Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

НАТОнун Украинадагы "темир агымын" басаңдатуу. Россиянын максаты жана каражаты

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт
Россиянын аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Жазылуу
Украина аймагындагы батыш куралдарынын партиясын, ошондой эле АКШ жана НАТОнун аларды ташуучу каражаттарын Россия мыйзамдуу бута катары эсептейт. Көпчүлүгү транспорттук түйүндөрдө, кампа жана арсеналдарда жайгашкан райондорунда талкаланууда.
Америкалык куралдардын жаңы партиясы Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо операциясын токтото албастыгын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Анын кезектеги калем шилтеми да курал менен жабдуу маселесине арналган.
Россия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 13-апрелде Украина территориясындагы киевдик режим үчүн курал ташыган АКШ менен НАТОнун транспорттук каражаттарын Россия мыйзамдуу бута катары карай турганын Батыштагыларга эскертти. Ал атайын аскердик операциянын ыргагын басаңдатуу же россиялык күчтөргө, Донецк жана Луганск эл республикаларынын Элдик милиция түзүмдөрүнө зыян келтирүү аракеттеринин мизи катуу кайтарыларын так кесе айтты.
Тышкы иштер министрлигинин мындай эскертүүсүнүн салмагын РФтин Коргоо министрлигинин ар күнкү статистикасы тастыктайт. Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн ыкчам-тактикалык авиациясы сутка ичинде Украинанын 48 аскердик объектисин кыйратты.
Мурдагы түнү ракеталык курал менен Донецк жана Одесса облустарындагы Украина Куралдуу күчтөрүнүн 12 маанилүү объектиси, анын ичинде ракеталык-артиллериялык куралынын эки кампасы да жок кылынды. Ошондой эле украиналык МиГ-29 истребители, Ми-8 тик учагы, "Байрактар ТБ-2" учкучсуз аппараты жана С-300 зениттик ракеталык комплекси да жарактан чыгарылды.
Армянскидеги РФтин куралдуу күчтөрүн аскердик техникасын колоннасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс үчүн чечүүчү салгылаш. Аскерий сереп
Жеке баамымда, жакында эле Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн аскердик жардам топтомунан беш позиция келди. Андай көзгө даана байкалган буталар Украина территориясында көпкө турбайт. 12-апрелде ракеталык соккулар менен Киев жана Хмельницк облустарындагы ок-дары сакталган эки кампа талкаланды. Россия Украина Куралдуу күчтөрүнүн арсеналдарын, Батыш тарабынан берилген техникага сокку урууда.
АКШ менен НАТО алды-артына карабастан Украинаны курал менен жабдып, киевдик режимди Россия менен "аягы көрүнбөс" согушка козутууда. Андан мурун Пентагондун өкүлү АКШ жана анын союздаштары күн сайын Украинага сегиз-он каттам менен курал жеткирип жатканын билдирген. Украиналык күчтөрдүн мобилизациялык резервдери жана чет өлкөлүк куралдар менен камсыздоолор жолдо, базаларда жана фронттук аймактагы жайгашкан түйүндөрдө жок кылынууда. Күйүүчү май сактоочу украиналык базалар да жок кылынгандыктан, "соо калган" НАТОлук техника кыймылсыз темир-тезекке айланып калууда.

Прокси согушун күчөтүп…

АКШ өкмөтү Украинага берилчү курал-жарактардын тизмегин узартты. Эске салсак, аскердик жардамдын акыркы топтомуна 800 млн. доллар каралган. Украина Куралдуу күчтөрү 155 мм калибрдеги 18 гаубица, 40 миң артиллериялык дүрмөт, 300 Switchblade сокку уруучу дрон, 200 M113 ок өткөрбөс транспортёрун, жүз Humvee сооттолгон жолтандабас, мурда Афганистанга жиберилмек болгон Ми-17 тик учагынан 11 бирдикти алат. Булардан тышкары танкка каршы Javelin комплексине 500 ракета, контрбатареялык күрөш жана абадан мээлөөчү 12 радиолокациялык тутуму, жээкти коргоо үчүн айдоочусуз катерлер, 2000ден ашуун оптикалык түзүлүш жана лазердик аралык ченегич, октон коргоочу 30 миң чарайна жана туулга, С4 жардыргычтарын жана пехотага каршы M18A1 "Клеймор" миналары жөнөтүлөт.
Вашингтон чалгындоочу RQ-20 Puma учкучсуздарын, лазер менен мээлөөчү ракеталарды да убада кылууда. Булардын баары Кошмо Штаттардын Европадагы кызыкчылыгы үчүн украиналыктарды көбүрөөк набыт кылуу үчүн жасалгандай.
Америкалыктар 150 чакырымга чейинки аралыкка жете турган, заманга ылайыкташтырылган залптык октун реактивдүү тутуму менен да камсыздоо жагын карашууда. АКШ коргоо министринин орун басары Кэтлин Хикс 12-апрелде бул киевдик режимге россиялык аймактагы аэродромдорго чабуул коюуга мүмкүндүк берерин билдирди.
Британия Украинага кемеге каршы Harpoon ракеталарын, Норвегия чакан аралыкка ылайык NASAMS зениттик ракеталык комплекстерин бермекчи. Америкалыктардын кысымы менен Словакия киевдик режимге советтик мурасын – МиГ-29 истребителин, Zuzana өзү жүрүүчү гаубицаларын берүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. С-300 зениттик ракеталык комплексинин батареясын Украинага эбак жөнөткөн.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн С-300 зениттик-ракеталык комплексинин жок кылынган позициясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина үчүн ленд-лиз АКШнын Европадагы саясатын кыйратат
Польшадан Т-72 жана БМП-1 танктары жиберилген. Канада Аскер-деңиз күчтөрүнүн запастарынан Украинаны кемеге каршы ракеталар менен камсыздоо жагы талкууда. Германия Украина Куралдуу күчтөрүнө эскилиги жеткен 50 Leopard-1 танкын берүүнү чечкен.
Украина президенти Владимир Зеленский америкалык патрону Жо Байденге, Украинага көбүрөөк оор куралдар, анын ичинде аскердик учактар зарыл экенин дайым эскертип келет. Кошмо Штаттар да Украинага словакиялык МиГ-29дардын берилишине каршы эмес. Пентагон согуштук аракеттер бир нече жылга созулуп кете турган болсо, Украина ленд-лиздин алкагында өнөр жайдын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн АКШнын сегиз ири коргоо компанияларынын өкүлдөрү менен кезикти. Ошону менен бирге эле Түндүк атлантикалык альянстын кээ бир өлкөлөрү киевдик режимди курал менен камсыздоону токтотууда. Себеби өздөрүнө жетишсиз. Атап айтканда, 14-апрелде Грециянын коргоо министри Никос Панайотопулос Украинага аскердик жардамы аяктаганын маалымдады.
Кыязы "темир агым" өзүнөн өзү токтоп, россиялык күчтөрдүн НАТОлук куралдардын жеткирүү логистикасына сокку уруусунун кажети калбайт көрүнөт. Эске салсак, Россия менен прокси согушка Чыгыш Европанын транспорттук инфраструктурасы даяр эмес, жана коопсуздугу да аксайт.
Зарылдыгы жаралса НАТОнун польшалык Жешув аэродромундагы башкы курал "хабы" бир ракеталык сокку менен жок кылынат (абадан коргонуучу америкалык "Пэтриот" зениттик комплекстери гиперүндүү куралга каршы алсыз).

Согуштук аракеттер театрындагы ыкчам абал

Пентагондогулар Россиянын Аба-космостук күчтөрү акыркы 24 саатта Украинага сокку уруу үчүн 150 аба каттамын жасаганын боолголошот. Күнүнө орточо 30га чейин сокку урулуп, ал эми алгачкы күндөрү бул көрсөткүч 50гө жетчү. Батыш талдоочуларынын пикиринде, Украина Башкы штабы Куралдуу күчтөр жана Улуттук гвардиясынын мариуполдук тобун курчоого салып берди. Бул аракети менен масштабдуу операция жүргүзүүгө жөндөмсүз, стратегиялык ой жүгүртүүсү жоктугун көрсөттү. Коргонуу операциясынын жүрүшүндө башкы командачы Валерий Залужныйдын түшүнүксүз чечимдери көп суроо туудурат. Натыйжада гарнизон менен бирге Мариуполдогу бекемделген район жок болду.
Украина Куралдуу күчтөрү жана Улуттук гвардиясынын бөлүктөрү апрелдин башында "пропагандалык материалга" гана айланып калган.
Fox News телеканалы Украинанын саясий жетекчилиги Пентагондун жоокерлерди Донбасстан Полтава – Днепропетровск – Запорожье сызыгына алып чыгуу сунушун эске албаганын белгилейт.
НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясы. Альянстын саммитине аскердик сереп
Америкалык аскердик кеңешчилер жакын арада Украина Куралдуу күчтөрүнүн "чыгыш фронтто" көп сандагы жана мыкты даярдыктан өткөн топтору курчалып, жок кылынарын, андан соң россиялык күчтөр Украинанын борбордук аймактарына багыт аларын боолголошот.
Киевдик режимди АКШ жана НАТОнун курал жана чалгындоо маалыматтары менен камсыздоо Украина Куралдуу күчтөрүнүн жеңилишин, жоготууларын толуктоого, Украинадагы согуштук аракеттерди болушунча создуктурууга умтулат.
РФ президенти Владимир Путин 12-апрелде Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө РФ Куралдуу күчтөрү "бир калыпта, шашпай, эң башында Башкы штаб сунуштаган планга ылайык" аракет этип жатканын баса белгилеген.
Америкалык курал-жарактын жаңы партиясы жана "дайымкы жердеги конвойлор" Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо процессин токтото албайт. Болгону Украина Куралдуу күчтөрүнүн катарындагы курмандыктардын санын гана арттырат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар
Россиянын БТР-82 Мариуполдун көчөсүндө баратат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европаны биротоло каратып алгысы бар АКШга Россия жолтоо болууда. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0