Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Террордук тактика үчүн Киев жалгыз жооп бербейт. Диверсиялык аракеттерге сереп

© DANIEL LEALКиевдеги куралчан киши. Архивдик сүрөт
Киевдеги куралчан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Жазылуу
11-апрелден бери Федерациянын беш субъектисинин чек арадагы райондорунда террордук коопсуздук деңгээли жогору.
Белгород, Брянск облустарындагы жай тургундарды, конуштарды Украина күчтөрүнүн аткылоосу жаңжал аймагын кеңейтүү, россиялык жоокерлерди батыш чек араларынан алыстатуу Донбасста украиналык аскерлерди курчоого алып турган РФ Куралдуу күчтөрүн жылдырууга багытталган. Жайкын жашоочуларга карата ошол окуяны аскерий баяндамачы Александр Хроленко талдаган.
Украина аба күчтөрүнүн эки Ми-8 көп буталуу тик учагы 14-апрелде Россиянын аба мейкиндигин Брянск облусунан болжол менен 10 чакырымга бузуп, Климово райондук борборуна карай жапыз учуп келип турак үйлөргө реактивдүү дүрмөттөр менен алты сокку урган. Анын кесепетинен сегиз киши жарадар болуп, арасында кош бойлуу аял жана бала бар. Үчөө канааттандырарлык, эки киши оор абалда.
Бир нече саат өткөн соң Сумы облусунун аймагынан чектешкен россиялык Белгород облусундагы Сподарюшино кыштагына чабуул коюшкан. Климоводогу тик учак чабуулунан бир күн мурун украиналык тарап Брянск облусунун ушул эле районундагы Новые Юрковичи автомобилдик чек ара өтмөгүндөгү бекетти миномёт менен аткылашкан.
Россиянын аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун Украинадагы "темир агымын" басаңдатуу. Россиянын максаты жана каражаты
РФке чектеш Чернигов облусундагы ок ачкан түйүн россиялык чек арачылар тарабынан токтотулган. Ушул айда эле Украина Куралдуу күчтөрү РФтин чек арасын 30 чакырымдан ашуун бузуп кирген украиналык эки тик учак жапыз учуу менен Белгород облусундагы мунай базасына реактивдүү дүрмөттөр менен сокку урушкан. Украина Куралдуу күчтөрүнүн дээрлик күн сайын кайталанган ушундай террордук аракеттери киевдик режимдин уруксаты менен жасалып, Европада жаңжал зонасын кеңейтүүгө, натыйжада АКШнын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат.
11-апрелден бери Федерациянын беш субъектисинин чек арадагы райондорунда террордук коопсуздук деңгээли жогору. Климоводогу окуя РФ Коргоо министрлигинин 13-апрелдеги кескин түрдөгү эскертүүсүнөн көп өтпөй болгонун белгилейли: "Украиналык күчтөр тарабынан Россия Федерациясынын аймагындагы объектилерге сокку уруу аракеттерин байкап турабыз. Эгерде мындай улана бере турган болсо, РФ Куралдуу күчтөрү чечим кабыл алуучу, анын ичинде Киевдеги борборлорго да сокку урат".
15-апрелге оогон түн украиналык борбор калаада тынч өтпөдү. Киевдин ар кай жагында жардыруулар болуп, электр жарыгы өчтү. Ыраак аралыкка багытталган "Калибр" деңиз ракетасы менен Киевдин жака-белиндеги аскердик объектиге – зениттик ракеталык комплекс, кемеге каршы ракеталарды чыгаруучу жана оңдоочу "Визар" заводунун цехтери жок кылынды. Киевдик режим бул тууралуу үндөгөн жок, ал эми "чечим кабыл алуучу башкы борборлор" Атлантиканын ары жагында эмеспи. Пентагон Украина аймагындагы жаңжалдын созулушуна кызыкдар экенин жашырбайт.
Украиналык аскер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
ЖМК: Британиянын спецназы украин аскерлерин кайра даярдыктан өткөрө баштады

ИМ* жана НАТОнун окшош тактикалары

Климов районуна чабуул койгон соң Чернигов облусундагы авиабазага кайткан украиналык Ми-8 тик учагы 15-апрелде С-400 "Триумф" россиялык зениттик ракеталык системасы менен атылды. Ошол эле тушта Харьков облусунда Украина Аба күчтөрүнүн Су-27 истребители да кыйрады. 15-апрелде РФтин Коргоо министрлиги Россияда украиналык диверсияларына жооп иретинде Киевдеги аскердик объектилерге ракеталык сокку уруунун саны жана масштабы көбөйтүлөрүн жарыялады.
Украинанын калган аймактарында РФ Куралдуу күчтөрү "бир калыпта, жай, эң башында Башкы штаб тарабынан сунушталган планга ылайык" аракет этүүдө.
Ошентсе да Белгороддо 15-апрелдин таңында россиялык абадан коргонуу тутуму кайрадан иштеди. Анткени киевдик режим туура бүтүм чыгарууга жөндөмсүз. Пентагон менен Борбордук чалгындоо башкармалыгынын адистери Украина Куралдуу күчтөрүн жай жарандарын "тирүү калкан" катары пайдалануу тактикасын сегиз жыл бою үйрөткөнүн эске алуу абзел.
The Gray Zone (АКШ) басылмасы: "Украинада 2013–2014-жылдары АКШ тарабынан уюштурулган мамлекеттик төңкөрүштөн кийин америкалык күчтөр украиналыктарды, анын ичинде неонацисттик бөлүктөрдү шаарларда согуштук аракеттерди жүргүзүүгө машыктырышкан", — деп белгилейт. Америкалык адистер Украина Куралдуу күчтөрүн жана Улуттук гвардиясын "жергиликтүү тургундар ичине сиңип", Россия армиясы менен асимметриялык тирешип, болушунча жаңжалды "узартуу" үчүн калк жыш жайгашкан райондордо согуштук аракеттерди жүргүзүүнү үйрөтүшкөн. Украиналык күчтөрдүн
Полтава, Днепропетровск, Запорожье, Николаев, Харьковду "тирүү калкан" катары пайдалануу бул шаарлардын толук кыйрашына алып келет. Мындай тактика ИМ* менен НАТОну окшоштуруп турат. Америкалыктар украиналык куралдуу түзүмдөрдү башынан атайын "талибандаштырган".
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасында аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Европа согушка аттанууда. Ой толгоо
Апрелдин ортосу менен россиялык аскерлер Донецк жана Луганск эл республикаларынын күчтөрү менен биргеликте Донбасс (Славянск – Краматорск – Артемовск) курчоосун жоюуга киришти. Эске салсак, анда 100 миң украиналык аскер бар. Операциянын ийгиликтүү жыйынтыгы Украинанын бардык территориясында анын Куралдуу күчтөрүн толук кыйратуунун соңу болушу ыктымал. Ошондуктан РФ аймагында украиналыктардын террордук чабуулдары уланышы ыктымал. Андай болсо Россия Куралдуу күчтөрүнүн Киевдеги чечим кабыл алуу борборлоруна топтоштурулган соккулары да уланбай койбойт. Ошондой эле океан ар жагындагы "борборлор" жазасыз калышарына сүйүнбөй тургандары оң.
Вашингтон акыркы бир жарым айда Киевге 1,65 млрд. долларлык курал менен камсыздап, ал эми Россия Кошмо Штаттардан Украинаны куралдандырууну токтотууну талап кылды. "Кесепетин болжоп болбостугун" билдирди. Бул тууралуу РФтин Тышкы иштер министрлигин расмий дипломатиялык нотасында айтылат. Анын көчүрмөсү The Washington Post редакциясынын жамаатынын колуна тийген.
Москва баарын каттоодо. Россиянын Тергөө комитетинде Украинага 25 мамлекеттен, анын ичинде НАТОнун 21 өлкөсүнөн курал келип жатканы боюнча маалымат бар. Айрым мамлекеттер мындай "кайрымдуулукка" ушунчалык берилип кетип, өздөрүндө арсенал жана коргоо ресурстары азайып барат. Бирок Украина Куралдуу күчтөрү Батыштын жардамын ыраатсыз колдонуп келет. Ал эми россиялык күчтөр НАТОлук куралдардын миңдеген бирдиктерин жайгашкан жеринен – Украинанын бардык, Харьков жана Иван-Франковскиге чейинки аймактарындагы база жана арсеналдарына дээрлик күндө ракеталык-бомбалык сокку уруу менен жок кылууда.
Мобилизациялык резервдери түгөнүп, Жогорку Рада Украина Куралдуу күчтөрүндө чет элдик жарандардын кызмат өтөөсү тууралуу мыйзам чыгарууга мажбур. Андай көрүнүш – Россия менен түз аскердик жаңжалга бүтүндөй Европаны тартууга кезектеги аракет.
РФ Куралдуу күчтөрү, албетте, киевдик режимдин коргоочуларынын курама тобунун таш-талканын чыгарары бышык. Россиялык аскердик атайын операция бүткөн күндө да тарых токтоп калбайт. Москва планетадагы коңшуларынын касташкан антироссиялык аракеттеринин мизин принципиалдуу, ырааттуу жана көлөмүнө жараша кайтарат. Бул үчүн анын саясий эрки, аскердик күчү, эл аралык укугу жана татыктуу себеби бар. Көп полярдык дүйнөнүн тең ата, бөлүнгүс коопсуздугу түзүлүшүн көксөйт.
Эртеби-кечпи Кошмо Штаттар оккупациялык күчтөрүн Европадан чыгарып кетүүгө аргасыз болот.
ИМ* - Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террорчул топ.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Украиналык качкындар Польшадагы чек ара бекетинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа Украинаны сатып кетеби? Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0