Украина изи. Байдендин уулу атасын кайрадан оңтойсуз абалга калтырды

© OLIVIER DOULIERYАКШ президент Жо Байден уулу Хантер менен. Архивдик сүрөт
АКШ президент Жо Байден уулу Хантер менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Жазылуу
АКШда азыркы президенттин уулу Хантер Байденге козголгон салык иликтөөсү улам кызып барат. Кенже Байден украиналык Burisma газ ишканасынан акча алган деп шектелүүдө.
Ксения Мельникова
Бул ишке коомчулуктун көңүлүн Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Дональд Трамп буруп койду. Сөз арасында анын 2024-жылы өтө турган шайлоого кызуу камданып жатканын белгилей кетели. Уулунун иши Ак үйдүн азыркы башчысы үчүн эмне болуп бүтөрүн Ксения Мельникова боолголоп көргөн. Анын бул тууралуу макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Жаман адаттар

"АКШ прокуратурасынын кызматкерлери Хантер Байдендин украиналык Burisma Holdings Ltd газ компаниясынан алган кирешелери жөнүндө кошумча маалыматты сурашты, — деп маалымдайт The Wall Street Journal.
Америкалык лидердин уулунун өнөктөштөрүнүн бирин да суракка алышкан. Ошону менен бирге эле Хантердин 2018-жылдагы жаман адаттары, сарптоолору жана психикалык абалына кызыгышты. Тергөөнү экс-президент Дональд Трамп баштаткан.
"Алар (прокурорлор) Хантер салык же башка, анын ичинде чет өлкөлүк өкмөттөрдүн кызыкчылыгына лоббисттик ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдарды бузуп-бузбаганын, Украина, Кытай, Казакстан жана башка мамлекеттердеги иш алакаларын текшерип жатышат", — деп жазат аталган басылма.
Кенже Байдендин Украинадагы биолабораторияларды каржылоого катыштыгынан шектенүүгө негиз берген да башка маалыматтар калкып чыкты. Британиялык Daily Mail газетасы электрондук каттарды казып чыккан. Алар Байдендин америкалык өкмөттөн өлүмгө кептөөчү патогендерди изилдөөгө көп миллиондук келишимдерди алуу үчүн Metabiota медициналык компаниясына көмөктөшкөнүн тастыктайт. Дагы башка документтерде ушул фирма Пентагондун подрядчиги Black & Veatch компаниясын тейлегени да айтылат.
Материалдарга таянсак, дал ошол ишкана Украинада "аба аркылуу жугуп, өлүмгө кептей турган инфекциялары козгоочу агент жана токсиндерди изилдөөчү" биолабораторияны курган. Хантер Байден ошол Metabiota менен украиналык Burisma Holdings энергетикалык компаниясын байланыштырган. Алар биргеликте Украинада лабораториялар колдонгон "илимий долбоорду" ишке ашырышкан.
Украина аскери Львовдо машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Киевди батыш куралдары менен тынымсыз жабдуунун түпкү максаты эмне?

Үй-бүлөлүк каржылык жаңжал

Делавэр прокуратурасы кенже Байдендин салык боюнча иштерин анын атасынын шайлоо кампаниясы кызып турган учурунда баштаган. Хантер өзү "дасыккан салык консультанттарынын жардамы менен" мыйзамдуу иш алып барганын кайталаган.
Жозеф Байден "далай оор жеке сыноолордон өтүп, чыйралган уулу менен абдан сыймыктанарын" билдирген. Кезегинде ал жаман адаттары менен ата-энесин бир топ кыйноого салганы тууралуу кептер бар. Бирок жеке турмушунан сөз козгобой, анын украиналык Burisma компаниясы менен байланышындагы жаңжалдуу иш жөнүндөгү кабар заматта медиага тараган.
Хантер 2014-2019-жылдары Burisma ишканасынын директорлор кеңешине кирген. Ал убакта атасы Жозеф Байден вице-президенттикти аркалап, америкалык саясаттын украиналык багытын түптөөгө катышкан. 2017-жылы Хантердин иш өнөктөшү Эрик Швериндин ага жазган каты дагы маалымат айдыңынын өкүлдөрүнүн колуна тийген. Ошол тушта ал кенже Байден тарабынан түптөлгөн Rosemont Seneca Partners ишканасынын президенттигин аркалаган.
Катта Хантер 2014-жылкы салык декларациясында Burisma компаниясынан алган 400 миң доллар кирешесин жазбаганын белгилеп, Шверин бизнес шеригине салык отчётуна "толуктоо киргизүүгө" кеңеш берген.
Тергөөдө Хантердин кытайлык өнөктөштөрү менен кызматташтыгы да суроо жараткан. Алар акча адалдоо жана салык кылмыштары боюнча шектелишет. Бул ишти Федералдык иликтөө бюросунун агенттери, АКШ Ички кирешелер кызматынын кылмыш иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери карап жаткан. Желеге америкалык президенттин уулунун жеке жазышкан дагы бир билдирүүсү тарап кеткен. Анда кайсы бир кытайлык миллиардер маанилүү байланыштар үчүн эле жылына он миллион доллардан төлөгөн.
Мариуполдогу россиялык аскердик техника - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жагдайы: бир айдын жыйынтыгы жана кийинки этапка сереп

Трамптын оюн талаасына кайткысы бар

Burisma иши 2020-жылдагы президенттик шайлоо кампаниясында роль ойногон. Трамп Байдендин адилет саясатчы эмес экенин, уулунун кызыкчылыгы Вашингтондун украиналык багытына таасир эткенине коомчулукту ынандырууга тырышкан. Анткен менен Жозеф окуяны өз пайдасына буруп кеткен. Демократтар Трампты атаандашына компромат издөөгө далалат жасап, Burisma иши Байденге каршы багытта иликтөө үчүн Украина президенти Владимир Зеленскийге кысым көрсөткөн деп айыптап чыгышкан. Кошмо Штаттардын кырк бешинчи президентине импичмент жарыяланып, кийин кайра акташканы маалым эмеспи.
Burisma компаниясына бир нече кылмыш иши козголуп, бирок аягына чыгарылган эмес. Трамп Хантер таржымалын жайгарып коюшканы үчүн америкалык медианы зекигени да эсибизде. Ошентсе да окуя кайрадан маалымат каражаттарынын көңүлүн бурууда. "Кыязы Трамп аны кайрадан күн тартибине киргизүүгө белсенген өңдүү. Бул быйыл күздө Конгресске шайлоо алдында республикачыларга жага бербей калары ырас", — дейт Россия Илимдер академиясынын алдындагы Е.М.Примаков атындагы Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Түндүк америкалык изилдөөлөр борборунун кенже илимий кызматкери Анастасия Бунина.
Хантер Байдендин иши боюнча иликтөөнүн жаңы эпкини 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого даярдыкка байланыштуу болушу мүмкүн экенин боолголойт аталган борбордун жетекчиси Виктория Журавлева.
"Бул – кайра шайланууну самаган Дональд Трамптын жеке оюну. Ал азыркы кырдаалдан пайдаланууда. Украина азыр көңүл чордонунда, улам оозго алынууда. Анан да азыр Байденге ишеним деңгээли абдан төмөн болуп турган учур. Келечекте электораттын колдоосуна ээ болуу үчүн ортого талкуу жаратуучу бир нерсе таштоонун дал убагы. Трамп Россия менен Байдендин аракеттери тууралуу тынымсыз пикирлерин билдирип, оюн талаасына кайтууга тырышууда", — деп түшүндүрөт саясат таануучу.
Анткен менен Журавлева бул быйыл күздө конгресске шайлоодо демократтарга зыянын тийгизерине ишенбейт. Мурдагы салык прокурору Мэтт Мюллер бийликтин аракеттери соттук териштирүүлөрдү каалап-каалабагандыгын айгинелеп коёрун белгилейт. Бирок кенже Байденге жакын арада айып тагылары арсар. Ошондуктан президент атасынын аброюна бул кырдаал анчейин таасир этпесе керек.
АКШнын президенти Европага кетер алдында ядролук чемодан менен жоокерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
АКШ менен НАТО "дүйнөнүн жаңы тартибин" убада кылууда. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0