Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Мариуполдогу алгачкы миң туткун. Украина күчтөрүнүн кыйроо башаты

© AP Photo / Vadim GhirdaУкраиналык аскер
Украиналык аскер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Жазылуу
Мариуполь украиналык нацисттерден дээрлик бошотулуп, "Азовсталь" комбинатынын жер төлөсүндөгү куралдуу каршылык көрсөтүүнүн акыркы очоктору тазаланууда. 36-бригаданын деңиз пехотачылары жапырт багынып берди.
Бул көрүнүш Украина Куралдуу күчтөрүнүн толук талкаланып, америкалык "Анти-Россия" долбоорунун маскара болушунун белгиси деп сыпаттайт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар ал Мариуполь, Донбасстагы абалдан кеп козгоо менен АКШ жана НАТОнун кадамдарына да баам салган.
РФ Коргоо министрлигинен 12-апрелде Мариуполдо деңиз пехотасынын 1026 жоокери, анын ичинде 162 офицер жана 47 аял аскер багынып бергенин кабарлады. Алар – Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскер-деңиз базаларын, жээктеги маанилүү тилкелерди, объектилерди коргоо же басып алууга багытталып, даярдыктан өткөн элиталык атайын жоокерлери.
Жапырт багынып берүү фактысы Россия армиясына каршы согуштук аракеттердин маңызы жоктугун, нацисттик киевдик режимдин күнү бүтүп баратканын аңдаган украиналыктардын саны арбып баратканын айгинелейт. Украина Куралдуу күчтөрүнүн деңиз пехотасынын туткунга түшкөн үч батальону жай эмгектенип, талкаланган Донбассты калыбына келтиришмекчи.
Россия кастарын тиккендер менен тарыхый талашта дайым ынандырарлык жүйөлөрдү таба билет. Атайын аскердик операция башталгандан бери Украина Куралдуу күчтөрүнө таандык 130 учак, 103 тик учак, 244 зениттик ракеталык комплекс, 447 учкучсуз аппарат, 2169 танк жана башка ок өткөрбөс машина, 1174 артиллериялык жана залптык октун реактивдүү тутуму, булардан тышкары ондогон ири арсенал жана жүздөгөн чет элдик жалданма жоокерлер жок кылынды.
Мурдараак россиялык Башкы штаб Украинага 62 мамлекеттен 6500дөн ашуун аскер жалданып келгенин маалымдаган.
Чет өлкө киевдик режим жана Украина Куралдуу күчтөрүнө РФтин атайын аскердик операциясынын натыйжасын өзгөртө албайт. Ал эми "Азовсталь" комбинатынын жер төлөсүндө натолук "ыктыярчылардын" чыга албай турганы жоромол эмес. Мисалы, украиналык деңиз пехотачыларынын арасындагы британ тектүү жоокер Эйден Эслиндин жакындары Би-Би-Сиге: Эйден азык-түлүк, ок-дары түгөнгөнүн, багынып берүүдөн бөлөк арга жок экенин моюндаганын билдиришкен.
Британиялык бул деңиз пехотачысы Мариуполдогу жалгыз "интернационалист" экени түшүнүктүү эмеспи. Испаниялык көзгө атар J.L.C. La Razón журналына Украинадагы маянасы келишимге ылайык, өлтүргөн россиялык жоокер жана офицерлердин санына жараша (ар бир кыйган өмүр үчүн 300 доллар) экенин айтып берген.
Франциялык Le Figaro басылмасы Украинада Британиянын Өзгөчө аба кызматы жана АКШ Армиясынын "Дельта" атайын багыттагы күчтөрүнүн Биринчи ыкчам бөлүгүнүн аскерлеринин аракеттери тууралуу маалымдаган. Түндүк атлантикалык альянстын Россия менен болгон прокси-согушунун дагы көптөгөн сырлары катылуу жатса керек...
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасында аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Европа согушка аттанууда. Ой толгоо

НАТОдон куткаруу

Нацисттик киевдик режимдин башкаруусундагы Украина Куралдуу күчтөрүн жок кылуу – Россия армиясынын маанилүү милдеттеринен. Кошмо штаттардын кызыкчылыгы үчүн миң аскер набыт болгончо ошончо сандагы жоокердин багынып бергени артык. Эмгек күчү украиналык агрессия менен сегиз жыл ичинде талкаланган Донбасстын шаар-кыштактарын калыптандыруу үчүн зарыл эмеспи. Эске салсак, Улуу Ата Мекендик согуштан соң туткунга түшкөн немец аскерлеринин акыркылары советтик курулуш аянттарынан мекенине 1955-жылы гана кайтышкан. Ал эми ГДР СССРге союздаш болуп калган.
Донбасста 100 миңдин тегерегиндеги Украина Куралдуу күчтөрү жана Улуттук гвардиясынын топторун курчоо уланууда. Луганск жана Донецк эл республикаларынын территориясында миңдеген украиналык аскер туткундарын жайгаштыруу электен өткөрүү үчүн кайтарылчу аймакты алдын ала түзүп койгон да жөндүү.
12-апрелде Мариуполь курчоосун жырып чыгууга бир нече жолку далалатынан кийин николаевдик 36-бригадасынын деңиз пехотасынын үч батальонунун багынып бериши
– Донбасстагы согуштук аракеттердин сапаттуу жаңы баскычы, Украина Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам тылда согушка жарамдуулугуна кабелтең сокку.
РФтин каршылашы Украинанын батышында да көбүрөөк жоготууга учурап, ындыны өчүп, күчү алсырап, россиялык күчтөрдүн ракеталык соккуларын күтүү да уйкусун качырат. Бир жагынан Батыштын "акырына дейре" күрөшүүгө чакырыктары, Украина Куралдуу күчтөрүнүн каймактарынын жапырт багынып бериши да мукуратууда. Ал эми киевдик режим өзүнүн жалган маалыматтарынын туткунунда калды.
Армянскидеги РФтин куралдуу күчтөрүн аскердик техникасын колоннасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс үчүн чечүүчү салгылаш. Аскерий сереп

Өзгөрүлсүз милдеттер

АКШ жана НАТОнун стратегдери да Россиянын Украинадагы аскердик мүмкүнчүлүктөрү жана келечегин баалоодо жаңылышат. АКШ Армиясынын Европа командачылыгынын башчысы сенаттагы угууларда Пентагон "чалгындоо маалыматтарындагы боштуктардан улам Россиянын күчүн ашкере баалаган окшойбуз", – деп билдирди.
Британиялык Chatham House борборунун талдоочусу Матье Булег россиялык күчтөр "согуштун биринчи фазасында кыйла алсырады" деген бүтүмгө келип, "аскер резервдериндеги калдыктарынан, Сирия, Армениядан алып келинген аскерлер, "ыкчам пайдалуулугу чектелген" жаңы жоокерлерди катарга алуу менен чыңдоого тырышууда" деген оюн айткан. Батыштын жасалма реалдуулугунда Донбасста Украина Куралдуу күчтөрүнүн тобу курчалып турушуна ынангандар чанда.
New York magazine басылмасы: "Владимир Путин Киевди басып алууга жана Зеленскийди кулатууга күчү жетпеген соң Донбассты көңүл жубатарлык байге катары тартып алууга үмүттөнүп турат", — деп жазган. Ал тургай европалык дипломатия башчысы Жозеп Боррель да танкка отуруп, "Drang nach Osten" жүрүшүнө чыгууга даяр сыяктуу.
Адатынча РФтин "өнөктөштөрү" россиялык президент Владимир Путиндин бекем позициясына анчейин ынабай турушат. Анткен менен ал айткандай, РФ Куралдуу күчтөрү "бир калыпта, жай, эң башында Башкы штаб тарабынан сунушталган планга ылайык" аракет этүүдө (https://t.me/sputniklive/35208).
Россиянын тышкы иштери министри Сергей Лавровду да кылдат тыңдашпаганы көрүнүп турат. Ал: "Атайын аскердик операция АКШнын бейкапар кеңейип жана толук үстөмдүккө алган нугуна чекит коюуга багытталган", — деп билдирген эле.
Катаал реалдуулукка тик карасак, атайын операциянын экинчи баскычында Донбасста украиналык жоокерлер кайсы бир деңгээлде деңиз пехотасынын "контр" адмирал Михаил Белинский атындагы 36-бригадасынын "эрдигин" кайталап туткунга түшүп же россиялык күчтөрдүн соккусунда калып шейит болуудан башка аргасы жок. Эске салсак, аты аталган адмирал – Украина козголоңчу армиясынын штабынын мүчөсү Михаил Белинский 1919-жылы Григорий Котовскийдин кызыл армиячыларына багынбай, өзүн-өзү атып өлтүргөн.
Украинанын аймагындагы аскердик инфраструктурага сокку уруу бир күнгө да токтогон жок. Жамааттык Батыш канчалык кыялга батпасын, көп өлчөмдүү россиялык атайын операция уланууда.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Путин: Батыштын санкциялары өзүндө болуп көрбөгөндөй кризисти жаратты
Жаңылыктар түрмөгү
0