Апта ирмеми: Дубайдагы келечектин музейинен сынактагы кыздарга чейин
Апта ирмеми: Дубайдагы келечектин музейинен сынактагы кыздарга чейин
Sputnik Кыргызстан
Этна вулканынын жарылышы, "Бэтмендин" презентациясы жана ДЭР менен ЛЭРдин тургундарын эвакуациялоо — Sputnik Кыргызстан узаган жумада дүйнө жүзүндө болгон эң... 02.03.2022, Sputnik Кыргызстан
Этна вулканынын жарылышы, "Бэтмендин" презентациясы жана ДЭР менен ЛЭРдин тургундарын эвакуациялоо — Sputnik Кыргызстан узаган жумада дүйнө жүзүндө болгон эң орчундуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.
Дубайдагы (БАЭ) келечектин музейинин ачылышынын салтанаты. Мындай кооздук архитектуралык керемет деп эсептелип, атагы дүйнөгө тарады. Жети кабаттуу имарат 30 чарчы метр аянтты түзүп, узундугу 77 метрге жетет. Сырткы көрүнүшү (17 миң чарчы метр) араб каллиграфиясы менен жасалгаланган
Россиянын президенти Владимир Путин Луганск Эл Республикасы (ЛЭР) жана Донецк Эл Республикасынын (ДЭР) эгемендүүлүгүн таануу жарлыгына кол коюу маалында
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Түркияда беделдүү Yasar Dogu эл аралык турниринде алтын медаль утту. Ал финалда австриялык Мартина Кюнц менен күрөшүп 6:4 эсебинде жеңип алды
Крымдагы аскердик техникалар колоннасындагы Россия Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери. Россия Донбасска атайын операциясын 24-февраль күнү таңда баштаган. Анын максатын президент Владимир Путин Украинаны "демилитаризациялоо жана денацификациялоо" деп атаган
27-февраль күнү Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өттү. Кол менен саноонун жыйынтыгында Биринчи май округунан Эльвира Сурабалдиева 47,89 пайыз, ал эми Свердлов округунан Абдурахманхаджи Муртазалиев 19,53 пайыз добуш менен алдыга чыкты.