Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Алаксытуу амалыбы? АКШ менен Польша Калининграддын жанында машыгуу өткөрүүдө

© AFP / WOJTEK RADWANSKIАКШ аскерлери машыгуу учурунда. Архив
АКШ аскерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Жазылуу
Пентагондун бөлүктөрү, польшалык жана АКШнын башка союздаштарынын аскерлеринин Балтика аймагындагы тополоңу Россиянын Куралдуу күчтөрүн украиналык согуштук аракеттер театрынан алаксытууну көздөйт.
Бирок киевдик режимди демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын Москва чектелген аскердик контингент менен жүргүзүүдө. Россиянын балтикалык жана башка чек аралары ынанымдуу корголот. Ошондуктан батыштык "өнөктөштөрүнүн" тиши өтпөсү анык.
Москвадагы Жеңиш парадына салтка айлангандай эле 11 миң аскер кызматкери, 200дөн ашуун аскердик техника катышмакчы. Ушул эле факты көп нерсени туюндурат деген ойдо аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар серепчи НАТОго мүчө өлкөлөрдүн учурдагы жана жакынкы айлардагы аскердик машыгууларына токтолгон.
17-апрелде Польша жана Пентагондун жоокерлери Россиянын Калининград облусунан 70 чакырымдык аралыкта аскердик окууларын баштады. Бул туурасында маалымдаган аталган облустун губернатору Антон Алиханов Россия эксклавга НАТОнун кол салуу аракетинин мизин катуу кайтарарын, эч убакта Калининградга кургактагы жана деңиздеги блокада болбостугун билдирди.
Пентагон Польшага жеткирилген 5000 жоокердин чыныгы максаты жана милдеттери, ондогон F-15 жана F-16 истребителдери тууралуу маалымат чыгарган жок. Ак үй гана америкалык күчтөр Россияга коркунуч туудурбай турганын, украиналык жаңжалга катышпастыгын айтты.
Коопсуздук көйгөйлөрүн түшүнүү үчүн эксперттер россиялык Аба-десанттык күчтөрүнүн эки дивизиясынын канадалык Ванкувер жана Монреалда, ал эми РФтин 1-танк армиясынын мексикалык Монтеррейде жайгаштырылганын, ушундай эле болжолдуу окуулардын өткөрүлүшүн элестетип көрүүнү сунуштайт. Албетте, АКШга каршы эмес, чөлкөмдөгү туруктуулукту бекемдөө ниетин көздөгөн иш-чараны айтып жатабыз.
Балтика деңизинин чыгыш бөлүгүнө 15-апрелде НАТОнун ыкчам аракет этүүчү 1-туруктуу деңиз тобунун аскерлери Эстония жана Россиянын жээгине жакын жердеги машыгууларга катышуу үчүн келишти.
Альянс жакынкы күндөрү "Балтика деңизинин аймагында союздаштары бар экенин көрсөтмөкчү". Алты кемеден турган SNMG1 тобун Нидерланд Королдук флотунун коммодору Ад ван де Санде жетектейт. Дания, Голландия, Британия, Канада (албетте, Peter Willemoes, De Zeven Provinciën (флагман), Northumberland, Halifax) фрегаттары 150 чакырым аралыкка ылайыкталган "Гарпун" кемеге каршы ракеталары менен жабдылган.
SNMG1 курамындагы германиялык Erfurt корвети бортунда деңиз жана жер бетиндеги буталарын жок кылууга багытталган RBS15 Mk3 ракеталарын ташыйт.
Балтика деңизиндеги НАТО кемелери чалгындоо жүргүзүү жана байланышты колдоо үчүн жакшы техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээлик кылат. Эстониянын аскер-деңиз күчтөрүнөн да душмандын жээгин басып алууга машыгууну максат кылган деңиз пехотасынын биргелешкен окуулары өтөрүн маалымдашты.
Киевдеги куралчан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Террордук тактика үчүн Киев жалгыз жооп бербейт. Диверсиялык аракеттерге сереп

Антироссиялык марафон

Мурдараак Эстониянын асманында Бельгия, Чехия, Франция, Германия, Испания, Түркия, Улуу Британия, Финляндия жана Швеция өңдүү НАТО алкагындагы союздаштары жана өнөктөштөрү Ramstein Alloy форматындагы бир апталык окуулары өткөрүлгөн. "Реалдуу сценарийлерди" өздөштүрүшкөн.
Ошондой эле Латвияда 18-апрель – 27-май аралыгында НАТО бөлүктөрүнүн Namejs – 2022 масштабдуу аскердик машыгууларынын жазгы этабы өтмөкчү. Максаты – коргоо маселелерин чечүү үчүн улуттук жана союздук күчтөрдүн интеграциясы, өз ара аракеттешүүнү өрчүтүү. Ага АКШ, Чехия, Польша, Улуу Британия, Литва жана Эстониянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү катышат.
Рига Балтика чөлкөмүндө Россияны "ооздуктоо" менен чектелип калбайт. Латвиянын Коргоо министрлиги "Украинанын жеңишине түздөн-түз көмөктөшөт".
Украина Куралдуу күчтөрүн 200 млн. евродон ашуун каражатка чалгындоочу учкучсуз жана "Стингер" зениттик ракеталык комплекстери менен камсыздап, украиналык адистерге аларды колдонууну үйрөтөт. Россия улутчул киевдик режимди курал менен жабдуулардын баарын эске алып, европалык коопсуздукка латвиялык салымды да көз жаздымда калтырганы жок.
Ал эми Литва бардык аскерий долбоорлорун ишке ашырууну тездетүүдө. Атап айтканда, 14-апрелде республиканын Сейми шашылыш түрдө Руднинкай полигону жөнүндөгү мыйзамды бекитип, жаңы инфраструктураны долбоорлоо жана курулуш иштери башталды. Келерки айда окуулар өтөт.
Жеке менчиктеги 48 тилкени коомдук пайдаланууга алуунун оор жол-жобосу башталды. Мурда Беларусь менен чек арасына жакын советтик полигонду 2024-жылдан тарта НАТОнун чет элдик күчтөрүнүн муктаждыктарына ылайыктоо үчүн жасап чыгуу пландалган.
Россиянын аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун Украинадагы "темир агымын" басаңдатуу. Россиянын максаты жана каражаты
Балтика деңизинде британиялык аскерлердин көп орун алышы альянска Украинада Россия менен түз тирешүүгө кирүү чакырыктары менен коштолууда. Украинада атып түшүрүлгөн МиГ-29 истребителдери жана Су-25 чабуул коюучу учактарынын саны бул жаңжалда Польша кыйла көп аскердик жоготууларга учурагандыгынын кыйыр белгиси.
Москва 18-апрелде Украинадагы атайын операция пландалган боюнча жүрүп жатканын билдирди.
АКШ Аскер-деңиз аналитикалык борбору (Center for Naval Analyses) былтыр эле Калининградга "алдын алуучу сокку уруу" сценарийин иштеп чыккан. Ага ылайык РФ коргоо тармагынын негизги төрт компонентин, атап айтканда, "Искандер" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекси, Балтика флотунун ракеталык кемелери, С-400 зениттик ракеталык системалары жана армиялык корпус жок кылынмак. Албетте, Россия "өнөктөштөрүнүн" ушул жана башка агрессивдүү пландарын эске албай койбостур. Технологиялык деңгээл, сокку уруу дарамети жана география АКШ менен НАТОнун РФке каршы ниетин жүзөгө ашырууга жол бербеси айкын.
Балтика чөлкөмүнө альянстын аскердик күчүн көрсөтүү, Аскер-аба жана Аскер-деңиз күчтөрүнүн кайра-кайра машыгуулары – аскерий-саясий кысым кылуунун элементи. Россияга таасирин тийгизе да, маңызында олуттуу коркунуч жарата да албайт.
Антпесе түндүк атлантикалык альянстын машыгуулары (чагымдары) мейкиндик жана мезгил ичинде катуу чектелмек. Ошол себептен бейтарап Финляндиянын НАТОго кирүүгө умтулуусу аталган өлкөнүн эле өз коопсуздугуна терс таасир этери турулуу иш.
Пентагондун жана альянстын Балтика чөлкөмүндөгү маани-маңызы жок антироссиялык марафону океан РФтин "өнөктөштөрүнө" жаңы жоготуу, кыйроолордон бөлөк ийгилик да, жеңиш да алып келбейт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
Украиналык аскер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мариуполдогу алгачкы миң туткун. Украина күчтөрүнүн кыйроо башаты
Жаңылыктар түрмөгү
0