АКШнын Украинадагы биолабораториялары: максаты, каржылоосу жана Байдендердин изи

© AP Photo / Damian DovarganesБиологиялык коркунуч белгиси бар муздаткычы менен адам. Архив
Биологиялык коркунуч белгиси бар муздаткычы менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Жазылуу
Пентагондун Украинадагы биолабораторияларында жапырт жабыркатуучу куралдардын компоненттери жасалып, Россияга чектеш аймакка патогендерди жеткирүүнүн технологиялары иштелип чыккан.
РФ Куралдуу күчтөрүнүн Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операциясы АКШ Коргоо министрлигинин жаман жөрөлгөлүү биологиялык программасынын жашыруун барактарын ачыктады. Ошону менен бирге эле адамгерчиликке таптакыр жат эксперименттерде киевдик режимдин жана америкалык үй-бүлөнүн ролун аныктоого мүмкүндүк бергенин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Бүгүнкү күндө Пентагондун белгилүү бир максатты көздөп, этносторго сибирь жарасынын козгогучтарын прикладдык пайдалануу, конго-крымдык геморрагиялык безгеги, африкалык чочко тумоосунун вирустарын "адаптациялоого" багытталган UP-2, UP-8, UP-9, UP-10 украиналык долбоорлору жөнүндө көптөгөн фактылар калкып чыкты.
Кооптуулугу булардан да кем калышпаган UP-4 жана Р-781 долбоорлору адамга куш жана жарганаттар таратуучу бактериялык жана вирустук патогендерди адамга "жеткирүүнүн" мүмкүнчүлүктөрүн изилдеген.
Март айынын акыркы күнү РФ Коргоо министрлиги дүйнөлүк коомчулукка Америка Кошмо Штаттарынын украиналык территориядагы кылмыштуу аскердик-биологиялык ишмердигин тастыктаган жаңы документ жана далилдерди жарыялады.
Россия Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо бөлүгүнүн жетекчиси Игорь Кириллов 2021-жылы украиналык "Мотор Сич" ишканасынын түркиялык "Байрактар" учкучсуздарын өндүрүүчү менен өз ара аракеттешүүсү жөнүндө айтып берди. Маңызында аталган аппараттар аркылуу биологиялык активдүү аэрозолдорду учкучсуз жеткирүү жана чачуунун технологиялык жолдорун издешкен.
Киевдик режим АКШ менен биргеликте Россия жана анын союздаштарына каршы биологиялык курал колдонууга камылга көргөн. Түркиялык "Байрактар" 300 чакырымга чейинки аралыкты багындыра алат. Бул – жылдап запкы жеп келе жаткан Донецк жана Луганск республикаларынын территорияларын айтпаганда да, Пентагондун Харьковдогу лабораториясынан Белгород, Курск, Воронежге чейинки аралык.
Донецктин борборунда Украинанын ракетасы жарылган жерде турган аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевден пикир: Украинага чындап денацификация керек
Мындан мурун РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев да Россия АКШнын Украинадагы аскердик-биологиялык ишмердигине байланыштуу далилдерин топтоону аяктап калганын маалымдап, жакын арада "Америка Үчүнчү рейхтин (адамдарга мыкаачылык менен эксперимент жасалган) салтын татыктуу улоочуга айланганын бүтүндөй цивилизациялык дүйнө көрөрүн" белгилеген эле.
Украинада Германиянын өзүнүн да аскердик-биологиялык программасы болгонун, ал Бундесвер жана ФРГ Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланганын да белгилей кетели.
Бириккен Улуттар Уюмундагы Россиянын өкүлү Геннадий Гатиловдун маалыматына таянсак, немец дипломаттары жана аскерлери негедир конго-крымдык геморрагиялык безгекти, ошондой эле анын кене аркылуу адамга жугуу ыкмаларын изилдеген. Мында бөтөн аймакта аскердик мекемелердин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишмердиги катаал жол-жобого ылайык жүргүзүлөрүн, ал эми конго-крымдык безгек, хантовирустардын тобунун геморрагиялык безгеги, лептоспироз өлүмгө көп кептей турган, бирок эбак "унутулган" инфекциялык илдеттер экенин эске алуу кажет.
Пентагон, Бундесвер жана киевдик режимдин хантовирустар менен эмнеге машакаттангандары толук түшүнүктүү. РФтин Коргоо министрлигинде алардын Украинада биологиялык курал даярдоо аракеттери жөнүндө бардык далилдер бар. Башта аскер кызматкерлерине изилдөө жүргүзүлөрү айтылганы менен көбүнесе жарандык жактарга, айрыкча славян этносундагы аялдарга эксперимент жасалган. Россиянын чек арасына жапжакын жердеги аскердик-биологиялык ишмердик, бул ишке Пентагонго баш ийген грузиялык биолабораториянын жана Виржиниядагы Политехникалык институттун тартылышы, АКШ аймагында мындай аракеттер жасалбаганы чочулатат. Форт-Детриктеги "борбордук кеңсе" 2019-жылы жабылганы ырас.
Пентагон жаңы биолабораторияларын Түндүк Америкадан ыраак аймактарда түптөп жана каржылоодо. Андай объектилердин баш-аягы 300дөн ашат. РФ Куралдуу күчтөрүнүн Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операциясынан улам АКШнын Украинадагы аскердик-биологиялык долбоорлору коомчулукка маалым болуп, эл аралык резонанс жарата алды. Америкалык Fox News телекомпаниясы Украинадагы биолабораторияларын Пентагон кеминде эле 14 жыл бою каржылап келгенин, долбоорлордун бир даары биологиялык куралдарга байланыштуу болгонун, ал эми расмий түшүндүрмөлөр "күлкү келтирерлик" экенин кабарлады.
АКШ президент Жо Байден уулу Хантер менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Украина изи. Байдендин уулу атасын кайрадан оңтойсуз абалга калтырды
Daily Wire басылмасы Украинадагы биолабораториялары болгонун Пентагон жана АКШ Мамлекеттик департаменти моюнга алганын белгилесе, Global Times АКШнын мурдагы ыплас биологиялык изилдөөлөрүн эске салды. Unz Review Украинада биологиялык курал иштелмелери АКШ бийлигин аскер кылмышкерлери кыларын билдирди.
New York Post басылмасынын иликтөөсү Хантер Байдендин (АКШ президентинин уулу) инвестициялык фонду Украинада "жашыруун америкалык лабораториялардагы" изилдөөлөрдү жүргүзүүнү каржылаганын тастыктаган. Ушундай эле маалыматты британиялык Daily Mail да жарыялаган. Sasapost басылмасы "Украиналык биолабораториялардын айынан дүйнө жаңы пандемияга күбө болобу?" деп собол салган.
Медиамагнат жана АКШнын экс-президенти Дональд Трамп россиялык лидер Владимир Путинден Байденге болгон компроматтын баарын жарыялоону ачык эле өтүндү. Мурда америкалык сенатта мамлекеттик катчынын орун басары Виктория Нуланд "украиналык" биологиялык куралдын бар-жогу туурасындагы суроого: "Украина биологиялык изилдөөлөр объектилерине ээ. Россиялык аскерлер аларды өз көзөмөлүнө алууга аракет кыларынан чочулап турабыз. Ошондуктан изилдөөнүн кандай гана материалы болбосун, россиялык күчтөрдүн колуна тийип калбашы үчүн украиналыктар менен иш алып баруудабыз", - деп жооп берген. Эгер ал курал эмес чымын-чиркей болсо, анчалык кооптонууга эмне себеп? Америкалыктар Киев, Харьков, Одессадагы аскердик лабораториялардан документ, маалыматтар базасынын басымдуу бөлүгүн, Львовдогу биоматериал жана жабдуулардын бир тобун чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бул жолу да алар атагандай "россиялык жалган маалымат" айкындалып отурат. Анан калса бул чындыктын чети гана.
РФтин планетада коопсуздуктун жаңы, калыс тутумун түзүүгө умтулуусун адамзаттын көп жана терең ой жүгүртө алган бөлүгү колдоодо. Маселен, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри жакында мындан улам эл аралык коомчулукка бир сунушу менен чыкты. Анын баамында АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык лабораториялары жөнүндөгү Россия тарабынан жарыяланган маалыматтар "БУУнун бактериялык (биологиялык) жана токсиндик куралдарды иштеп чыгуу, өндүрүү, запастоого тыюу салып, аларды жок кылуу туурасындагы конвенциясы жана механизмдеринин негизинде" изилденип, калыс баа берилиши шарт.
Пентагондун Украинадагы биологиялык лабораториялары жана "Байденгейт" ири "гегемондун" эл аралык аброюн түшүрүп, киевдик режимди жоюп кое алчудай...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Беларусту колдоо жана биолаборатория. Песковдун билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0