https://sputnik.kg/20220518/chokmorov-nigmatulin-zhetinchi-ok-tasma-taberik-surot-1064497686.html
Киночуларга ат мингенди үйрөткөн Чокморов. "Жетинчи октогу" таберик сүрөт
Киночуларга ат мингенди үйрөткөн Чокморов. "Жетинчи октогу" таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат. 18.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-18T14:31+0600
2022-05-18T14:31+0600
2022-05-23T09:25+0600
кыргызстан
сүймөнкул чокморов
талгат нигматулин
таберик сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e6/05/12/1064497622_0:210:2519:1627_1920x0_80_0_0_ba10d30d9f6bf1668a0101da90c07b89.jpg
© SputnikСолдон оңго көздөй ат минип турган СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, анын артында учкашкан актриса Дилором Камбарова жана белгилүү советтик актёр Талгат Нигматулин. Бул ирмемдер 1973-жылы Тажикстанда тартылган.Ал жылы "Өзбекфильм" киностудиясы СССРде алгачкылардан болуп вестерн жанрында "Жетинчи ок" көркөм тасмасын тартып, сүрөттөгү актёрлор катышкан.Ошол кезеңди кинокартинанын режиссёру Али Хамраев мындайча эскерет:"Жетинчи окто" Хамза Умаров, Нурмухан Жантурин, Болот Бейшеналиев, Мелис Абзалов, Бахтияр Ихтияров, Анвара Алимова, Хикмат Гулямов, Улугбек Абдуллаев, Иногам Адылов, Раджаб Адашев, Уткур Ходжаев, Азат Шарипов, Жавлон Хамраев, Жамал Хашимов, Турсун Иминов, Умар Шерали өңдүү советтик чыгармачыл инсандар образ жараткан.Басмачылар жөнүндөгү кинокартинаны бир айда тартып бүтүп, ошол эле жылы Советтер Союзунда тартылган алгачкы вестерн катары көрүүчүлөргө сунушталып, кинофильмди биринчи жылы эле 22,5 миллион адам көргөн.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/12/1064497622_0:0:2519:1890_1920x0_80_0_0_0322bb53720a2ccfbe325abb9de0b8fc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
кыргызстан, сүймөнкул чокморов, талгат нигматулин, таберик сүрөт, инфографика
кыргызстан, сүймөнкул чокморов, талгат нигматулин, таберик сүрөт, инфографика
Киночуларга ат мингенди үйрөткөн Чокморов. "Жетинчи октогу" таберик сүрөт
14:31 18.05.2022 (Жаңыртылды: 09:25 23.05.2022) Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Солдон оңго көздөй ат минип турган СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, анын артында учкашкан актриса Дилором Камбарова жана белгилүү советтик актёр Талгат Нигматулин. Бул ирмемдер 1973-жылы Тажикстанда тартылган.
Ал жылы "Өзбекфильм" киностудиясы СССРде алгачкылардан болуп вестерн жанрында "Жетинчи ок" көркөм тасмасын тартып, сүрөттөгү актёрлор катышкан.
Ошол кезеңди кинокартинанын режиссёру Али Хамраев мындайча эскерет:
"Сценарий боюнча башкы каармандын теги орус эле, фамилиясы Максимов болчу, аны Максумов деп алмаштырып башкы ролго Сүймөнкулду сунуштап, сценарий атайын ага ыңгайлаштырып өзгөртүлгөн. Көркөм кеңеш дароо колдоп берген. Кино тартуучу топ — мейманканада, Сүймөнкул экөөбүз жер тамда жашадык. Кечинде салкын түшкөндө короодогу жүзүмдүн астында тапчанда жатып алып түнү менен искусство, живопись жана кино жөнүндө сүйлөшөр элек. Абдан таланттуу жана көп кырдуу инсан болчу. Эртең менен туруп жанындагы дарыяга чейин жүгүрчүбүз. Сүймөнкул бардык жагынан төп келген чыныгы жигит болчу. Мага ат мингенди Чокморов үйрөттү. Кино тартылчу жерге чейин бир нече чакырым чаап барчубуз. Айрым трюктарды өзү аткарган. Жубайы Салима, уулу Бактыгул кошо келген. Бактыгул менен азыркыга чейин кабарлашып турам", — деди Хамраев.
"Жетинчи окто" Хамза Умаров, Нурмухан Жантурин, Болот Бейшеналиев, Мелис Абзалов, Бахтияр Ихтияров, Анвара Алимова, Хикмат Гулямов, Улугбек Абдуллаев, Иногам Адылов, Раджаб Адашев, Уткур Ходжаев, Азат Шарипов, Жавлон Хамраев, Жамал Хашимов, Турсун Иминов, Умар Шерали өңдүү советтик чыгармачыл инсандар образ жараткан.
Басмачылар жөнүндөгү кинокартинаны бир айда тартып бүтүп, ошол эле жылы Советтер Союзунда тартылган алгачкы вестерн катары көрүүчүлөргө сунушталып, кинофильмди биринчи жылы эле 22,5 миллион адам көргөн.