Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында кимдер менен күрөшөт. Тизме

© Фото / United World WrestlingОлимпиада оюндарынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова. Архив
Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Жазылуу
Жуманазарова UWW рейтингинде өз категориясында (68 кг) биринчи орунду бербей келет.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова Монголияда өтө турчу Азия чемпионатында кайсы мамлекеттин спортчулары менен күрөшө турганы аныкталды.
Азия чемпионаты 19-24-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында болот. Бириккен күрөш уюму (UWW) катышуучулардын тизмесин жарыялады.
Мээрим килем бетинде 68 килограмм салмактагылар арасында кармашат. Ал беттешчү спортчулар:
Энхсайханы Дэлгэрмаа (Монголия) — U23 дүйнө чемпионатында коло тагынган;
Азода Есбергенова (Өзбекстан);
Соника Худа (Индия);
Нарухи Мацуюки (Япония) — Жаштар арасында дүйнө чемпиону;
Мадина Бакбергенова (Казакстан) — Азиянын эки жолку коло байге ээси;
Суджин Парк (Корея).
Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинде 68 килограмм салмак категориясында биринчи орунда турат.
Кыргызстан балбаны Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекованын атаандаштары аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0