Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акматбеков: биринчи жолу Англияга эмгек мигранттары жөнөтүлүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков Англияга жумушка орношуу үчүн 7 000 жаран кайрылганын айтты.
Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору ушул жылдын төрт айында бир топ келишимдерди түздү. Анын алкагында КР жарандарын Англия, Корея, Германия, Финляндия жана Японияга жумушка орноштуруу боюнча документтерге кол коюлууда. Бул тууралуу Кубандык Акматбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Акматбеков: биринчи жолу Англияга эмгек мигранттары жөнөтүлүүдө
Анын айтымында, Англияга жумушка орношуу үчүн жалпысынан жети миң жаран кайрылган.

"Бүгүнкү күндө жумушка орношууну каалаган 700 адамдын талапкерлиги жактырылды, алар жакынкы үч айдын ичинде Англияга учуп кетишет. 19-майда "Достук" мейманканасында мекендештердин биринчи тобун салтанаттуу азем өткөрүп узатабыз. Алар алты айга, сезондук айыл чарба жумуштарына жөнөтүлөт. Ал эми жыл башынан бери 300 адам Кореяга жумушка жөнөтүлдү. Кыргызстан менен Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлигинин ортосундагы ишке орноштурууга уруксат берүү системасы боюнча меморандумга ылайык, Корея квоталык орундардын санын көбөйттү. Алсак, мурда квоталык орундардын саны 700-1300 болсо, быйыл ал 1 800гө жетти. Меморандум 2007-жылы түзүлгөн жана 15 жыл ичинде Кыргызстандан барган беш миңден ашык адам ийгиликтүү иштеп келишкен жана иштеп жатат. Кореяда жумушка орношуу 10-майда башталып, июнь айынын башына чейин созулат. Талапкерлер корей тилин билүү деңгээли боюнча сынак тапшырып, жыйынтыгына жараша кабыл алынат. Кыргызстанды, элин популяризациялоо үчүн атайын корей тилиндеги брошюра иштеп чыктык, эми видеоролик тартууну көздөп жатабыз. Андан тышкары, Кореянын Хамян шаары, Өзгөн району жана Бишкектин ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлган. Буга ылайык, Өзгөндүн тургундары Хамянга барып кыска мөөнөткө айыл чарба жумуштарында иштөөгө мүмкүнчүлүк алды. Бул жерде тил билүү маанилүү эмес. Чет мамлекетке ишке орношкон кыргызстандыктар эмгек келишимин бузбай мыйзам чегинде иштесе, визасы аяктаганда өз убактысында кайтып келсе, келечекте да квоталар көбөйүшү мүмкүн", — деди Акматбеков.

Ал ошондой эле Германиянын EduVisa компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, 18 жаштан 35 жашка чейинки 200 кыргыз жаранын медайымдык кесипке жумушка орноштуруу пландалып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0