00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как Пакт Рериха может спасти культуру в XXI веке — разговор о главном
08:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл 1-2-класска бара турган балдар үчүн республика боюнча жалпы 365 миң 906 орун камсыздалды
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Муниципальная земля: узаконить или освободить?
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Пенсиядагы офицерлер коомдон четтеп калууда. Билими өлкө пайдаланылып, материалдык колдоолор да болсо
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Легализация без права на продажу: что нужно знать владельцам машин в КР
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
“Жашыл Мурас” өнөктүгү башталганына 3 жыл болду - Коюлган максаттардын канчасы ишке ашты?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
478 миң адам сынак тапшырып, 81 миң киши өттү. Айдоочулук күбөлүк алуунун жол-жобосу
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Зима без ЧП: как Бишкек пережил отопительный сезон и к чему готовится
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Педагогдор эксперимент жасоочу чычканбызбы? Мугалимдин күндөлүгү

© Sputnik / Табылды КадырбековМугалимдин журналы. Архив
Мугалимдин журналы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан мугалимдердин үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштайт. Ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди окурман менен ой бөлүшө алат.
Биз мугалимдин бүгүнкү абалына көз жумуп койгонубуз – келечегибизге кол шилтеген менен барабар. Анткени эртеңибизди тапшырчу балдарыбыз дал ушул кесип ээлеринин колунан тарбияланып чыгары шексиз.
Бул сапар Токтогул районунун орто мектептеринин биринде иштеген мугалимдин күндөлүгүн сунуштайбыз.
... Мугалим — деген ким? Бул суроону өзүмө көп жолу бердим. Акыркы убакта мугалим жогорку жактагы башкаруучулардын ойлорун бир минутада ишке ашырышы керек болгон адамга айлангандай. Ооба, кээде быша элек, кереги жок маселенин айланасындагы иштердин баарын бизге тапшырма катары аткарууга беришет. Иш жүрүп жатканын "көргөзүүгө" аракет кылгандай болбогон шарттуулуктун эмне кереги бар деп да ойлонуп кетем. Кээде толтуруп жаткан баш оорутма кагаздарды карап, ушунун билим берүүгө кандай пайдасы тиет деп суроо салам.
Жогору жактагы бирөө-жарым деле тапырап жазган ишибизди үңүлүп окуп отурбаса керек. Эх, андан көрө мугалимдин жеке изденүүсүнө убакыт берип, элеттеги эже-агайларды өстүрүүгө күч жумшашса эмне? Шаарда билбейм, айыл жеринде мугалимдин билимин, квалификациясын жогорулатуучу окутуулар, докладдар, жаңычылдыкты үйрөткөн семинарлар жокко эсе. Мындай мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү зарыл эле.
Байкуш мугалим айрым тапшырмаларды түшүнгөнүнө жараша эптештирет. Биз эксперимент жасап көрүү үчүн колдонулган "чычкандын" да ролун аткарып кетебиз.
Ооба мугалимдердин ой жүгүртүүсү өзгөчө. Бирок мугалим жаңы нерсени үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек да. Аны ким түзүп берет. Мугалим өзү издениши зарыл. Качан? Кайсы убакта? Тапшырманын көптүгүнөн мугалимдин жашоосун поезддин алдына түшүп алып чуркап бара жаткан адамга окшоштурам.
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Оозумду ачырган окуучу, ойлондурган кымбатчылык. Мугалимдин күндөлүгү
Ар ким өз жумушун мыкты аткаргысы келет. "Башка, ашыкча нерсеге көңүл бурбасам эң мыкты, чыгармачыл ой жүгүртүүгө өбөлгө түзүлгөн сабактарды өтмөкмүн" деп кыялданып жүргөндөр да бар.
Бир кесиптешимдин эч эле көңүлү көтөрүлбөйт. Дайыма колунда кагаз, ноутбук. Качан көрбө, бир нерсени эле жазып жаткан. "Эмне жазып жатасың?" деген суроомо ойлоно турган жооп алдым.
"Аягына чейин толук түшүндүрбөгөн маалыматтар базасы бар. Мунун иши бир жыл бою да бүтпөйт. Толук дагы түшүнбөйм, сурасам эч кимден так жооп жок. Өзүм билгендей толтурсам дайыма уруш угам. Жасаганым үчүн бир сом төлөнсө жакшы го. Көзүмдүн майы кетип, таппай жатып үч саат жасаганда укканым: "бир саатта бүтө турган ишти жумалап жасайсыңар, страх потеряли?!" деген сөз болду. Ыйлагым келет. Бир жолу дагы кантип толтурууну окуткан жок. Кыска бир видеолорду көрсөтүп коюшат. Аны көрүп, жазып, аткарып аракет кылганыңды эч ким билбейт. Бааланбайт. Менин убактым ашып жаткан жок да. "Жазасыңбы?" деп бир ооз сурабай туруп, информатика мугалими болгонум үчүн мажбурлап коюшту. Мен го аракет кылып жасап жатам. Бул базаны түшүнбөгөн кээ бир мугалимдер башкаларга акча берип бүтүрүшөт. Ошолор да таң калтырат", — деди.
Ал айтып жаткан маалыматтар базасына окуучулар эле эмес, мугалимдердин, мектептин дареги, мектепке караган көчөлөр, инфраструктуранын баары камтылышы керек. "Маалыматты эч кимге жөнөтпөйм" деп да кол коюп берет. Эң кызыгы — базаны кантип толтуруу керектиги тууралуу эч кандай окутуулар, инструкциялар өтүлгөн эмес. Анан да күйгүзүп, бир сом акча төлөнбөйт.
Жөнөкөй мугалимдердин ушинтип азап тартаарын базаны ойлоп тапкан адамдар билеби? Кабары да жок болсо керек.
Базанын иши менен отурган мугалимдин башкы вазыйпасы — балдарга сабак өтүү жагы калып жатпайбы. Жебеген самсага пул төлөткөндү качан токтотобуз? Мугалимдин да үй-бүлөсү бар. Ал да эс алууга укуктуу. Мугалим өзүн-өзү өнүктүрүшүнө качан мүмкүнчүлүк түзүлөт? Аягы көрүнбөгөн суроолор...
Мугалим. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Мугалимдин күндөлүгү. "Кайырчысыңарбы?" деген сөз жүрөгүмө тикен болду
Жаңылыктар түрмөгү
0