Жаңы Ак үй. Жапаровдун маалымат катчысы элге статистика менен жооп кылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкекте курулчу президенттик администрациянын жаңы имаратынын эскизи
Бишкекте курулчу президенттик администрациянын жаңы имаратынын эскизи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Жазылуу
Маалымат катчы мектептер, ооруканалар, социалдык объектилер курулуп келген жана курула бермекчи деп ишендирди.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Бишкектеги президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна байланыштуу талкууларга статистика, сандар менен жооп берди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев
Пресс-секретарь президента КР Садыра Жапарова Эрбол Султанбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев
"Борбор калаада жаңы административдик имараттын курулушуна байланыштуу талкуулар көпчүлүк учурларда ага чыгымдала турган каражатты мектеп, оорукана же башка социалдык объектилерди курууга жумшаса болмок дегенге келип такалууда. Мында айрым адамдардын бул теманы "оюн" кылып, коомчулуктун көңүлүн башка жакка бургусу келгени түшүнүктүү. Статистикалык маалыматтарга учкай токтоло кетейин", — деп жазды ал социалдык тармактагы постунда.
Анын айткандарын төмөнкүчө бермекчибиз:
акыркы бир жарым жылда өлкөдө 202 мектеп жана алардын спорт залдарынын курулушу жүрүп, 68 мектеп бүткөрүлдү;
акыркы бир жарым жылдын ичинде республика боюнча 159 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктады;
саламаттык сактоо тармагына 2021-жылы 20,9 миллиард сом каралса, 2022-жылы 23,5 миллиард сом бөлүнгөн;
билим берүү тармагына 2021-жылы 40,2 миллиард сом каралса, 2022-жылы 42,1 миллиард сом бөлүнгөн;
социалдык коргоо тармагын камсыздоого 2021-жылы 35,8 миллиард сом бөлүнсө, 2022-жылы 42,2 миллиард сом каралган.
"2022-жылдын 1-апрелинен тарта 309 миң социалдык кызматкердин эмгек акысы жогорулатылганын эске сала кетели. Буга быйылкы жылдын бюджетинен саламаттык сактоо секторуна 5,5 миллиард сом, билим берүү секторуна – 18,5 млрд. сом, социалдык коргоо секторуна 384,4 млн. сом кошумча каражат бөлүү талап кылынат. 2022-жылдын 1-июнунан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык жөлөк пулдардын көлөмүн көтөрүү пландаштырылууда", — деп жазган ал.
Султанбаев мектептер, ооруканалар, социалдык объектилер курулуп келген жана курула бермекчи деп билдирди. Анын айтымында, социалдык чөйрө мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берет.
"Мамлекеттик машина ата мекендик экономиканы көтөрүүнү улантып жатканда өлкөдө мындай объектилер мындан да көп курулат", — деди ал.
Эске салсак, Бишкектин түштүк жагында президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушу башталары белгилүү болуп, Садыр Жапаров анын капсуласын салган.
Жаңы Ак үйдүн эскизи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Жаңы "Ак үйдү" кайсы компания курары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0