Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Киевден пикир: Украинага чындап денацификация керек

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүДонецктин борборунда Украинанын ракетасы жарылган жерде турган аял
Донецктин борборунда Украинанын ракетасы жарылган жерде турган аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Жазылуу
Россия тарабынан башталган Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операциянын үчүнчү аптасы аяктап бараткан маалда Киев соккулар менен "тааныша" баштады.
Ооба, буга дейре россиялык канаттуу ракеталар менен шаардагы аэропорт, телемунара жана анын дублёруна сокку урулган. Түндүк жана түндүк-батыштагы чет жакасында (Гостомель, Буча, Ирпень жана башка шаарларда) чыныгы кармаш жана айыгышкан салгылаш болду. Бирок булардын баары Киевдин өзүндөгү турак үйлөр, ишканалардан ыраакта жүргөнүн белгилейт серепчи Николай Шевченко. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Эки турак үй жабыр тартканы чын, бирок экөө тең жергиликтүү абадан коргонуу тутумунун жосунсуз жоругунун айынан талкаланды. Биринде үйдү өз ракеталары менен курчап, экинчисинде шаар үстүндө учуп бараткан бир нерсени атып түшүрүшкөн.
14-мартта үч "Калибр" "Антонов" авиазаводуна карай бет алды. Кийинчерээк Россиянын Коргоо министрлиги аталган заводдун аймагындагы залптык октун реактивдүү тутуму үчүн ок-дарылар кампасы жок кылынганын жарыялаган. Бирок ок-дарылардын туш-тушка чачыраганы байкалган эмес, ошондуктан алар үйлөргө барып тийген дешке болбойт.
Болжол менен ошол маалда шаардын түндүгүндөгү Богатырь көчөсү 20 дарегиндеги көп батирлүү үйгө бир нерсе учуп тийген. Украинанын өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы үйгө артиллериялык дүрмөттүн тийгенин жана эки киши набыт болгонун кабарлады. Снаряд да болушу ыктымал, бирок ал анда бир гана жолу атылганын боолголойлу. Киевдик абадан коргонуу тутуму Куреневка районунан бир нерсе атып түшүргөн. Анча чоң эмес нерсе өңдөнөт, бирок ошол жердеги үйдүн бир-эки батирин жалын жалмаган.
Андан көп өтпөй украиналык "Точка-У" Донецкиге сокку уруп, ондогон кишинин өлүмүнө алып келди. Ушул соккунун өзү жаңжалды ырбатып, Россия тарабынан олуттуу чара көрүлүшүнө түртмөк. Батыш Украинаны курал менен камсыздоону күчөтүп, ал жактан жеке аскердик компаниялардын кызматкерлери жапырт келиши, алар украиналык олигархтар, эң оболу Ринат Ахметов тарабынан каржыланары, Одессага классикалык либерал-фашист Бернар-Анри Левинин келгени жөнүндөгү уу-дуу кептер тараган маалда мындайга чара көрүлбөй калмак эмес. Ошентип ал күнү РФ Коргоо министрлиги Украинанын аскер-өнөр жай комплексинин кампалары жана ишканаларына түнкүсүн сокку урарын жарыялаган. Шосткада "Импульс" заводуна сокку урулду. Дагы көп ишканаларга урулган соккулар тууралуу маалыматтар чыгышы мүмкүн.
Москвадагы Макдоналдс ресторанынын тактасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын Россияга берген сабагы. Тыянак чыгарчу убак
Бул көрүнүштөргө карабастан украиналык бийлик коомдун басымдуу бөлүгүн миллитаристтик маанайда кармап турууда. Кеп "дүйнө биз менен" дегенге негизделген пропагандада деле эмес, калктын ушул бөлүгү эзелтен берки украиналык: "Бизде эмне айып?" деген соболго баш катырып турганында.
Фронттук Донбасс сегиз жыл бою ар кандай аткылоолорго кабылып келгенин эске салуу аракетинен да майнап жок. Анткени элдин аң-сезимине ал жакта жалаң сепаратисттер, террорчулар, россиялык жалданмалар деген көз карашты сиңирип салышкан.
Донецк жана Луганск эл республикаларында жайкын жашоочулар жана балдар гана набыт болгонун укса да укмаксанга салып, кремлдик жомок катары кабыл алышат. Дал киевдик бийлик жети жыл бою Минск – 2 келишиминин алкагындагы милдеттенмелерин аткарбаганын аларга айтып түшүндүрүү да кажетсиз. Макулдашуу анчалык деле көлөмдүү документ эмес, бирок аны украиналык жарандардын 99,9 пайызы окуганы жок. Бирок күчтүү пропагандадан улам ал Украина үчүн начар, ошондой эле эң оболу аны Москва аткарбай келе жаткандай кабылданат. Жакындагы эле сурамжылоолор 60-70 пайыз эл Минск – 2 келишимин Киевдин шарттарында карап чыгууну жактай турганын көрсөткөнү тегин жерден эмес. Анткени теледен ушундай болушу керектиги тынымсыз кайталанат.
Ал эми Украинада америкалык биолабораториялар, Батыштын республиканы аскердик маңызда өздөштүрүп алышы, тышкы башкаруу, ал түгүл Россия Украинанын аскердик доктринасында жалгыз душманы экени түз аталганынан көпчүлүк кабардар болгону менен ички маселе деп коюшат.
Денацификация жөнүндө түшүнгүлөрү да жок. Албетте, ачык неоулутчулдар калктын беш-он пайызды түзөт деңизчи. Бирок алардын түз жана кыйыр күйөрмандары акыркы жылдары Украинада кыйла өскөн. Баарынан кейиштүүсү ошол 15-20%ды мамлекеттин аракеттери аныктайт. Дал мамлекеттик деңгээлде улутчул коллаборационисттер, болгондо да чыканагына дейре канга малынгандары да баатыр кылып көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, Одессадагы Кесиптик бирлик үйүндө ондогон адамдардын тирүүлөй өрттөлүшүнө украиналык коом үрөй учурган окуя катары эмес, кадыресе көрүнүштөй карайт. Айтор 2014-жылдан тарта украиналык коом чындап эле натуура багытка өзгөргөн. Аны кантип калыбына келтирүү керектигин элестетүү да кыйын. Ошентсе да россиялык жетекчиликтин бул багытта түшүнүгү жана пландары бар деп ынаналы.
Россиянын аскердик техникасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Украинадагы максаты тууралуу сурамжылоо жүргүзүлдү. Жыйынтыгы
Яворов полигонундагы аскердик машыгуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Яворов полигонуна урулган сокку. РФтин НАТО менен Пентагонго соңку эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0