Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Байден Путинди бийликтен четтеткиси бар. Жообу көп күттүрбөйт

© REUTERS / POOLРоссия президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Жо Байден. Архив
Россия президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Жазылуу
АКШнын саясаты өзгөрбөгөнүн саймедиреп, Россия бийлигин алмаштырууга умтулбай турганын айтып жаткан Ак үй эч кимди ынандыра алчудай эмес. Жо Байдендин Варшавадагы кебин жайкап-түзөө аракетинен майнап чыккан жок.
АКШ президенти бир жыл мурун эле Владимир Путинди "жан алгыч" атап, акыркы айда эле эпитеттин далайын колдонууга үлгүрдү. "Аскер кылмышкери", "диктатор жан алгыч", "баш кесер"... Андыктан ишемби күнү Варшавада текстинен четтеп, "Кудайды карагылачы, бул адам бийликте турбашы керек" деп жиберген Байдендин сөзүнө Ак үйдүн кызматкерлеринен башка эч ким деле таң калган жок. Алар дароо эле жетекчисин актап-жактаганга өтүп, "президент Путинге коңшулары же коңшу аймакка бийлик жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк бербеш керек дегенди гана билдирейин дегенин" айтып чыгышты. Администрациясы Байден Путиндин Россиядагы бийлигин, же режимди алмаштыруу тууралуу дегеле кеп кылбаганын улам айтып, эртеси президент өзү да режимди өзгөртүү тууралуу суроого "жок" деп жооп берди.
Байден эмне себептен сөзүнөн баш тартып жатат? Анткени АКШ дагы деле Путинди Украинада жеңем деген үмүттө, башкача айтканда, бул өлкөнүн бир бөлүгүн өз таасири алдында калтырууну көздөп жатат. Ал эми алардын пикиринде бул үчүн Путинди жарга такабай, Москвага Зеленский менен кепке келгенден кийин санкциялардын айрымдары алынат деген үмүт берүү кажет. Такыр эле акылга сыйбаган логика, анткени Кремль АКШ менен, санкцияны кой, ошол эле Украина боюнча кандайдыр бир макулдашууга жетишүү мүмкүн эмес экенине эбак көзү жеткен. Аскердик операциянын башталышы эле Владимир Путиндин башка жолу калбаганын билдирип турат: АКШ менен кепке келүү мүмкүн эмес. Дал ушул себептен улам Украинанын тагдыры сүйлөшүү жолу менен эмес, согуш талаасында чечилип жатат.
Чын-чынына келгенде муну Байден деле жакшы түшүнүүдө, Путинге атырылганы да ушундан. Ачууга алдырат деп ойлошобу? Путиндин стратегиясын анча-мынча билип калган англосактардын анын катуу мүнөзүнөн кабары бар. Андыктан ачуу сөз жана бийликтен четтетүү чакырыктары — Россия жана анын президентине каршы колунан эч нерсе келбей калганын түшүнгөнүнүн белгиси.
АКШ жана Евробиримдигинин желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
FT: Россияга жасалган экономикалык басым Батышты бөлүп-жарышы мүмкүн
Анын үстүнө Путинди алмаштырууга басым жасоо атлантисттер үчүн өтө маанилүү эле, бул жаатта болуп көрбөгөндөй жеңилүүгө дуушар болушту. Россиянын ичинде ызы-чуу жаратып, болбосо "жогору жагында" төңкөрүш чыккыдай кылып экономикага доо кетирүүнү максат кылышкан. 2014-жылы Обама — Байден администрациясы дал ушул "гениалдуу" ой менен Россияга жана "путиндик олигархтарга" каршы санкция киргизген эле. Иштеген жок.
2022-жылы да англосактар ушундай эле логика менен иш алып барып, "орус эли Путин үчүн жооп берет" дегенге эле эмес, Россияны да, Батышты да байырлаган ар бир бай оруска зыян келтирүүгө басым жасап жатат. Бирок бул орустардын басымдуу бөлүгү Россияга каршы болбосо да Путинге каршы экени унутта калган сыяктуу.
Путинге каршы санкциялардын кедергисин Батыш да көрөт, энергоресурстун кымбатташын айтпасак да Батыштан тышкаркы дүйнөнүн долларга, башка валютага, негизи эле англосактар түзгөн дүйнөлүк финансылык системага ишениминин кетиши чоң зыян экени анык. Башкача айтканда, Путинди көздөй мээлеген огу Батыштын өзүнө тийди.
Ал эми Путин Батыштан сырткаркы дүйнөгө диктатор эмес, англосаксондук гегемонияга каршы чакырык таштаган, атлантисттер айласын таба албаган адам болуп калды. Башкача айтканда, Путин Россиянын эле эмес, батышка каршы чыккандардын лидерине айланып бара жатат. Ал эми Байден Россияны башкалардан обочолонтуп жаткандай түр көрсөтүүсүн улантууда.
Биткоиндин сувенирдин тыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Доллардын ордуна биткоин. Соодада криптовалютага орун барбы?
Тээ алыскы 2011-жылы да вице-президент кезинде Байден "Путинди жок кылууга" аракет кылган. Москвага болгон иш сапарында Россиянын ошол кездеги премьер-министрине президенттикке талапкерлигин кайрадан койбогону оң экенин кыйыткан эле. Путин уккан эмес. Анткени АКШга күчтүү, каяша айта ала турган атаандаш кереги жок экенин Путин жакшы билген.
Бул жерде кеп Путинде деле эмес. Россиянын күчтүү, көз каранды болбогон жетекчилери дайым Батыштын кыжырын кайнатып келген. Иван Грозныйды эле эмес, Николай Iди, Александр IIни, Ленин, Сталин, Хрущев, керек болсо Брежневди, айтор, жүргүзгөн саясатына карабастан баарын эле жан алгыч, баш кесер, диктатор атап келишкен. Россия жетекчилиги тышкы аренада англосаксондук элитага кандайдыр бир кооптуулук жаратса эле жеке лидердин өзүн каралоо башталган. Муну жакшы билебиз, андыктан таң калбайбыз деле.
Бир жыл мурун Байдендин мазагына жооп кылган Путин ким кандай сөз оозанса өзү так эле ошондой экенин айтты эле. Демек, Байдендин оозунда болсо Кудайдын кулагында болуп калгысы бардыр. Америка элинин багына "бул адам" чындап эле бийликте калбашы керек.
Жети айдан кийин Байден конгрессти көзөмөлдөй албай калат, импичмент процесси башталат. Трампка каршы ушундай эле аракет үчүн республикачылар жакшы эле өч алышат. Ошондогудай эле импичмент максатына жетпейт, бирок бир топ күчтү алып, Байдендин администрациясынын бийлигин чектеп коёт. Андан соң 2024-жылы президенттик шайлоо өтүп, анда жеңүүчүнүн аты-жөнү эмес, Кошмо Штаттардын биримдигинин бар-жогу бүйүр кызытат. Ошондо кимдин ким экени даана билинет.
АКШ президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Bloomberg: Путиндин сөзүнөн кийин союздаштары Байденди сынга алышты
Жаңылыктар түрмөгү
0