Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Баткенге берилген 50 млн. доллар эмнеге жумшалат. Министрликтин жообу

© AP Photo / Andrew HarnikВашингтондогу Дүйнөлүк банктын имараты. Архив
Вашингтондогу Дүйнөлүк банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
Экономика жана коммерция министринин орун басары бөлүнгөн каражаттын жарымы элге чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн төмөнкү пайыз менен кредит берүүгө жумашаларын айтты.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк банктын Баткен облусун өнүктүрүү үчүн берген 50 миллион доллар акчасы кайда жумшаларын экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Баткен облусунда инвесторлор жана тургундар үчүн жеңилдиктер" брифингинде сүйлөгөн.
Эске салсак, Дүйнөлүк банк менен макулдашууга кечээ кол коюлду.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов
Первый заместитель министра экономики и коммерции Чоро Сейитов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов
"Бул акчанын бир бөлүгү Баткен облусунун гранттык каражаты, бир бөлүгү (25 миллион доллар) элге чакан жана орто бизнести, агробизнести өнүктүрүү үчүн төмөнкү пайыз менен кредит берүүгө жумшалат. Бул өтө төмөнкү пайыз болмокчу: Баткен облусунда жашаган элге, ишканаларга, жеке ишкерлерге бир пайыз менен берилет", — деди Сейитов.
Ал Баткенге барууга ниети бар инвесторлорду долбоорлорду бүгүндөн тарта даярдоого чакырды. Министрдин орун басарынын айтымына караганда, гранттар менен насыялар элдин жашоосун жакшыртууга жумшалмакчы.
"Биринчи иретте Баткен облусундагы шаарлардын жана аларга жанаша жайгашкан калктуу пунктулардын инфраструктуралары жакшыртылат. Баткен, Раззаков жана Кадамжай калаалары тандалды. Ал аймактык өнүгүү концепциясында өсүп-өнүгүүнү баштай турган жер катары каралган. Андан сырткары, жарыктандыруу, мектептерди, бала бакчаларды, жолдорду куруу, сугат системасын жана бир канча тармактарды жакшыртуу иштери жасалмакчы", — деди ал.
Дүйнөлүк банктын кредиттик акчасы соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө, Баткен облусунан келген азык-түлүктөрдүн кошумча наркы боюнча чынжырча түзүүгө багытталат деп кошумчалады Сейитов.
"Насыя, маселен, күрүч өстүргөндөргө гана берилбейт, биз болгон чынжырчаны кредиттөөгө аракет кылып жатабыз. Ал күрүчтү өстүрүп, жыйнап, ташып, таңгактагандарга чейин, тагыраагы, продукцияны дапдаяр кылгандарга чейин каралууда. Бул программа облустун экспорттук деңгээлин жакшыртууга, элдин кирешесин арбытууга багытталган. 150 чакан жана орто ишканаларды түптөө жана 5 000 жумуш ордун түзүү каралууда", — деп кошумчалады ал.
Сейитов программа 2022-жылдан 2028-жылга чейин пландалгандыгын айтты.
Эске салсак, былтыр Баткен облусуна өзгөчө макам берилген. Мыйзам долбоору президенттин тапшырмасы менен облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан. Анын алкагында салык жеңилдиктери каралган.
CASA-1000 500 кВт электр чубалгысы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
CASA-1000: Кыргызстанда кубаттуулугу 500 кВт электр чубалгысы тартылып жатат. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0