Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: эки контурдуу акча системасын киргизүү учуру келди

© Sputnik / Асель СыдыковаМинистрлер кабинетине караштуу экономикалык саясатты изилдөө институтунун эксперти, экономист Улукман Мамытов
Министрлер кабинетине караштуу экономикалык саясатты изилдөө институтунун эксперти, экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Жазылуу
Министрлер кабинетине караштуу экономикалык саясатты изилдөө институтунун эксперти, экономист Улукман Мамытов өлкөнү экономикалык кризистен чыгарууда санарип акча чоң жардамчы боло аларын айтты.
Президент жарандарды акчасын алтынга айландырып сактоо жолун сунуштады. Бул, албетте, туура сунуш, бирок аны андан ары да өркүндөтүп, тактап айтканда, алынган алтындар жөн эле жата бербей көбөйүп туруусу үчүн алтынга байланган санарип баалуу кагазын киргизүү зарыл. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мамытов: эки контурдуу акча системасын киргизүү учуру келди
Анын айтымында, эки контурдуу акча системасын киргизүү керек.
"Санарип акча дейбизби, баалуу кагаз десек да болот, азыр мезгил талабы болуп турат. Аны алтынга байлап жана мамлекеттик банктар өнүктүрүү программаларынын алкагында алектенсе туура болмок. Башкача айтканда, жарандар алтын сатып алуу менен аны банкка алтынга байланган баалуу кагаз менен коюп, санарип акча кадимки сомдой эле карточкаларга түшүп айланып турса болот. Алтын көтөрүлгөн сайын анын да куну жогорулап, элде коркунуч эмес, тескерисинче, ишеним пайда болот эле. Бул контурдук акча системасы деп аталып, тарыхта ийгиликтүү колдонулуп келген учурлар бар. Контурдук акча системасын башка мамлекеттердин колдонушун АКШ каалабайт. Анткени анда доллардын кереги жок болуп калат. Кыргызстанда азыр бул боюнча иштелип чыккан даяр долбоор бар, аны ишке ашыруу тапшырмасын министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Каржы министрлигине тапшырган. Тактап айтканда, башталышында 3 миллион сом менен эле тестирлөөдөн өткөрүү маселеси коюлган. Бирок тиешелүү министрлик айрым мыйзамдарга каршы келип каларын айтып аткаруудан баш тартып келет. Азыркы кризистен чыгарууда бул кошумча ишенимдүү күч болуп берсин десек тезинен мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, тестирлеп көрсөк болмок", — деди Мамытов.
Экономист алтынга байланган баалуу кагаздын иштөө системасы абдан жөнөкөй болорун жана өлкөдө бар алтынды эффективдүү колдонууга жол ачарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0