"Аллигатордун" артыкчылыгы. Россиялык Ка-52 тик учактарына мүнөздөмө

© Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын Ка-52 чалгындоочу-сокку уруучу тик учагы. Архив
Россиянын Ка-52 чалгындоочу-сокку уруучу тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Жазылуу
РФ Куралдуу күчтөрүнүн Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясында россиялык Ка-52 чалгындоочу-сокку уруучу тик учактары майнаптуулугун жана оор, кыйын шарттарда бышыктыгын тастыктады.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Украинадагы атайын операцияда пайдаланылган арсеналдардын арасынан бул ирет "Аллигатор" аталган тик учактын абада жетишкендиктерине, техникалык жана аскердик мүнөздөмөлөрүнө токтолгон.
25-мартта Ка-52 тик учактарынын тобу түнкү сокку менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскердик техникасынын 24 бирдигин, анын ичинде 7 танк, пехотанын 5 унаасын, 3 БТРин жок кылды. Андан үч күн мурун "Аллигаторлор" украиналык 9 танк, 7 пехота унаасы жана БТРди иштен чыгарган.
Мурдараак РФ Коргоо министрлиги Ка-52 тик учактарынын украиналык танкты кыйратканын чагылдырган кадрларды көрсөткөн эле. "Вихрь" танкка каршы тескелүүчү ракеталары 10 чакырымдык, душмандын абадан коргонуу тутумунун аракет зонасынан тыш аралыктан буталарын таамай талкалай алат.
Авиациялык каражаттардын бир кыйла арсеналы Украина Куралдуу күчтөрүнүн зооттолгон техникасы, башкаруу пункттары, жашырынган жерлерин, күчтөрүн ыраак аралыктан, күнү-түнү майнаптуу жок кылууга мүмкүндүк берет.
Бир ай ичинде Ка-52 тик учагынын экипажы Украина Куралдуу күчтөрү жана улуттук батальондорунун түштүктө Херсондон Николаевге, түндүктө Киевден Черниговго чейинки жүздөгөн зооттолгон техникасын, ок атуу түйүндөрүн, таяныч бекеттерин жок кылышты.
Атайын операциянын жүрүшүндө Россиянын армиялык авиациясы аябагандай көп милдеттерди аткарып, жаңы тактикалык ыкмаларды ийгиликтүү колдонууда. Күчтүү "Аллигаторлор" мотоаткычтарды жана танкисттердин чабуулун абадан активдүү колдоп, душмандын тылына десанттык бөлүктөрдү жеткирип, ири оперативдик мейкиндикте Украина Куралдуу күчтөрүнүн зооттолгон техникасын таамай талкалап, колонналарды коштоп, аскердик жүктөрдү жеткирүүдө.
Мурда да Ка-52 тик учактары Сирияда олуттуу сыноодон өткөн. Ошентсе да Украинада аскердик милдети кыйла көбүрөөк. "Аллигаторлор" өтө жапыз учуп, бул учкучтардын ишке кунт коюп, зарыл учурда жагдайга жараша көз-ачып жумганча аракет эте билүүнү талап кылат.
Коргонуунун заманга бап борттук комплекстери экипажга абадагы буталарын таамай талкалоону жана көчмө зениттик ракеталык комплекстерден өз убагында коргоно билүүгө шарт түзөт.
"Аллигатордун" заманбап коргоо тутумуна "Стингердин" жана башка көчмө зениттик ракеталык комплекстердин башка үлгүлөрүнүн ("өнөктөштөр" украиналык армиядан буларды дегеле аяган эмес) "тиши өтпөйт".
Гостомель аэродромунда зениттик ракеталардын 18 ирет чабуулуна кабылып, бирок азыраак жабыркоо менен конгон. Башкысы экипаж жабыр тарткан эмес. Валерий Залужныйдын командачылыгындагы Украина Куралдуу күчтөрү россиялык сокку уруучу "Аллигаторлорго" Arm-3 компьютердик графикасын пайдалануу менен виртуалдуу гана каршылык көрсөтө алат.
Противогаз кийген солдаттар куралдан атуу учурунда. архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада "ак каскачандар" үчүн сценарий даяр. Сереп

Аскерий артыкчылыгы

Ка-52нин ок күчү жогорку салыштырмалуу кубаттуулук, аныктоочу жана буталарды көрсөтүүчү заманбап каражаттар, радиоэлектрондук күрөш, авионика менен шайкеш келип, буталардын бардык түрүнө чабуул коюуга мүмкүндүк берет. Тышкы алты илгичи менен ар кыл класстагы жана принциптеги тескелүүчү ракеталардан (топтолмо жана көлөмдүү-жардыргыч бөлүктөрүн) 2,8 тоннага чейин жүк ташууга болот. Ракеталык куралдануунун кеңири спектри тик учакты анык бир тактикалык милдетти аткарууга ыңгайлаштырууга жол берет.
Жакында "Аллигаторлор" 100 чакырымга чейинки аралыкты багындыра алчу канаттуу ракеталарды пайдаланууга мүмкүндүгүнө ээ болуп, согуш майданында фронттук Су-24М бомбалоочу жана Су-25М чабуул коюучулар менен тең тайлаша алышат. Согуш талаасында "Аллигаторлорго" 500 дүрмөттүү ок-дары комплектиси менен "классикалык" 30 миллиметрлүү 2А42 замбиреги (БМП-2, БТР-82А, БТР-82АТта колдонулгандай) күч кошот.
Экипаждын бекемдиги жана аталган машинанын бышыктыгын кош башкаруу камсыз кылат. Бронясы 300 кг тегерегинде, учкуч секирүүчү орундугу бар (сериялык тик учактарда бул дүйнөдө биринчи ирет орнотулду).
Эки орундуу зооттолгон кабинасы учкучтарды 12,7 миллиметрге чейинки калибрдеги зоотту тешип өтчү ок жана 23 миллиметрге чейинки калибрдүү дүрмөттүн сыныктарынан коргойт. Зооттолушу жана кош башкаруу тутуму Ка-52ни планетадагы кынтыксыз корголгон тик учактардын алдыңкы сабына чыгарат.
Анан калса "Аллигаторлор" ыкчам келип, саатына 320 чакырымга чейин учат (артка – саатына 100 чакырым, борту менен алдыга саатына 80 чакырымга чейин) учат. 5,5 чакырымга чейинки бийиктикте 460 чакырым аралыкка уча алат. Ка-52нин аскердик "өзөгү" – "Аргумент-2000" комплекси, анын курамына "Багет-53" санарип эсептегич машинасы, пилотаждык-навигациялык комплекс, издөө-мээлөөчү система,
"Арбалет-52" радиолокациялык комплекси, булардан тышкары борттук байланыш жана коргоо комплекстери кошулган.
Кубаттуулугун элестүү түшүнүү үчүн комплекстердин биринин мүнөздөмөлөрүн карап чыгалы. Маселен, "Арбалет" 20 бутага чейин коштоп, 5 чакырым аралыктан "Стингер" ракетасын, 12 чакырымга дейре аралыктан танк, 15 чакырымга чейинки аралыктан учактарды "көрүп", маалыматтарды мээлөөчү жана навигациялык тутумга жөнөтүп, кескин жапыз учуштарда тоскоолдуктар тууралуу эскертип турат.
Бир нече ЖК-монитору да экипажды болушунча тийиштүү маалыматтардан кабардар кылууга, курал-жарактын бардык комплексин майнаптуу тескей алат. Тышкы жагдай тууралуу радиолокатор, тепловизор, лазердик аралык өлчөгүч жана камералар маалыматтарды борттук компьютерге өткөрүп, ал учкучтарга кеңеш берип, автоматтык түрдө зениттик ракеталык чабуулдардын мизин кайтарууга жөндөмдүү.
"Витебск" тобунун коргоо тутуму душмандын лазер нурларын, радиолокатор, ракета коё берүүчү түзүлүштөрүн таап, кошумча тоскоолдуктарды өз алдынча колдонуп, инфракызыл жана радиодиапазондо душмандын ракеталарынын мээлегичтерин бузуп, чагылтуучу же жылуу капкандарын аткылайт. Аракеттер жана коргоо каражаттарынын канча калганы боюнча экипажга маалымдап урат.
"Стингерлердин" баары эле Ка-52ге учуп жете албайт. "Укроборонпром" концерни айдай качып же олжого алынган россиялык ушундай тик учактын бир эле бирдигине жарым миллион АКШ доллар сый акы берерин жарыялаганы да тегин жерден эместир.
Россиянын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия дүйнө келечеги үчүн Батыш менен кармашка түштү. Ой толгоо

Экспорттук дарамети

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү аталган машинага жогорку баа берип, 2013-жылы эле сатып алууга кызыгышкан. Paris Air Show аталган тик учактардын америкалык АН–64D Apache Longbow жана франциялык-германиялык Eurocopter Tiger машиналарынан кыйла мыкты экенин көрсөткөн. Ал эми чет өлкөлүк буюртмачылар андан мурун эле кезекке тура башташкан.
Ка-52нин негизинде тик учактын кемелик варианты – Ка-52К "Катран" түзүлгөн. Алгачкылардан болуп аны Египет сатып алган. Негизи эле мындай артыкчылыгы потенциалдуу чет өлкөлүк буюртмачылардын, айрыкча КМШ, Азия жана Латын Американын кызыгуусун туудурат.
Америкалык National Interest баасылмасынын авторлорунун пикиринде Ка-52 тик учагы "сындуу" жана "өтө кооптуу" келет. Business Insider порталы "Аллигаторду" белгилүү америкалык AH-64 Apache менен салыштырып, ал россиялык машинадан куралданышы, корголушу, маневрдүүлүгү, учуштун ылдамдыгы жана ыраактыгы жагынан артта каларын моюнга алган.
"Аллигаторлор" соңку үлгүдөгү америкалык сокку уруучу "Вайпер" (Bell AH-1Z Viper) тик учагынан кем калышпайт. Ошону менен бирге эле Россиялык жогорку технологиялык куралдар наркы менен сапатынын шайкештиги жагынан Батыштагы аналогдорунан дайым алдыда.
Америкалык сокку уруучу "Апач" тик учагынын баасы 52 млн доллардан башталат. РФ Коргоо министрлиги 2011-жылы ар бири 28,5 млн долларга бааланган 140 "Аллигаторго" буюртма берген. Былтыр күздө РФ Коргоо министрлиги Ка-52Мдин ар бирин орточо 15 млн доллардан алган.
Ал эми европалык Tiger машиналарына буюртма кылууда бир бирдиги 27 – 35 млн. еврого (29-38 млн. долларга) сатылат. Сапаты жана наркында айырма бир топ, ошондуктан "Аллигаторлордун" Россия менен достук алакадагы өлкөлөрдө келечеги кең экенинде шек жок.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
НАТОнун аскерлери Латвиядагы машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Балтиканын сырттандары" жардан нары секирүүгө белсендиби?
Жаңылыктар түрмөгү
0