Молдовадагы "экинчи фронт". Приднестровьеде чыр чыгышына ким кызыкдар?

© Фото / Пресс-центр МВД ПМР / Медиабанкка өтүүПриднестровье шаарындагы полиция кызматкери
Приднестровье шаарындагы полиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Жазылуу
Приднестровьеде токтоп турган конфликт НАТОнун Чыгышты көздөй кеңейишине тоскоолдук жаратууда. Украинадагы кырдаал АКШга Молдованы жарандык согуштун жана альянстын "тынчтык орнотуучу" зонасына айлантууга ыңгайлуу болуп турат.
Киев режими Вашингтондун айдагы менен Тирасполго аскер жөнөтүүгө даяр, Украина Куралдуу күчтөрү үчүн чек арадан эки чакырым алыс жайгашкан Колбасна айылынын түштүк тарабындагы арсенал абдан маанилүү. Бул Европадагы эң ири арсенал болуп саналат. Ага ээлик кылууга Днестрдин сол жээгинде жайгашкан Россиянын 3 000дей тынчтык орнотуучусу, 7 000дей жоокери жана 400 миңге чукул россиялык тургун жолтоо болуп жатат. Москва "өнөктөштөрдүн" Украина менен Молдовадагы аракетине дыкат көз салып, "экинчи фронт" пайда боло турган болсо дароо реакция жасоого даяр турат дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
26-апрелдеги Тирасполдогу бир катар жардыруу, Приднестровьенин борборунун жака-белинде жайгашкан аэродромго жасалган чабуул жана кечээ Колбасна айылынын аймагындагы атышуудан кийин 15 күнгө террордук кооптуулуктун "кызыл" деңгээли жарыяланды. Региондо блокпосттор коюлуп, фортификациялык түзүлүштөр орнотулду. Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипке өтүп, 9-майда Жеңиш күнүнө карата аскердик парад болбой турган болду. Приднестровьенин билим берүүчү жайлары окуу жылынын аягына чейин аралыктан окууга өттү.
Эки күнгө созулган тышкы күчтөрдүн террордук активдүүлүгүнөн эч ким жабыр тарткан жок. Приднестровье Молдова Республикасынын (ПМР) Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин имараты, аскер бөлүк менен аэродромдогу объектилер зыянга учурап, "Маяк" радиоборборунун (Украина чек арасынан 12 км) антенналары үзүлгөн. Молдованын президенти Майя Санду Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чогултту.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Приднестровьедеги кырдаалга тыкыр көз салып жатканын белгиледи.
Диверсиялык-чалгын топторунун аракеттери учкучсуз аппараттардын НАТО стандартындагы ок-дары менен сокку урушу жана гранатометтон аткылоо 25-апрель күнү Киевге АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Пентагондун башчысы Ллойд Остиндин келип кетишинен кийин башталды. Балким бул жөн эле дал келүүчүлүк эместир.
Вашингтон көптөн бери эле "россиялык агрессиянын" токтотулушун талап кылып келет. Америкалыктар россиялык тынчтык орнотуучулар менен кагылышуу болуп кетсе дейт, Приднестровьени тазалап, Молдованы Румыния менен НАТОго кошуп, аны менен бирге Киев режимине Колбаснадагы арсеналда сакталып турган советтик ок-дары жана аскер техникасын алып берүүгө куштар.
Лабораториянын кызматкерлери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы биолабораториялар. Ушу таптагы абалы кандай?

Күч жана каражат

Ачык агрессия байкалса Приднестровьеге 3 000 россиялык жоокер, ПМРдин Куралдуу күчү (7 500) жана мобилизациялык резерв — аскердик милдет алган 100 миңге чукул адам жөнөтүлөт.
Курал-жарак, техника жана ок-дарынын көлөмү он жылдап болсо да каршылык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушу тапта 100 танк, 200 БТР менен БМП, миңдеген машина, "Град" реактивдүү системасы, тик учактар катарда. Мындай кубаттуу армияны Украина куралдуу күчтөрүнүн эки чек ара бригадасы, Молдованын Куралдуу күчтөрү (6 000 киши) жана НАТОнун Румыния, Польша жана АКШлык бөлүктөрү (Кишиневдогу "Центрум" мейманканасына 400 америкалык аскер жайгашкан) жок кыла коеру күмөн.
Аскер техникасы менен ок-дарынын арсеналы (авиабомба, ракета, артиллериялык снаряд, мина) 21 тонна же 3,5 миллиард доллар деп бааланууда. Детонациясы 1945-жылы Хиросима менен Нагасакиге жасалган өзөктүк соккуга тең келип (https://t.me/sputniklive/36139), Молдова, Румыния жана Украинанын калктуу конуштарын жок кылып кое алат. Колбаснанын жанында жайгашкан арсеналды мыкты жабдылган, жогорку даярдыктагы ыкчам топ кайтарып жатканы бекеринен эмес.
Ошентсе да Германиянын "Рамштайн" аивбазасында сүйлөгөн коргоо министри Остин америкалыктар Россиянын аскердик потенциалын болушунча алсыратууга аракет кыларын айтты. Логикасы жөпжөнөкөй: фронт канчалык көп болсо, Россиянын Куралдуу күчү ошончолук күч сарптоого аргасыз болот. Приднестровьедеги согуштук аракеттердин театры көп нерсе убадалачудай. Америкалыктар мониторинг жасоо үчүн Румынияга радиоэлектрондук чалгын жүргүзүүчү RQ-4B Global Hawk жана RC-135W Rivet Joint учактарын алып келди.
Украина президенти Владимир Зеленский 26-апрель күнү өлкөнүн Куралдуу күчтөрү "Молдова Республикасындагы сепаратисттик Приднестровьеде" согуштук аракеттерге даяр экенин билдирген. Харьков облусундагы негизги арсеналынан кол жууган Украинанын Генералдык штабына "Түштүк фронтту" камсыздоо үчүн советтик ок-дарыны алып тура турган жай азыр зарыл (Колбасна сыяктуу).
Украина аскер ведомствосунун жетекчисинин кеңешчиси Юрий Бутусов Киев Приднестровьени "демилитаризациялоого" укуктуу деп эсептейт, анткени россиялык күчтөрдүн ыкчам тобу Украинага кооптуулук жаратууда, ал эми Украина-Молдова чек арасында эки бригада "Чыгыш фронтуна" көбүрөөк керек имиш. Буга чейин Украина президентинин кеңешчиси Алексей Арестович "эгер Молдова Украинага кайрылса, биз Приднестровьени өз көзөмөлүбүзгө алабыз. Күч жетиштүү" деген.
Румыния эгер россиялык армия Одесса аркылуу ПМР чек арасына чыга турган болсо, Приднестровье да, Молдова да Бухаресттин таасиринен чыгып кетет деп чочулоодо. Мындан улам Батыш менен Чыгыштагы "өнөктөштөр" Молдованы кесепети күч ири аскердик конфликтиге түртүп жатат. Ушундай тынчсыздандырган кырдаалдан улам Молдова президенти Майя Санду Георгий лентасы менен чыккандардын баарын жазалайм деп коркутууда. Эскалациядан башка маанилүү нерсе калбагандай.
Москва "өнөктөштөрдүн" Украина менен Молдовадагы аракетине дыкат көз салып, "экинчи фронт" пайда боло турган болсо дароо реакция жасоого даяр турат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Батыш украин элин жөн гана колдонуп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0