Апрель айына чейин айыл чарба багытына берилген кредиттин суммасы

© Sputnik / Виталий ТимкивЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2022
Жазылуу
Үч категория боюнча 5 046 кредит берилип, жалпы суммасы 2 миллиард 491 миллион 505 миң сомду түздү.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги үстүбүздөгү жылдын 21-апрелине чейин айыл чарба багытына берилген насыя боюнча маалымат таратты.
"Өсүмдүк өстүрүү" категориясына жалпы жонунан 2 090 кредит бөлүнүп, анын суммасы 886 миллион 933 миң сомду түзгөн.
Банктар боюнча маалымат:
"Айыл Банк" 884 кредит — 393 миллион 948 миң сом;
"РСК Банк" 1027 кредит — 407 миллион 450 миң сом;
КИКБ ЖЧКсы 179 кредит — 65 миллион 535 миң сом.
Мал чарбачылыгы багытына жалпы жонунан 3 396 кредит берилип, анын суммасы 1 миллиард 597 миллион 684 миң сомду түзгөн.
Банктар боюнча маалымат:
"Айыл Банк" 1 193 кредит — 754 миллион 874 миң сом;
"РСК Банк", 1 800 кредит — 835 миллион 579 миң сом;
КИКБ ЖЧКсы 287 кредит — 143 миллион 455 миң сом.
Агро кайра иштетүү багытына 77 кредит берилип, анын суммасы 121 миллион 860 миң сомду түзгөн.
Банктар боюнча маалымат:
"Айыл Банк" 41 кредит — 82 миллион 640 миң сом;
"РСК Банк" 26 кредит — 84 миллион 510 миң сом;
КИКБ ЖЧКсы 10 кредит — 35 миллион сом.
Үч категория боюнча 5 046 кредит берилип, жалпы суммасы 2 миллиард 491 миллион 505 миң сомду түздү.
Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искендербек Маматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2022
Радио
Маматов: Баткенде ишкерликтин алты түрүнө жеңилдик берилди
Жаңылыктар түрмөгү
0