Көп айлык алганыбыз менен санааркап да турабыз. Мугалимдин күндөлүгү

© Sputnik / Табылды КадырбековМектептеги сабак берип жаткан мугалим. Архив
Мектептеги сабак берип жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Жазылуу
Бүгүн мугалимдин алган маянасы көтөрүлдү. Муну менен катар коомчулуктун мамилеси да жакшырып, окутуучунун баркы көтөрүлөт деген үмүттөбүз. Бул үчүн педагогдор өзүлөрү да изденип, болгон билимин окуучусуна берүүгө, мыктылыгы менен үлгү болууга далалат жасашы керек.
Sputnik Кыргызстан редакциясы окутуучулардын үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштайт. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Колдон келсе ата-эне менен мугалим бир алкакта иштешкени оң. Анткени тилеги, миссиясы бир. Эртеңибизди тапшырчу балдарыбыз дал ушул кесип ээлеринин колунан тарбияланып чыгары шексиз. Бул сапар Жалал-Абад облусуна караштуу орто мектептердин биринде иштеген мугалимдин күндөлүгүн сунуштайбыз.
... "Кутман таң! Саламатсыңарбы, балдар!", "Саламатсызбы, эжеке!". Жадыраган көздөр, жылмайган жүздөр. Бул дүйнөдө балдардын таза, тунук сүйүүсүнөн өткөн эмне байлык бар деп ойлонуп алып даярданган сабагымды өтө баштадым. Ар бирине суроо берүү, алар менен пикир алмашуу менен 45 мүнөт кантип өтүп кеткенин билбей каласың. Дайыма эсимде калганы эле дүйшөмбү күн. Анан жумуш, үй жана башка толтура пландарды аткарып жүрүп эле бир жума билинбей өтүп кетет. 13 жылдык эмгек стажымдын башынан бери эле ушундай, убакыттын зымырап учканы билинбеген турмушта опурап-топурап эле келе жатабыз.
Ооба, эң биринчи жумушка киргенде мен үчүн биринчи орунда маяна болгон эмес. Айлыктын аздыгына карабай көңүлүм сүйгөн ишимди жан дилим менен аткарып жүрдүм. Андан бери канча жыл өттү. Аябай чоң айлык көтөрүлгөнү эки жолу болду. Эми мына, быйыл үчүнчү жолу айлык көтөрүлүп жатат. Телевизор, радио, социалдык тармактар баары эле мугалимдин айлыгы 80 пайызга көтөрүлөт деген жаңылыкты шакылдап айтып жатышты. Бирок акырына чейин чындап канча айлык колума тиерин билбедим. Мугалимдин баары эле ушул. "Эл айткандай 40-50 миң сом айлык алабызбы? Айлык көбөйгөндө көйгөй көбөйбөйбү?" деп чочулап да жаттык. Анткени бир жагынан алганыбызды экинчи жагынан чыгарып алмайыбыз да бар эмеспи. Толуп жаткан кагаздар кыскартылды деп укканбыз. Бирок андан дайын жок. Баягы эле жумуштарды аткарып жүрөбүз. Кесиптештер "айлык көбөйдү дегенден бери апрель айы бүтпөй койду" деген тамашаларды да айтып жатышты. Кызуу талкуудагы чети көрүнбөгөн айлыктын көбөйүүсү, колубузга тийгенче далай ирет толгонуп, далай ирет ойлондук. Иши кылып бул биз үчүн бир башкача күтүү болду. Ишенип-ишенбей жүрдүк. Аныбыздын да жөнү бар. Анткени педагогдордун маянасынын мындай эки эсе көтөрүлгөнү алгач ирет болуп жатса керек. Ал ортодо интернеттен жетекчи айымдын "айлык алып жатканда видеого тартып ыраазычылык билдиргиле" деген видеосун көрүп да аң-таң болдук. Бул мени ойлондурбай койгон жок. Чынында бир чети ачуум да келди.
Мугалим. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Мугалимдин күндөлүгү. "Кайырчысыңарбы?" деген сөз жүрөгүмө тикен болду
Маңдай терибиз менен иштеп тапкан акчабызга да рахмат айтабызбы. Буга чейин социалдык керектөө минимумунан аз акча алып жүргөнүбүздө деле чыдап келдик эле го. Кээде ушундай көңүл чөгөргөн кыйыр басынтууларды байкабай койбойсуң. Башкысы, мугалимдин эмгеги туура бааланса болду.
"Үч ай көтөрүлгөн айлык аласыңар. Бирок жайкы эмгек өргүүгө мурунку март, февраль айында алган айлыгыңар менен чыгасыңар" деген эскертүүлөр дагы келе баштады. "Айлыгыңар көбөйдү" деген шылтоо менен дагы эмнелер чыгат болду экен? Буга баарыбыз кулак түрүп турабыз. Ичибизден сүйүнгөнүбүз менен баарыбызда кандайдыр бир тынчсыздануу бар. Ооба, өз кесибин сүйгөн адам үчүн акча кийинки орунда дегим келет. Бирок кымбатчылык кекиртектен алып турганда бул жөн гана пафос болуп калат. Анткени мүмкүнчүлүгүң болсо бир эмес, дагы башка жерде да иштегенге мажбур болосуң. Айтпаса да белгилүү болгондой, азыр 250 сомдук бир таңгак кагаз 650 сом болду. Башка күнүмдүк жашоого керектүү нерселерди эске албай эле туралы.
Негизи маяна убагында көтөрүлдү деп ойлойм. Анткени мурунку акчага бүгүн жашоо мүмкүн болбой бара жаткан. Акыры шаардагы каржалган айрым мугалимдер башка иш караштырууга мажбур болмок.
Ушу тапта коомчулуктун көзү мугалимдин чөнтөгүндө болуп жатат. Эми кесиптештериме айтарым, биз дагы жакшы иштеп, балдарга билимибизди бере берели. Изденели, чамдайлы!
Мугалимдин журналы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2022
Педагогдор эксперимент жасоочу чычканбызбы? Мугалимдин күндөлүгү
Жаңылыктар түрмөгү
0