Садыр Жапаров Дача СУда Боинг кулаган кырсык боюнча комиссия түздү. Курамы

© Sputnik / Табылды КадырбековДача-Су айылында кулаган жүк ташуучу Боинг-747 самолету. Архив
Дача-Су айылында кулаган жүк ташуучу Боинг-747 самолету. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2022
Жазылуу
Комиссияга коомдук ишмер, саясатчы жана мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов төрага болгон.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жарлык чыгарып, Чүй облусунун Сокулук районунун Дача СУ айылында мындан беш жыл мурда жүк ташуучу Боинг-747 самолету кулаган авиациялык кырсыктын себептерин изилдөө боюнча коомдук комиссия түздү.
Комиссия туурасында ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Коомдук комиссияга коомдук ишмер, саясатчы жана мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов төрага болгон.
Президент 2017-жылдын 16-январынын таңында Чүй облусунун Сокулук районунун Дача СУ айылына Боинг-747 жүк ташуучу самолету кулагандыгын эске салды. Анын кесепетинен Кыргызстандын жарандары – айылдын 35 тургуну жана Түркиянын жарандары – экипаждын 4 мүчөсү каза болгон. Расмий версия боюнча, Стамбул шаарына (Түркия) учуп бара жаткан самолет май куюу үчүн "Манас" аэропортуна багыт алган. Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) авиациялык кырсыктарды иликтөө комиссиясы Дача СУдагы авиациялык кыйроону иликтөөнүн натыйжалары боюнча бүткөн отчетун үч жылдан кийин, 2020-жылдын февралында жарыялаган. Учкучтардын кетирген катасы – кыйроонун башкы себеби деп аталган.
"... Дача СУдагы кайгылуу окуядан беш жыл өткөндөн кийин деле самолеттун кулашына ким күнөөлүү, жүк кимге таандык болгон жана жабыр тарткандарга жардам катары чогултулган акчалар кандай бөлүштүрүлгөн деген суроолор жоопсуз калууда. Авиациялык кыйроонун себептерин жана шарттарын көз карандысыз жана ар тараптуу изилдөө, Дача СУ айылынын тургундарынын проблемаларын комплекстүү чечүү үчүн сунуштарды даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам", — деп жазып, алты пунктуну да белгилеп, тизмектеген.
Алар:
2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районунун Дача СУ айылында Боинг-747 жүк ташуучу самолету менен болгон авиациялык кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссия (мындан ары – коомдук комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн;
Коомдук комиссияга төмөнкүлөр сунушталсын:
– коомдук комиссиянын ишинин регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү;
– өзүнүн иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына мезгил-мезгили менен маалымдап туруу;
Коомдук комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын кырдаалдык борборуна жүктөлсүн;
Президенттин администрациясы, президенттин иш башкармасы, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги, министрликтер, административдик ведомстволор, Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы жана президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ушул жарлыктын 1-пунктун ишке ашырууда коомдук комиссияга ар тараптуу көмөк көрсөтсүн, коомдук комиссиянын суроо-талабы боюнча анын иши үчүн зарыл болгон бардык материалдарды жана документтерди ыкчам тартипте берип турсун;
Коомдук комиссия иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана жарандарды ишке тартууга укуктуу деп белгиленсин;
Коомдук комиссия 2022-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө авиациялык кыйроого алып келген жагдайлар, себептер жана шарттар жөнүндө корутундуну жана Дача-СУ айылынын тургундарынын проблемаларын комплекстүү чечүү боюнча сунуштарды берсин;
Бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлсүн.
Коомдук комиссиянын курамы:
Гүлшайыр Абдирасулова, укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
Дилбар Алимова, журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);
Бекзат Алимов, "Эйр Манас" авиакомпаниясынын жердеги кызматынын жана каргонун директору (макулдашуу боюнча);
Элнура Алканова, "Ачык маалымат фонду" коомдук фондунун башкармасынын төрагасы;
Мавлян Аскарбеков, жарандык активист (макулдашуу боюнча);
Кубатбек Боронов, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
Кайрат Кенжебай уулу, "Стоп Беспредел" маалыматтык сайтынын башкы редактору (макулдашуу боюнча);
Кубанычбек Култаев, адвокат, милициянын отставкадагы полковниги (макулдашуу боюнча);
Тимур Махмудов, жарандык активист (макулдашуу боюнча);
Динара Ошурахунова, укук коргоочу (макулдашуу боюнча)
Мухаммедали (Али) Токтакунов, журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);
Нурбек Токтакунов, укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
Адиль Турдукулов, журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);
Бактыбек Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын экс-депутаты (макулдашуу боюнча);
Эркингүл Убышева, укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
Самсаалы Четимбаев, жарандык активист (макулдашуу боюнча).
Дача-СУдагы авиакырсыктын анык себеби - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2021
39 кишинин өлүмүнө ким күнөөлүү? Дача СУдагы авиакырсыктын анык себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0