Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина жагдайы: деңизге жол бүтөлдү

© AFP / ANATOLII STEPANOVУкраинанын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери. Архив
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Жазылуу
Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча россиялык операция пландуу уланып, киевдик режим тарабынан тескелген территория улам азайып, деңиз жолу бүтөлүп барат.
РФтин жоокерлери Украинанын аба мейкиндигин толугу менен көзөмөлдөп, шаардык инфраструктураны кыйратпастан Куралдуу күчтөрүнүн объектилерине гана сокку урууда. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул жолу РФтин атайын операциясынын он күндүгүн талдаган.
РФтин Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Украинанын дээрлик бүт территориясын камтыган кеңири фронтко чабуул коюуда. Өткөн суткада 10 калктуу пункт көзөмөлгө алынды. Ал эми мурдараак россиялык жоокерлер Мелитополь, Геническ, Бердянск, Чернобыль жана Запорожье АЭСтерин көзөмөлгө алып, Киевге, Черниговго, Конотопко, Сумыга, Херсонго бөгөт койду. Түндүк-Крым каналынын иши жандандырылды. Луганск жана Донецк эл республикаларынын аскердик топтору да ийгиликтүү чабуул жасоодо.
Киев жана Харьковдо абал оор бойдон. "Территориялык коргонуу" отряддары жайкын тургундар үчүн тобокелдикти күчөтүп, көчөлөргө мина жайгаштырууда. Харьков жана Мариуполду алуу киевдик режимдин багынып берер маалды жакындатат. Россиялык күчтөрдүн тактикасына ылайык калктуу ири пункттарга чабуул коюлбай, шаарлар жөн гана курчалат.
Украинанын аскердик инфраструктурасы күнү-түнү четинен талкаланууда. Ыраак аралыкка багытталган таамай куралдын соккусунан кечээ Житомирдеги ок-дары кампасы жок кылынды. Эске салсак, анда танкка каршы Javelin жана NLOW комплекстери катылган.
Атайын операциялардын он күнүндө Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын 2037 аскердик объектисин, атап айтканда: 71 башкаруу жана байланыш пунктун, 98 ПВО С-300, "Бук М-1" жана "Оса" зениттик ракеталык комплекстерин, 61 радиолокациялык станция, конуп турган 66 учак жана абадагы 16, 56 учкучсузду, 708 танк жана башка зооттолгон машина, залптык октун реактивдүү тутумунан 74 бирдик, 260тан ашуун артиллерия бирдиги, 505 аскердик автомобилди жок кылышты. Азыр бул милдет жыйынтыкталууда. Россиялык күчтөр жайкын калкка залал келтирип же Украинаны басып алууга ниеттенбегендиктен каршылык көрсөтүүнүн маңызы жок. Украина Куралдуу күчтөрү аба жана деңиз жолдору менен байланышуусуна бөгөт коюлган.
Киевдик режим Польша, Словакия, Венгрия, Румыния менен мамлекеттик чек арасындагы тилкени чет өлкөлүк жалданма аскерлерди жана "коргонуучу" куралдарды коюу үчүн пайдаланууда. Батыштын мындай "кайрымдуулугу" украиналык аскерлер арасындагы курмандыктардын санын гана арттырышы ыктымал. "Өнөктөштөрдүн" Россияга тоскоол этүүчү андай аракеттери атайын операциянын максатына жана аскердик-саясий жыйынтыгына таасир эте албайт. Эске салсак, европалык коопсуздук көйгөйлөрүн дипломатиялык жол менен чечүү боюнча Москванын сунушуна кулак жапырган Вашингтон менен Брюссель экинчи Афганистанга айлантуу үчүн Украинаны ушундай жолго шыкактап турду.
Донецкидеги Периштелер аллеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мертинген бөбөктөр... Периштелер аллеясы эч бир шаарда болбосун!
Харьковдон түндүк-батышка карай украиналык коргоо бөлүктөрү биротоло басылды. Бул Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн батыш багытында кайра топтошуу аракеттерин алдын алууга шарт түзөт. Украинанын маалымат каражаттары коомчулуктан фронттогу жеңилүү фактысын жашыруу үчүн картада шаарларды "жылдырууга" өттү. Болгону он гана күн өттү. Россиялык атайын операция Днепр чегинде токтобой, чыгыштан, түндүк жана түштүктөн чабуул коюу Киевди, анан ирети менен Николаев, Одесса, Львов толугу менен бөгөткө алууга мүмкүндүк берет. Батышта чет өлкөлүк жалданма аскер жана курал-жарак агымын алдын алууга туура келет.
Азов жана Кара деңизде Россиянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн кемелери, Кургактагы күчтөрдөгү топтордун дарамети мында толук пайдаланылган жок. АКШ чалгын кызматы Россия Украинага кыйратуучу сокку уруудан баш тартууда деп түйшөлүп турат. америкалыктардын көпчүлүгү үчүн Мосул менен Киевдин айырмасы деле жок.
Киев бийлиги криминалитетке 25000ден ашуун Калашников автоматтарын карматып, анын айынан жүздөгөн жай жаран окко учту. 5-мартта Мариуполь жана Волновахтан болжонуп жаткан 200 миң качкындан 17 гана киши ачык гуманитардык коридорду пайдаланды. Улутчулдар жай жарандарды, ал тургай чет өлкөлүктөрдү чыгарбай, аларды "тирүү калкан" катары колдонуп жатышканы маалым.
БУУнун Коопсуздук кеңешинде африкалык өлкөлөр украиналык чек арадагы кызыл терилүү адамдарды басмырлоону кескин сынга алганы тегин жерден эмес. Ал тургай америкалык Washington Post газетасы да Украина "кандуу онлайн-кампания уюштуруп, бул менен Женева конвенцияларын" бузуп жатканына кыжырдануу менен билдирүү жасады.
Кандай болгон күндө да россиялык жоокерлер милдетин аткарып, украиналык аймакта ак-караны так ажырата билет. Ал эми киевдик режимдин акылга сыйбаган жоруктарына россиялык президент Владимир Путин да токтолуп: "Эгер азыркы кылгандарын дагы уланта бере турган болсо, алар мамлекеттүүлүккө да доо кетирерин" эскертти.
Европалык дипломатия башчысы Жозеп Боррель испан радиосунун обосунда Европа биримдиги Россия менен согуш жүргүзбөгөнүн, тек гана чабуул коюлган Украина тарапта экенин билдирди. Мурда Боррель Украина Куралдуу күчтөрүнө жардам иретинде 450 млн. еврого учуучу курал тутумдарын жөнөтүү керектигин айткан эле. Европа биримдиги НАТО менен Пентагондун филиалы болуп калганы чын өңдөнөт.
Улуттук тууну кармап турган румын жоокери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Румыния да Европанын от күйгөн жерлеринин бирине айланып калабы?
РФтин тышкы чалгын кызматы Польшанын Украинага курал жана жалданма жоокер жөнөтүүчү базага айланып баратканын билдирди. Аталган республиканын аймагында АКШ, Британия, Канада жана НАТОнун бир катар өлкөлөрүнөн чалгындоочу түйүн уюштурулган. Ал киевдик режимге россиялык аскерлердин жылышы жөнүндө маалымат менен камсыз кылып турат.
Bild газетасы Берлин Украина Куралдуу күчтөрүнө танкка каршы коргонуучу 1000 комплекс жана 500 бирдик "Стингер" зениттик ракеталык-замбиректик комплекс, ошондой эле кезегинде ГДРге таандык, 35 жыл кампада сакталуу турган "Стрела" көчмө зениттик-ракеталык комплекстеринен 2700 бирдик берүүнү чечкенин маалымдады. Эмне үчүн ушундай камкордук көрүмүш кылышат? Украинанын территориясынын басымдуу бөлүгүндө азыр гуманитардык кырдаал оор, бирок европалыктардын көпчүлүгү үчүн бул тек гана – "коррида" (оюн).
Америкалык "күйөрмандары" украиналыктарга түркиялык "Байрактар" жардам бере алар бекен деген тейде карап турушат. Пентагон качантан бери эле эзелки A-10 Warthog 280 даанасынан арылууну көздөп келген. Бирок аларды Украинага өткөрүү АКШ Аскер-аба күчтөрүндө талкууланган да жок.
АКШ аскер-аба күчтөрү министри Фрэнк Кендалл 3-мартта: "Россия жана башка касташкан өлкөлөрдү жана уюмдарды эсептен чыгарбаган күндө да Кытайдын дымагы, ресурстары жана авторитардык тутуму аны АКШнын улуттук коопсуздугуна жападан жалгыз кооптуу коркунучка айлантат”, — деди.
Румыния жана Словакиянын украиналык учкучтарга жардам берүүгө ниети бар, бирок НАТОнун катарында эскилиги жеткен, советтик өндүрүштөгү истребителдеринин ордун басар бирдик жок. Украина асманында НАТОнун учуу зонасы жөнүндө кеп да азырынча бүдөмүк.
Ондогон жылдар өтүп, украин эли кайрадан россиялыктарга боордош, ырашкерликтеги калкка айланат. Жамааттык Батыштын кылымдардан берки келе жаткан агрессиясына Россия көнүп деле бүткөн. Ошондуктан азыркы ырбаган жагдайды да көтөрүп кете алары бышык.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинадагы атайын операция дээрлик соңуна чыгып калды
Жаңылыктар түрмөгү
0