Россиядан Кыргызстанга же тескерисинче акчаны кантип жөнөтүү керек? УБдин сунушу

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүРубль жана евро купюралары. Архив
Рубль жана евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Жазылуу
10-марттан тарта Visa же Mastercard аркылуу Россиядан Кыргызстанга акча жөнөтүүгө мүмкүн болбой каларын Улуттук банктан билдирди.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Улуттук банктан Sputnik агенттигинин жиберген суроосуна Россиядан Кыргызстанга же тескерисинче ал өлкөгө кантип акча жөнөтүүгө боло тургандыгын айтып беришти.
Маалыматтарга караганда, Visa жана Mastercard аркылуу 10-марттан тарта P2P система (карта аркылуу жеке тараптар ортосундагы акча которуу) менен Россиядан Кыргызстанга акча которууга мүмкүн болбой калат.
"Муну менен катар эле 2020-жылдан тарта улуттук "Элкарт" төлөм системасына "Мир" деп аталган улуттук төлөм карттарынан p2p-акча которуусу боюнча долбоор иштеп баштаган", — деп айтылган маалыматта.
Кыргызстанда улуттук "Элкарт" төлөм системасын россиялык "Мир" деп аталган улуттук төлөм системасы менен интеграциялоо боюнча зарыл болгон иш-чараларды өткөргөн.
"Учурда Кыргызстанда коммерциялык банктардын көбү "Элкартты" контактсыз төлөм жүргүзгөн технология менен ("Элкарт NFC"/"Элкарт Бесконтакт") чыгарып жатат, бул бүгүнкү күндө КРдин чегинен сырткары "Мир" (Россия) системасын жана ага кошуп өнөктөштөрүнүн төлөм системаларын да тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет", — деп билдирди.
Дагы бир учур — Кыргызстандын 20 банкы россиялык "Мир" төлөм карттарын өзүнүн перифериялык түзүмдөрүндө тейлей алары айтылган. Мындан сырткары, 2020-жылдан тарта "Мирден" "Элкартка" которгон P2P долбоору ишке ашкан.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Улуттук банкында эсеп ачпай туруп акча которууга мүмкүнчүлүк берген 12 эл аралык система катталган. Алардын ичинен БЭСТ, "Юнистрим", "Вестерн Юнион", "Золотая Корона", CONTACT, Sendy сыяктуу алты оператор Россиянын аймагында.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Улуттук банк жыл башынан бери 225 миллион доллар сатты
Мунай ташыгычтар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Америка ЖМКлары: АКШ Россия нефтисинен баш тартса, ири чыгымга учурайт
Жаңылыктар түрмөгү
0