Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Баткен өзгөчө макам алгандан кийин ал жерде эмне өзгөрдү? Бийликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика жана коммерция министрлигинин регионду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов
Экономика жана коммерция министрлигинин регионду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
Баткен облусуна өзгөчө макам былтыр берилген.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. "Баткен облусунун өзгөчө макамы тууралуу" мыйзам бүгүнкү күндө кандай иштеп жаткандыгын Экономика жана коммерция министрлигинин регионду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Баткен облусунда инвесторлор жана тургундар үчүн жеңилдиктер" брифингине катышты.
Адис берген маалымат боюнча, аталган мыйзамдын алкагында төрт режим ишке ашырылышы керек. Алар: өзгөчө салык режими, өзгөчө инвестициялык режим, акысыз кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик сатып алуулар.
Өзгөчө салык режими. 2022-жылдын 1-январынан тарта ишке кирди. Жеңилдиктер чек ара аймагында жайгашкан Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондоруна тиешелүү. Салык төлөөчүлөрдүн кызматкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасы 5 пайызга чейин төмөндөтүлдү (мурда 10 пайыз болчу). Ошондой эле Баткенде бизнес кылган ишкерлер киреше салыгы менен сатуудан алынуучу салыктан бошотулду. Мындан тышкары, жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча 2 жана 3-топтогу мүлккө салыктан жана жер салыгынан бошоо мүмкүнчүлүгү бар.
Өзгөчө инвестициялык режим. 2022-жылдын 1-январынан тарта иштей баштады. Анын алкагында Баткендин аймагындагы ишкерликке мамлекет инвестициялык кепилдик берет. Кыргызстандын башка аймактарында мындай жеңилдиктер каралган эмес. Ошондой эле башка облустардан айырмаланып, инвестор азыраак акча менен менен деле, тагыраагы, 1 миллион доллардан баштап иш баштоого мүмкүнчүлүк алат.
Аял акча санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Пресс-борбор
Салыктын бир топ түрүнөн кутуласыңар! Бийлик Баткенге инвесторлорду чакырууда
Эгер инвестор мыйзам бузбай өз милдеттемелерин так аткарса, мамлекет аны ар дайым коргойт жана ага артыкчылык берет.
Акысыз кызмат көрсөтүүлөр. 2022-жылы 1-марттан тарта күчүнө кирген. Бул режимге медициналык кызматтар жана жөлөк пул, пенсия сыяктуу социалдык төлөмдөр камтылган. Анын алкагында айрым медициналык кызматтар акысыз сунушталса, айрымдарына 10 пайыздан 50 пайызга чейин жеңилдиктер берилет. Ошондой эле жөлөк пулдарга ("Балага сүйүнчүдөн" тышкары) 1,20 коэффициентте кошумча төлөмдөр белгиленген. Мындан тышкары, "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулуна 1 000 сом, пенсияга 2 000 сом кошуу каралган.
Мамлекеттик сатып алуулар. Жакында президент Садыр Жапаров кол койгон "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамдын 15-беренеси аркылуу иштейт. Аны ишке ашыруу жолдору каралып жатат.
Эске салсак, былтыр Баткен облусуна өзгөчө макам берилген. Мыйзам долбоору президенттин тапшырмасы менен облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан.
Вашингтондогу Дүйнөлүк банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Пресс-борбор
Баткенге берилген 50 млн. доллар эмнеге жумшалат. Министрликтин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0