Бишкекте 1-майдан 9-майга чейин өтө турган иш-чаралар. Тизме

© Sputnik / Акылбек БатырбековПарк "Ынтымак-2". Архивдик сүрөт
Парк Ынтымак-2. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Жазылуу
Программага ылайык, бардык иш-чара "Ынтымак-2" сейил багында кечки саат 18:00дө башталат.
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 1-майдан 9-майга чейин өтө турчу иш-чаралардын тизмесин сунуштады.
Программага ылайык, бардык иш-чара "Ынтымак-2" сейил багында кечки саат 18:00дө башталат.
1-2-май — Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки;
3-май — Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры;
4-май — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы;
5-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы;
6-7-май — "Манас" кыргыз улуттук театры;
8-май — Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры;
9-май күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры концерттик программаларды уюштуруп өткөрөт.
Мындан сырткары, аймактардагы театр, оюн-зоок мекемелери жана маданият үйлөрү 1-3-5-7-9-май күндөрү эс алуу жайларында, парктарда концерттик программаларды, көркөм окууларды, аймактан чыккан көрүнүктүү чыгармачыл ишмерлер менен жолугушууларды уюштура турганы кошумчаланды.
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Милиция май майрамдарында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Жаңылыктар түрмөгү
0