Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шарапов: тез татым жайлары өлгөн малдын этин колдонгон учурлар катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Бакыт Шарапов
Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Бакыт Шарапов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Жазылуу
Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Бакыт Шарапов борбор калаада жалпысынан 1 500дөн ашуун коомдук тамактануучу жай бар экенин маалымдады.
Коомдук тамактануучу жайлар кандай эт жана сүт азыктарын колдонуп жатканын биздин мекеме көзөмөлдөйт. Тилекке каршы, текшерүүнү жылына бир ирет гана жүргүзүүгө уруксат берилген. Бул тууралуу Бакыт Шарапов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Шарапов: тез татым жайлары өлгөн малдын этин колдонгон учурлар катталды
Анын айтымында, борбор калаада 200дөн ашуун тез татым жайлары бар.
"Биздин мекеме коомдук тамактануучу жайлардын кардарларга жасаган тамак-ашына колдонуп жаткан эт жана сүт азыктарын гана текшерет. Мыйзамга ылайык, жылына бир ирет гана текшере алабыз. Андыктан бул жаатта мыйзамды сактабай иштеп жаткан тамактануучу жайлар маал-маалы менен коомчулукка чыгып калууда. Учурда ишти тез татымдардан баштадык. Тилекке каршы, курамында антибиотик көп же өлгөн малдын этин колдонгон учурлар мына ушул тез татым жайларынан аныкталды. Биз этти кайсы жерден алышарын сураганыбызда жаап-жашырып бир топ кыйынчылыктарга туш болдук. Жыйынтыгында мыйзамга дал келбеген шарттарда мал союп саткан эки цехти таап, андагы эттер өрттөлдү. Учурда тез татым менен мал союучу жайларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, каттоого алып, мыйзамдуу иштөөгө чакырып жатабыз. Айрымдары түшүнүп өздөрү келип жатса, кээ бирөөлөрү дале болсо моюн толгоп же жашыруун жол менен ишкерлик кылууну тандашууда. Биз бул ишти аягына чыгарабыз деп ойлойм", — деди Шарапов.
Жетекчи коомдук тамактануучу жайлардагы фитосанитардык абалды жылына бир гана ирет текшерүү аздык кыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0