Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинадагы биолабораториялар. Ушу таптагы абалы кандай?

© AFP / GREG BAKERЛабораториянын кызматкерлери иш учурунда. Архив
Лабораториянын кызматкерлери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Жазылуу
Акыркы ай ичинде РФ Коргоо министрлиги Украинадагы биолабораториялардын жана алардын АКШлык колдооочуларынын ишин ашкерелеген бир топ документтерди жарыялады. Кыскача мазмуну жана акылга сыйгыс фактылар менен Sputnik редакциясынын материалынан таанышууга болот.

РФ Коргоо министрлигинин "табылгасы"

Украинанын аймагында ондогон жылдардан бери 30дан ашуун биолаборатория иштеп, биологиялык курал иштеп чыгуу боюнча иликтөөлөрдү да жүргүзүп келет. Муну РФ Коргоо министрлигинин колундагы документтер тастыктап турат. Аларды 31-марттан тарта Украинадагы биолабораториялардын ишмердигин иликтөөчү парламенттик комиссия карай баштады.
Лабораториялар түйүнүндөгү эң маанилүү объект — 1993-жылы түзүлгөн Украиналык илимий-технологиялык борбор (УИТБ). Ошондон бери АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Пентагон менен тыгыз иштешип келген.
УИТБ жетектеп келген биолабораторияларда куш тумоосун, кара тумоо, күйдүргү, холера, туляремия, бруцеллез, Конго-Крым калтыратмасы (лихорадка), хантавирус, кене энцефалити вирусу менен лептоспироздун козгогучтары изилденген. Сыноолорду украиналык аскер кызматкерлерине, жай тургундарга жана Харьковдун жанындагы Мерефте жайгашкан психиатриялык оорукананын бейтаптарына жүргүзүшкөн.
Буга катар АКШда согуш талаасына ар кыл аскердик патогендерди жеткирүү боюнча иштер жүрүп келген.
РФ Коргоо министрлигинин колунда Россиянын атайын операциясы башталган соң биологиялык материалдар менен кооптуу патогендердин ири партиясы Одесса аркылуу Украинадан чыгарылып кеткени тууралуу маалыматтар бар.

АКШнын расмий позициясы

Мамлекеттик департамент өкмөттүн Украинадагы биолабораториялардын ишине тиешеси бардыгын дароо четке какты.
"АКШ өкмөтүнүн Украинада биологиялык лабораториясы жок, эч кандай жетекчилик кылбайт. Чекит", — деди Мамдепартаменттин расмий өкүлү Нед Прайс март айында.
Бирок New York Post менен Daily Mail АКШ президентинин уулу Хантер Байден Россия менен чектешкен жерде биолабораториялардын курулушун лобби кылганы тууралуу жазгандан кийин Батыш ЖМКлары айласыздан бул маалыматка көңүл бурууга мажбур болушту.
АКШ мамкатчысынын орун басары Виктория Нуланд Мамдепартаменттин позициясын оңдоп-түзөп кетти.
"Украинада биологиялык изилдөөчү объектилер бар, — деди ал сенатта. — Биз россиялык жоокерлер аларга көзөмөл орнотуп алабы деп кооптонуп жатабыз".
Биологиялык коркунучтун белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги Украина биолабораторияларын тескеген батыш кураторлорун атады

АКШнын биолабораториялардын ишине тиешеси бар экенинин далили

Россиянын Коргоо министрлиги Украинадагы биолабораторияларда Пентагон жана Мамдепартаменттин жетектөөсү менен аскердик патогендер иштеп чыгарылганын айтууда. Буга АКШнын аскер ведомствосунун структурасы DTRA өкүлү менен Украинанын саламаттык сактоо министринин жазышуусу, ошондой эле Пентагондун коммерциялык подрядчысы Metabiota жана Black & Veatch компанияларынын кызматкерлери менен Мамдепартаменттин жана украин адистеринин жазышуусу далил. Ал документтердин баары азыр РФ Коргоо министрлигинин колунда турат.
Аталган министрлик Киевдин алдындагы беш биолабораториядан Украинанын Саламаттык сактоо министрлигинин 24-февралдагы вирустардын кооптуу штаммдарын жок кылуу буйругун тапкан. Мындан тышкары, өтө кооптуу патогендер пайдаланылып тажрыйба жүргүзүлгөнү тууралуу документация жана АКШга вирустардын коллекциясы менен иликтөөнүн жыйынтыгын шашылыш алып чыгуу боюнча коштоочу документтер табылган.
Мамдепартаменттин кызматкери Лаура Дэнлингердин "Украина эксперттеринин АКШ каршылашкан тарапка өтүп кетүү ыктымалдуулугун азайтуу" тууралуу аналитикалык каты биолабораториялардын кызматкерлери массалык кыйратуучу куралды өндүрүү технологиясы менен тааныш болгонун тастыктап турат. Документте атайын операция башталгандан кийин Украинадан чыгып кеткен лабораториялардын эксперттери "профессионалдык жана финансылык жагымсыз абалда калганы" айтылат. Катта алардын 1000ден 4000ге чейин экени да белгиленген.
РФ Коргоо министрлиги украиналык биолабораториялардын иши тууралуу документтерди жарыялады (оригиналын бул жактан кароого болот). Эң эле көрүнүктүүсү төмөнкүлөр:
Украинанын "Мотор СИЧ" заводунун "Байрактарды" чыгарган түркиялык өндүрүүчүгө учуучу аппараттарга аэрозоль чачуу үчүн механизмдерди жана 20 литрлик идиш орнотуп берүүнү өтүнгөн сурамы;
биологиялык курал жеткирчү снаряддарды өндүрүү үчүн патент чогултуу;
биологиялык куралды жеткирүү үчүн снаряд жана учкучсуз аппарат чыгарууга патент;
белгилүү бир аймакта курт-кумурскаларды жайылтуу үчүн учкучсуз учуучу аппарат жасоого патент.
Знак биологической опасности на двери лаборатории №1 в Санкт-Петербургском институте вакцин и сывороток ФМБА России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германия АКШ менен бирге Украинада аскердик-биологиялык ишмердүүлүк жүргүзгөн

Львовщинада экзотикалык илдеттер кайдан пайда болду

РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, украиналык биолабораториялардын масштабдуу изилдөөлөрүнүн бири — UP-8 долбоору. Анда Конго-Крым калтыратмасына иштелип чыккан антителолор изилденип, анын алкагында 966 адамдан (611и аял) үлгү алынган. ХХ кылымдын ортосунан бери бул илдет катталбаса да, тажрыйбага катышкандардын 1,7 пайызынан табылган.
Долбоор ишинин жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын аягында Frontiers Media SA илимий басылмасы РФ Коргоо министрлиги менен биолабораториялар тууралуу иликтөө жүргүзгөн парламенттик комиссиянын көңүлүн бурдурган макала жарыялады.
Калктын антителосунун көрсөткүчү иликтөө жүргөн аймакта дарттын пайда болгонун көрсөтүп турат. "Основание" деп аталган илимий изилдөөлөрдү жана жарандык демилгени колдоо фондунун төрагасы Алексей Анпилоговдун айтымында, азырынча мунун биолабораториядан чыкканын же кандайдыр бир илимий эксперимент экенин, болбосо бүт дүйнө жүзү боюнча иштеген жалданма кызматкерлер же украин тынчтык орнотуучулары жайылтып жибергени белгисиз.
"Бул өтө таң калычтуу иликтөө. Илимий иштин максаты калтыратмага антитело аныктоого аракеттенүү деп айтылган. Антителонун аныкталышы Конго-Крым калтыратмасы же хантавирустар бар экенинен кабар бермек. Төрт облустун аймагындагы аскер адамдарынан 100-1000 үлгү алуу каралган. Бирок бул ошол макалада айтылган факт: негизинен аскер кызматкерлеринен эмес, жай тургундардан, болгондо да аялдардан көбүрөөк үлгү алынган", — дейт Алексей Анпилогов.
Анын айтымында, кеп жогорку патогендүү жайылтуучу тууралуу болууда, анын 15 пайызы адам өлүмүнө алып келет.
Конго-Крым калтыратмасына каршы антителолор АКШнын Коргоо министрлигинин Кооптуулукту төмөндөтүү башкармалыгы тарабынан изилденген. Аталган башкармалык Black & Veatch Special Projects Corp жана Metabiota, Inc. сыяктуу эл аралык компаниялар менен активдүү иштешип, буларга АКШ армиясынын жугуштуу ооруларды илим-изилдөө институту колдоо көрсөткөн. Frontiers Media порталында мунун баары ачык эле жазылган.
Изилдөө аягына чыгып, Frontiers басылмасына макала жарыяланган соң анын автору, Black & Veatch Special Projects Corp компаниясынын кызматкери Олена Нестерова илимий даражасы жок туруп Жарандык саламаттык сактоону изилдөө институтун жетектеп калды.
Биологиялык коркунуч белгиси бар муздаткычы менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
АКШнын Украинадагы биолабораториялары: максаты, каржылоосу жана Байдендердин изи
Жаңылыктар түрмөгү
0