Америка ЖМКлары: АКШ Россия нефтисинен баш тартса, ири чыгымга учурайт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүМунай ташыгычтар. Архив
Мунай ташыгычтар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Жазылуу
Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Вашингтон Украинадагы кырдаалга байланыштуу россиялык нефть жана газдан баш тарта турганын айткан.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. АКШнын Россия нефтисинен баш тартышы ири чыгымга алып келет. Бул тууралуу жергиликтүү Hill басылмасы жазды.
Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Вашингтон Украинадагы кырдаалга байланыштуу россиялык нефть жана газдан баш тарта турганын айткан. Ал мындай чектөөлөрдөн улам Америкада күйүүчү май кымбаттай турганын моюндаган. Учурда бензиндин бир галлону (3,8 литр) 75 центке кымбаттап, 4,17 долларга чыкты. Бул тарыхый рекорд болуп эсептелет.
"АКШ, албетте, Россиянын нефтиси менен газы жок деле жашап кете алат. Бирок бул нерсе ири чыгымга алып келет. Негизи ОПЕК уюмуна мүчө мамлекеттер нефтини көбүрөөк казып, АКШга экспорттоо тууралуу ойлонушса болмок. Бирок алар үн катпай жатышат", — деп жазган макаланын автору.
Ошол эле материалда Колорадо штатындагы Мамлекеттик саясат институтунун башчысы Морган Базилиан Жакынкы Чыгыштагы нефть өндүрүүчүлөрдүн АКШга жардам бергиси жок деген пикирин айтты.
"Билишимче Байдендин командасы Сауд Аравия, БАЭ сыяктуу мамлекеттерге кайрыла баштады. Бирок бул өлкөлөрдө АКШнын дипломатиялык таасири анча күчтүү эмес. Андыктан алардын Байденге жардам берүү каалоосу ашып-ташып жаткан жок", — деди Базилиан.
Басылманын пикиринде, Байдендин администрациясы менен Эр-Рияддын мамилеси журналист Жамал Хашукжинин өлүмү тууралуу демократтардын пикиринен кийин муздай түшкөн. Сауд Аравиясынын АКШ тараптан бул өлүмгө айыпталган мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман Аль Сауд "Ак үйдүн кожоюнунун пикири мен үчүн маанилүү эмес" деп жооп берген.

Журналисттин өлүмү

Сауд аравиялык журналист Жамал Хашукжи 2017-жылдан тарта Американын Washington Post гезитинде баяндамачы болуп иштеген. 2018-жылы 2-октябрында Сауд Аравиянын Стамбул шаарында жайгашкан консулдугуна кирип, ошол бойдон чыккан эмес. 20-октябрь күнү Сауд Аравиянын Башкы прокуратурасы журналист Хашукжинин өлгөнүн ырастап, анын өлүмүнө Стамбулдагы консулдукта иштегендер менен болгон пикир келишпестиги себеп экенин билдирген. Алар Хашукжи атайылап өлтүрүлгөндүгүн жана консулдуктун ичинде алгач муунтулуп, андан соң денеси жиликтелгендигин билдирген. Буга мураскер ханзааданы айыптаган болгон.
Анткен менен буга чейин Сауд Аравиянын королдук үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү Жамал Хашукжинин өлүмү боюнча дүйнө коомчулугунун нааразылыгынан кийин мураскор ханзаада Мухаммед бен Салман Аль Саудду тактыга жолотпоо ниетинде болуп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинада биолаборатория бар экенин моюндады
Россия жана Евробиримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЕБ өкүлү: Евробиримдик Россиядан энергияны импорттоого тыюу салбайт
Жаңылыктар түрмөгү
0