Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Балтиканын сырттандары" жардан нары секирүүгө белсендиби?

© AFP / TOMS NORDEНАТОнун аскерлери Латвиядагы машыгуу учурунда
НАТОнун аскерлери Латвиядагы машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жазылуу
Балтика өлкөлөрүн ашкере аскерлештирип, байма-бай машыгуу өткөрүп, Латвия, Литва, Эстониянын территориясында чет элдик аскердик контингенттерди жана сокку уруучу куралдарды жайгаштыруу менен НАТО аларга чектеш Беларусь, Россия менен катуу жаңжал потенциалын түзүп койду.
"Балтиканын" сырттандары билип туруп мындай жанкечтиликке – өздөрүнө "ыңгайсыз" коңшуларына каршы "азуусун" көрсөтөрү мезгилдин мерчеми же Вашингтондун буйругу. Аскердик баяндамачы Александр Хроленко бул ирет аталган аймакта НАТОнун аракеттерине баам салган.
Украинадагы окуялар НАТОнун чыгышка карай кеңейишинин геосаясий маңызы – демократиянын үрөнү эмес, Москва жана Минск менен айыгышкан согушту тутантуу аракети.
НАТОнун Латвиядагы кеңейтилген (чет элдик) аскердик тобу улам толукталып келет. Канададан курал-жарагы, техникасы менен 460 артиллеристти кабыл алууда. Адажи базасындагы канадалык аскердик контингенттин саны 660ка чыгат. Бул көрсөткүч Латвиянын Улуттук куралдуу күчтөрүнүн ички курамынын 10 пайыздан ашуунун түзөт.
Канадалык адистер Адажи базасындагы латвиялык аскерлердин машыгуу, окууларын уюштурууда негизги ролду ойношот. Ал түгүл канадалыктар аскердик окуулардан согуштук аракеттерге өтүүгө даяр экенин да билдиришкен. "Тынчытуу" операциясынын алкагында Канада Балтикага Halifax тибиндеги ракеталык фрегаттарын да жөнөткөн. Душмандын суу түбүндөгү кайыктарын, суу бетиндеги кемелерин жок кылууга багытталган, ошондой эле мина тосмолорун коюучу CP-140 Aurora кайгуул учагын да жайгаштырат.
Латвияда ансыз деле беш жылдан бери бир топ сандагы жана жакшы куралданган чет өлкөлүк жоокерлердин контингенти бар экенин да белгилей кетели. Тагыраак, Канада, Албания, Чехия, Исландия, Италия, Черногория, Польша, Словения, Испания жана Словакиядан жалпы 1500дөн ашуун аскер келген.
МиГ-31 истребителинин экипажы гипер үндүү ракета Кинжал менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батышка "гипер үндүү" эскертүү. РФтин Украина боюнча атайын операциясына сереп
Украинада Россия Куралдуу күчтөрүнүн атайын операциясынан мурун эле Пентагон Балтика өлкөлөрүнө кошумча 800 аскер кызматкерин Италиядан алып барып, ошондой эле F-35 истребителинен бир нече бирдик жана 30 AH-64 Apache тик учагын жеткирген.
24-февралдан кийин Чыгыш Европага кошумча 22 миңдин тегерегиндеги чет өлкөлүк аскерди жайгаштырып, альянс алгачкы ирет 40 миң колдон куралган ыкчам аракет этүү күчтөрүн уюштурду. Алардын арасында "бейтарап" Финляндия менен Швециядан да аскерлер бар.
Бирок Латвиянын президенти Эгилс Левитс өлкөсүнүн территориясында АКШ Армиясынын дайым болушун талап кылат. Латвиянын коргоо министри Артис Пабрикс Улуттук куралдуу күчтөрүн сокку уруучу түркиялык Bayraktar учкучсуздары менен да камсыздоо маселесин талкуулап, өлкөнүн аскер түзүмүнө байланыштырбастан Украинага кантип дасыккан "ыктыярчыларды" жөнөтүүгө баш катырууда. "Балтиканын башка сырттандары" деле аталган республикадан кем калышпайт. Алар да жардан нары кулоого белен тургандай аракеттерди көрүүдө.
Прибалтика аскер-саясий эскалациянын чордонуна айланып барат. Литва (350 немец солдаты) жана Эстония (1000 британиялык жоокер жана Challenger танктары, 200 француз солдат жана төрт Mirage истребители) чет элдик контингентин көбөйтүүдө. Балтика өлкөлөрү Украинага шериктештигин билдирип россиялык элчиликтердин он кызматкерин өлкөдөн чыгарды.
Латвия, Литва жана Эстония Россиянын деңизден да бөгөттөлүшүн жана өздөрүнүн агрессивдүү аракеттери жазасыз калышын самайт. Ошондуктан Европа биримдиги жана НАТОдогу улук өнөктөштөрүнөн РФтин желеги желбиреген кемелер үчүн деңиз портторун жабууну, ошону менен бирге эле Patriot зениттик ракеталык комплекси өңдүү абадан коргонуу тутумунун акысыз каражаттарын талап кылууда. Литва жакында эле 16 чакырым бийиктикте, 40 чакырымдай аралыктан иштей алган норвегиялык комплекстерге ээ болду. Бирок бул жетишсиз. Литванын түштүгүндөгү үч аптага созулган Unified Response полигондук машыгууларынан соң литвалык улуу князь Альгирдастын атын алган батальон Россиянын Калининград облусуна чектешкен "стратегиялык" Мариямполь уездине жер которгон.
НАТО, Польша жана Украина желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Экинчи фронт", тарыхтагы Мазепа жана Украинанын мамлекеттүүлүгү
Польша жана "үлкөн НАТО" менен Балтика өлкөлөрүн байланыштырган Сувалкск коридорунун түндүк бөлүгүндө литвалык жоокерлер кайгуул жана башка тактикалык операцияларды өздөштүрүп жатышат. Окуулардын уламышында көптөн бери күтүлгөндөй россиялык-белоруссиялык аскерлердин басып кирип, Гродно (Беларусь республикасы) менен Калининград (РФ) облустарынын биригиши, Прибалтиканы басып алуу камтылат. Касташкандары ким? Риторикалык собол, НАТО өлкөлөрүнүн тышкы саясатында аркан кыйла алыс ташталат.
Литвалык президент Гитанас Науседа Пабраддагы полигонго АКШнын Кургактагы күчтөрүнүн зооттолгон танк батальонунун жоокерлерине камуфляж кийип алып жеке өзү барып учурашты.
Бельгия Куралдуу-аба күчтөрүнө таандык F-16 истребителдери Эстониянын аба мейкиндигинде – россиялык чек араларга өтө жакын жерде болушунча жапыз – 150 метрдин тегерегиндеги бийиктикте учууга күн сайын беш сааттан машыгууда. Мындай жапыз учуштар душмандын абадан коргонуу тутумун жиреп өтүү үчүн (Ленинград жана Псков облустарына мүнөздүү) колдонулары белгилүү. Россия анын да камын көргөн, кай тараптан ким катылбасын катыгын берет.
Ошол эле убакта Польшанын аймагы – Беларусь Республикасынын чек арасына жакын жерде АКШнын зооттолгон техникасы кызуу топтолууда. НАТО Чыгыш Европада жаңы төрт тобу түзүлгөнүн жар салууда. Жалпы сегиз топ бар.
РФ Тышкы иштер министрлиги НАТОнун Балтика чөлкөмүндө чет өлкөлүк аскер топторун жана аскердик инфраструктураны көбөйтүшү чагымчылдык мүнөзгө ээ болуп, тирештин даражасын арттырат. Бирок РФтин "өнөктөштөрүнүн" кооптонууга жүйөлүү себеп жок, болушу да мүмкүн эмес.
Тынчтык сүйөр Россия жана Беларустун Балтика өлкөлөрүнө эч кандай территориялык дооматтары жок. Алар Вашингтон жана Брюссель тарабынан кастык жана русофобия тутумуна жасалма түрдө кошулган. Мындай долбоордун соңунда тынчтыкка мажбурлоо (демилитаризация) Россия Куралдуу күчтөрүнүн атайын операциясы байкалат. Москва балтикалык коңшуларынын Россияга каршы саясатынын мааниси жоктугун белгилеп, Латвия, Литва, Эстонияны жардан нары секирүүдөн алыс болууга чакырат. Анткени Европа биримдиги, Кошмо Штаттар жана НАТОнун олчойгон суммадагы каражатына да экинчи өмүрдү сатып ала албайсың.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
ДЭР аскер кызматкерлери Мариупольдогу өткөрмө бекетте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мариуполь курчоосу, НАТОго айбат жана РФтин аскердик чеберчилиги
Жаңылыктар түрмөгү
0