Мугалимдин күндөлүгү. "Кайырчысыңарбы?" деген сөз жүрөгүмө тикен болду

© Саид ЦарнаевМугалим. Иллюстративдик сүрөт
Мугалим. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Жазылуу
"Мугалим — мөмөлүү дарак" дейбиз. Учурда кадырын кетирип, чүнчүтүп алган жокпузбу? Бүгүн мугалимдин кенедей маянасы, жаш баладан сөгүү жесе да коомдун тепкисинде калып жатканы сизди ойлондурдубу?
Sputnik Кыргызстан редакциясы мугалимдердин үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштайт. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Мугалимдин бүгүнкү абалына көз жумуп коюу келечекке кол шилтөө менен барабар. Анткени эртеңибизди тапшырчу балдарыбыз дал ушул кесип ээлеринин колунан тарбияланып чыгат.
Рубрикабызды борбор шаарыбыздын мектептеринин биринде кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген мугалим Жазгүл Турганованын күндөлүгү менен ачабыз.
... Бүгүн демейдегиден башкача күн болду. Таң эрте башталган иш күнүм мектептин кире беришине жеткенде эле маанай чөгүү менен коштолорун сезгенсидим.
Сабак башталардан жарым саат эрте келүүгө милдеттүү экенимди эскертип, жыбыраган окуучулардын көзүнчө кайра-кайра айтып тилдеген завучтун үнүн ээрчите класска кирдим. Окуучулардын ишеним толгон көз караштарынан кадимкидей кубаттана түштүм. Биринчи сабагым 7-класста эле. Баары жөнөкөй балдар. Мага бул класстагы окуучулардын ушул жөнөкөйлүгү жагат. Анткорлонушпайт, кууланышпайт, сынашпайт. Жөн гана мени түшүнүүгө аракет кылган окуучуларым бар. Азыркы күндө мындай балдарды издеп таппайсың. Кээде ичим элжиреп жакшы көрүп кеткенде жанымда отургандарынын маңдайынан сылап эркелетип коём.
Эмнегедир бул класстын окуучуларына кандай тема болбосун оңой түшүндүрөм, баарын тез жана туура кабыл алышат.
Биринчи сабак бүткөн соң завучтун кабинетине кирип, эртең менен сабак башталгыча жарым саатка эрте келбегенимдин себебин колумдан келишинче түшүндүргөнгө аракет кылдым. Бирок түшүнөр түрү жок. Тил уктум. Бирок кандай кылсам да антип эрте келе албайт элем. Анткени мен да энемин, кичинекейимди бала бакчага, андан улууларын мектепке жеткиришим керек.
Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2019
"Для галочки" окубагыла, жаштар! Мойнунан байлаган иттей болосуңар
...Кийинки сабакта чөнтөк телефонума келген билдирүүлөрдү ачып карай баштадым. Уулум окуган класстын ата-энелери катталган Whatsapp тайпасына жаңы билдирүү түшүптүр. Анда өзүн укук коргоочу катары тааныштырган ата-энелердин бири мугалимди телефондон ашата тилдеп, абийирин төккөн экен. Кудай бетин салбасын, укук коргоочунун суук сөздөрүнөн төбө чачым тик турду. Мугалимди мектептин кароолчу менен пол жуугучтары үчүн чогулткан акчасы үчүн тилдеп, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатат. Берки байкуш мугалим апкаарып, үнү каргылданат. Ал кесиптешимди жакшы түшүнөм.
Видеону көргөн соң маанайым чөгүп, "мугалимдер кайырчысыңарбы?" деген сөзү кулагыма жаңырып, каңырыгым түтөдү.
Далиске чыкканымда алдымдан жашы элүүнү таяп калган пол жууган эже чыкты. Бир колунда суу толгон чакасын, экинчи колуна швабрасын кармап кыйшая басып өтүп кетти. Азыр эле анын сүртүп кеткен жерин басып бара жатып, өзүмдү ушул арык чырай, улгайган эженин алдында абдан күнөөлүү сездим. Бул эженин маянасы канча сом экенин да билем. Ошол кенедей акчага кара жанын карч уруп иштеп жүргөн эжени ичимден аяп турдум. Кенедей акчага жыргаган киши иштейби? Бул да бир бечара эмеспи.
Чынында убактысын, энергиясын коротуп кудум кайырчыдай акча сураган мугалим ата-энеге жагабы? Мамлекет системаны оңдоп, техникалык персоналдын маянасын көтөрүп, кол жайып отурганыбызды токтотпосо биздин коомго жаман көрүнгөнүбүз көрүнгөн.
Капырай, пол жууган эжени аяп түшүнүп турган мен бар экенмин. А мага окшогон, керээлден-кечке мектептен кетпей окуучуларын окутуп, ар бирине үйрүлүп түшүп, түшүнүп, өзүнүн жеке турмушундагы кем-карчысы аз келгенсип додолонгон кагаздарды, отчётторду жазып, жанталаша эмгектенген мугалимди түшүнүп, аяган бирөө-жарым бар бекен? "Ушул адамдардан болочок муунубуз билим алып жатат. Келечегибизге жол ушул ак мектептен башталат, мугалимдерди сыйлайлы" деп ой жүгүрткөн бирөөлөр бар болду бекен? Жанагы опурулуп-жапырылып, мугалимди кайырчы, элдин тапкан-ташыганын талап-тоногон коррупционер, коомдун нагыз душманы кылып көрсөтүп жаткан укук коргоочу өзү каяктан чыкты болду экен? Билимди каяктан, кимден алды экен?" — деген суроолорумду кимдир бирөөгө бергим келди. Бирок ээсин таппадым.
Өкүнүчтүүсү — агартуучу мугалимди сыйлабаган коом, муун өсүп келе жатат. Коомчулуктун мугалимге болгон мамилесинен улам өсүп келе жаткан жаш окутуучулар коомго, өзүнүн ишине кайдыгер карап калары шексиз. Бул ойлор жан дүйнөмдү эзип, ойлорумду топондой сапырып салды. Чар-жайыт суроолорум менен кийинки класска бет алдым. Киргенимде эле көзгө урунганы класстын чаң баскан полу болду. Ар бир классты күнүгө эки маал жуугансышат. Эки кабат заңкайган мектепте 1500дөн ашуун окуучу окуйт. Бирок пол жууган эжекелер жетишпейт, ооба, кенедей маянага ким келип жанын кыйнагысы келсин.
…Мен да мугалимдин үйүндө төрөлүп өскөм. Бала чакта окутуучуларыбыз ата-энебизден кийинки эле адам болчу. Эже-агайларыбыздын жаман сөзүн мындай кой, көз карашынан жалтайлап турар элек. Мугалимибиз биздин терс жактарыбызды ата-энебизге айтпаса экен деп кыпылдап турчубуз. Насаатчыбыз, жол көрсөтүүчүбүз, сырдашыбыз, сыйлоочубуз ошол адам эле. Баланын күнөөсү үчүн окуучу гана эмес, ата-энеси да абдан уялчу.
Жанымды эзген ойлордун туткунуна түшкөн бойдон иш күнүмдү аяктадым.
Эртең жакшы күн болот деген үмүттөмүн...
Мектеп психологу Сажира Абдыкаимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Балдар психологу: азыр окуучуга эле эмес, мугалимге да күчтүү психолог керек
Жумуш ордундагы аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
"Барымтадагы" балалык кыял, бактысыз коом. Адам кесипти тандайбы же кесип адамдыбы
Жаңылыктар түрмөгү
0