Киночуларга ат мингенди үйрөткөн Чокморов. "Жетинчи октогу" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
© Sputnik
Солдон оңго көздөй ат минип турган СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, анын артында учкашкан актриса Дилором Камбарова жана белгилүү советтик актёр Талгат Нигматулин. Бул ирмемдер 1973-жылы Тажикстанда тартылган.
Ал жылы "Өзбекфильм" киностудиясы СССРде алгачкылардан болуп вестерн жанрында "Жетинчи ок" көркөм тасмасын тартып, сүрөттөгү актёрлор катышкан.
Ошол кезеңди кинокартинанын режиссёру Али Хамраев мындайча эскерет:
"Сценарий боюнча башкы каармандын теги орус эле, фамилиясы Максимов болчу, аны Максумов деп алмаштырып башкы ролго Сүймөнкулду сунуштап, сценарий атайын ага ыңгайлаштырып өзгөртүлгөн. Көркөм кеңеш дароо колдоп берген. Кино тартуучу топ — мейманканада, Сүймөнкул экөөбүз жер тамда жашадык. Кечинде салкын түшкөндө короодогу жүзүмдүн астында тапчанда жатып алып түнү менен искусство, живопись жана кино жөнүндө сүйлөшөр элек. Абдан таланттуу жана көп кырдуу инсан болчу. Эртең менен туруп жанындагы дарыяга чейин жүгүрчүбүз. Сүймөнкул бардык жагынан төп келген чыныгы жигит болчу. Мага ат мингенди Чокморов үйрөттү. Кино тартылчу жерге чейин бир нече чакырым чаап барчубуз. Айрым трюктарды өзү аткарган. Жубайы Салима, уулу Бактыгул кошо келген. Бактыгул менен азыркыга чейин кабарлашып турам", — деди Хамраев.
"Жетинчи окто" Хамза Умаров, Нурмухан Жантурин, Болот Бейшеналиев, Мелис Абзалов, Бахтияр Ихтияров, Анвара Алимова, Хикмат Гулямов, Улугбек Абдуллаев, Иногам Адылов, Раджаб Адашев, Уткур Ходжаев, Азат Шарипов, Жавлон Хамраев, Жамал Хашимов, Турсун Иминов, Умар Шерали өңдүү советтик чыгармачыл инсандар образ жараткан.
Басмачылар жөнүндөгү кинокартинаны бир айда тартып бүтүп, ошол эле жылы Советтер Союзунда тартылган алгачкы вестерн катары көрүүчүлөргө сунушталып, кинофильмди биринчи жылы эле 22,5 миллион адам көргөн.
Тема боюнча:
Уулуна комуз үйрөткөн Эстебес Турсуналиев. Төкмө акындын таберик сүрөтү
Болот Миңжылкыев менен Рейна Чокоева. Кыргызга сыймык жубайлардын таберик сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0