Кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Абанын температурасы көпчүлүк жерде салыштырмалуу төмөндөй турганы айтылды.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун айтты.
Апта аягында көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу жерлерге кар жаашы ыктымал. Бишкекте жаан жаайт.

Чүй, Талас облустары

Чүй менен Таласта 19-мартта жаан, тоолуу жерлерге кар түшүүсү ыктымал. 20-мартта күндүз Таласта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 3...5 градусту көрсөтөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүгүндө дагы дем алыш жаанчыл болору божомолдонду. 20-мартта Ош, Баткен облустарында күндүз жаан жаабай турганы айтылды. Анткен менен абанын температурасы күндүз 3...8 градус жылуу болот.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын менен Ысык-Көлдө апта этегинде кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы эки облуста тең күндүз 0...5 градус суук болот. Түнкүсүн абанын температурасы -6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Бишкекте жоогазындардын гүлдөгөн учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Адаттагыдан жылуу... Апрель айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0