Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина жагдайы: бир айдын жыйынтыгы жана кийинки этапка сереп

© Sputnik / Виктор Антонюк / Медиабанкка өтүүМариуполдогу россиялык аскердик техника
Мариуполдогу россиялык аскердик техника - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Жазылуу
РФтин Куралдуу күчтөрү Украинада бир нече стратегиялык багытта чабуулун улантууда. Атайын операциянын алгачкы айынын жыйынтыгына караганда анын келерки айдагы жаңы баскычында Украина Куралдуу күчтөрүнүн инфраструктурасына жана резервдерине сокку көп болчудай.
Мариуполдон соң россиялык аскерлер Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донбасста курчалган тобун демилитаризациялоого басым жасашмакчы. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко атайын операциянын биринчи айынын жыйынтыгына токтолуу менен кийинки баскычына баам салган.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү өткөн жума аягында Украинанын чыгышындагы бир нече конуштарын ээлеп, 95-десанттык чабуул коюучу бригадасын эки чакырымчалык жарып кирип, Славянскинин жанындагы Нововеловканын түштүк чегине чыгышты. Луганск Эл Республикасынын аскердик бөлүктөрүнүн чабуулу 5 чакырымга жылды. Донбасстагы украиналык аскерлердин кыйла даярдыктагы топторун курчоо жана бириндетүү уланууда.
Абадан коргонуу тутуму болбосо Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү россиялык авиациянын соккусу алдында өлкөнүн батышына карай жылуу же Днепропетровскиден жардам алуу мүмкүн эмес. Бир сутка ичинде Украинанын аймагындагы 36 аскердик объект кыйратылып, Донецкиде Украина Аскер-аба күчтөрүнө таандык бир Су-27 истребители, Чернигов облусунда төрт Су-24 бомбалоочу учагы, ошондой эле 19 учкучсуз жок кылынды.
Атайын аскердик операция башталгандан бери 308 учкучсуз учуучу аппарат, 1713 танк жана башка зооттолгон машина, залптык октун реактивдүү тутумунун 170 орнотмосу, 715 талаа артиллериясынын куралы жана миномёт, ошондой эле атайын аскердик автомобилдик техниканын 1557 бирдиги иштен чыгарылды. Статистика көрсөтүп тургандай, Украина Куралдуу күчтөрүн демилитаризациялоонун ыргагы жогору.
Украинанын борбору жана батышындагы согуштук аракеттердин жүрүшүнө жараша Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн ок өтпөс оор техникасы, армиялык авиация жана радиоэлектрондук күрөш каражаттары көп пайдаланылышы мүмкүн.
Россиянын Ка-52 чалгындоочу-сокку уруучу тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
"Аллигатордун" артыкчылыгы. Россиялык Ка-52 тик учактарына мүнөздөмө
Түштүк жагынан россиялык аскерлер курчоого алып келе жаткан Киев дале көңүл чордонунда. Украиналык булактар россиялык жоокерлердин чабуулу күч алып баратканын мындайча: "Танктар жайнаган шаарлар бар, ал тургай танк тыгынын жаратууда", — деп сүрөттөшөт. Россиялык жоокерлердин бардык тобу, анын ичинде деңиз күчтөрү да жигердүү аракет этүүдө. Одесса жана Николаевде Украина Куралдуу күчтөрү жана Улуттук гвардиянын гарнизондору бир топ күндөн бири россиялык топторду, десантты деңизден же кургактан чабуулду күтүп жатат. Украиналык жээкке жакын талааларда эптеп-септеп коюлган миналар Румыния, Болгария, Түркияга дейре агып барууда (аталган өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрү азыртан эле төрт мина табышты).
Ыркы кетип, дүрбөлөңгө түшкөн Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү, Улуттук гвардиясы жана территориялык коргоо бөлүктөрүнүн жоокерлери бири-бирине курал кезеп, ок чыгарып, туткундарды сабап, кыйнап, майып кылып жана атып салышкан учурлары көп болууда. Өлкөнүн коргоочуларын көзөмөлдөн чыккан террорчулар жана баш кесерлер тобуна айлантканы киевдик режимдин айласы түгөнгөндүгүнүн белгиси.
Украиналык президенттин кеңсеси калкты салгылаш басаңдап, россиялык чабуул жана ракеталык соккулардын чабалдашы тууралуу жалган маалыматка сугарууда. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматтары чындыкка дал келбейт. Ушул тапта фронт Изюмдан (Харьков облусу) ыкчам жылып, россиялык жоокерлер Запорожье тарапка карай бет алышты. Киевдин четинде украиналык коргонуу кыйрап барат. Жакын арада негизги транспорттук жолдор кесилет. ИИМ башчысынын кеңешчиси Вадим Денисенко Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинанын аскердик инфраструктурасы жана күйүүчү май резервдерине, анын ичинде Польша жана НАТОнун башка өлкөлөрүнөн тымызын жабдылып жаткан арсенал жана мунай базаларына соккуларын күчөтөрүн жоромолдоду.
Батыштагы эксперттер Россия борбор калаанын гарнизонун жана украиналык саясий бийликти дайым чыңалууда кармоо үчүн Киевдин четинде ири аскер база курарын боолголойт. Атайын операциялар аяктаганда кудум Германия жана Япониядагы мыйзамдуу жана турукташтыруучу америкалык аскер базалары сымал Россиянын аскер базалары жаңы, тынчтык сүйөр жана коңшуларына коопсуз Украинанын бир бөлүгүнө айланарын болжоо акылга сыярлык.
Россия президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден Путинди бийликтен четтеткиси бар. Жообу көп күттүрбөйт
Менимче, Киевдин четиндеги Гостомель аэродрому Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы жыйынтыкталганда эки тараптуу макулдашуулардын негизинде Россиянын Аба-десанттык күчтөрүнүн бөлүктөрү бир топко чейин жайгаша турган базага айланышы ыктымал.
Жамааттык Батыш Россияга жаңы кансыз согушту жарыялап, жакын арада Украина Куралдуу күчтөрүн 800 млн. долларга курал менен жабдууну пландап, Киев жеңилген күндө да "акыркы украиналык калганча" согушууга даяр болуп, россиялык атайын операциядан кийин да кайра куралдандыруу планын иштеп чыгып жатканда мындайдан башка жол барбы?
Украинаны денацификациялоо жөн жерден чыккан эмес. Жакында эле дүйнөгө тараган туткунга алынган россиялык жоокерлерди кыйнап жана атылгандары чагылдырылган видеодо Харьковдун чет жакасындагы "Азов" улуттук батальонунун согушкерлери таанылды. Ысымдары да такталды, алар адилеттүү жазасын алары мезгилдин иши. Мындай кылмыштардын мөөнөтү эскирбейт. Украина Куралдуу күчтөрүнүн генералы Валерий Залужный да кол алдындагылардын жосунсуз жоруктарын калкалаганы үчүн жооп берет.
НАТОнун адистери жана алардын айтканын кыңк дебей аткарган Украина Коопсуздук кеңеши алдыда Украинада химиялык заттарды колдонуп ууландыруу спектаклин камдоодо. Мурда мындай схема менен Ирак жана Сирияда машыккандары белгилүү. Ушуну шылтоолоп аталган көз карандысыз мамлекеттердин аймагына америкалык канаттуу ракеталар топтоштурулган сокку урганы маалым. Бирок Европа жана Кошмо Штаттарда өтө пас чагымчылдыктар жана сокку уруучу аскердик каражаттар менен Москваны "ооздуктай" аларына ынангандар калганы арсар.
Россия өз чек араларында "химиялык шоу" уюштурууга жол бербейт. Андай аракет жасалса, "Кинжалдары" менен дароо жооп кайтарыларын бөркүңүздөй көрүңүз. Украина аймагында НАТО менен Россиянын түз аскердик кагылышы өзөктүк эскалацияны жана АКШ менен анын европалык союздаштарынын тарыхына чекит коёру турулуу иш.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
НАТОнун аскерлери Латвиядагы машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Балтиканын сырттандары" жардан нары секирүүгө белсендиби?
Жаңылыктар түрмөгү
0