог түзүүгө жардам берүү негизги максат катары каралды

Баалуу кагаздар

Форумда баалуу кагаздар тууралуу дагы сөз болду. Атап айтканда, ЕАЭБ аянтчаларында баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө уруксат берүү боюнча макулдашуу жүрүп жатканы айтылды.
"Азыр бир мамлекеттин брокерлери менен дилерлерин башка өлкөнүн аймагында кабыл алуу, ошондой эле ЕАЭБ аянтчаларында баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө уруксат берүү боюнча макулдашуу иштери жүрүп жатат", — деген Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров.
Мындан сырткары, ЕАЭБдин жалпы каржы рыногу үчүн улуттар аралык жөнгө салуучу органды түзүү аракети жүрүп жатканы белгилүү болду.

Кыргызстан кандай артыкчылык алды?

ЕЭКтин Протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков форумду өткөрүү менен Кыргызстан өз ишкерлерине жакшы шарттарды түзүп бергенин айтты.
Башкача айтканда, кыргызстандык бизнесмендерге тиешелүү адистерге суроолорду түз берип, жооп алууга шарт түзүлдү. Ошондой эле башка өлкөлөрдүн ишкерлери менен таанышууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну баштоого, ЕАЭБдеги өнөр жай кооперациясынын келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк пайда болду.
Мындан тышкары, кыргызстандык жаштар евразиялык интеграциянын күн тартибине тереңирээк сүңгүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевФорумдун алкагында жөн гана меморандумдар эмес, реалдуу ишке ашчу долбоорлор боюнча 10дон ашык документке кол коюлду.
Евразийский экономический форум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Форумдун алкагында жөн гана меморандумдар эмес, реалдуу ишке ашчу долбоорлор боюнча 10дон ашык документке кол коюлду.

Президенттердин жыйынтык сөзү

Иш-чара Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин катышуусунда жолугушуу менен аяктады. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров форумга алыскы чет өлкөлөрдөн адистердин катышышы ЕАЭБдин интеграциялык программалары ийгиликтүү иштеп жатканынан кабар берерин айтты. Ошондой эле ЕЭКке кошумча укуктарды берүү маселесин карап көрүүнү сунуштады. Бирок анын казакстандык кесиптеши Касым-Жомарт Токаев бул уюмга кошумча укук берүү зарылчылыгы азырынча жок деген пикирин айтты. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин евразиялык интеграция азыркы кырдаалга карабай өнүгүшү керектигин билдирди.
Россия лидери Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Евразия экономикалык форуму
Евразиялык экономикалык форумда Путин токтолгон маселелердин урунттуу учурлары
Жаңылыктар түрмөгү
0