Россиянын Украинадагы атайын операциясынын алгачкы жыйынтыгы. 72 саат калды

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАрмянскиде Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн "Град" көп жолу ракеталык системалары. Архивдик сүрөт
Армянскиде Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Град көп жолу ракеталык системалары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Жазылуу
Россиянын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясы динамикалуу жана пландуу жүрүп жатат. Алгачкы суткада коюлган максаттар аткарылды.
Американын чалгыны Киевдин нацисттик режими 72 сааттан кийин ишин токтото турганын билдирди, бирок украин эли үчүн ызы-чуунун эртерээк бүткөнү жакшы. Биринчи күндүн жыйынтыгына аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.
Россиянын жогорку тактыктагы ракеталык соккуларынын натыйжасында бир сутка ичинде Украина абадан коргонуу жөндөмүнөн ажырады, Куралдуу күчтөрү согуштук инфраструктурасынын маанилүү делген 118 объектисинен кол жууду. 11 аэродром, Очаковдогу база, штабдар, 5 аскердик учак, бир тик учак жана беш учкучсуз башкарылчу Bayraktar жок кылынды. РФ Коргоо министрлиги Киев ракета-бомбалык соккуга кабылбаганын, 25-февраль күнү украиналыктар адашып өзүнүн Су-27 учагын атып түшүрүп алганын белгиледи.
Донецк менен Луганск элдик республикаларынын аскердик түзүлүштөрү Украина армиясы менен улуттук батальондорунан өтүп, россиялык артиллерия менен авиациянын колдоосунда батышты көздөй 12 чакырымга киришти. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн десанты 24-февралда Киев облусундагы Гостомель аэродромуна түшүп, Украинанын борбор калаасын батыш тараптан тосуп койду.
Россиялык бөлүктөр, мындан тышкары, Чернигов шаарын курчап, түндүктөгү Сума облустук борборун жана түштүктөгү Херсонду толук көзөмөлгө алышты. Армия түндүк менен түштүк тараптан Черкассты көздөй багыт алууда. Натыйжада Украинанын чыгышына көбүрөөк топтолгон армиясы курчоого алынып, талкаланганы турат.
АКШ президенти Жо Байден. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Байден Европага АКШнын кошумча күчтөрүн жайгаштырууга буйрук берди
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Донбасстагы согуштук аракеттерге азыр дээрлик катышкан жок. Украиналык нацисттердин батальондору гана каршылык көрсөтүүдө. 36-бригаданын бөлүгү ДЭРден көз карандысыз республиканын аймагына чыгып, курал-жарагын тапшырып берүү үчүн коридор сурады. Бул улуттук кызыкчылыктардын дал келген биринчи учуру эмес.
РФ Коргоо министрлиги 25-февралда россиялык десантчылар менен Украинанын Чернобыль АЭСин коргоо батальонунун аскерлеринин бирге жүргүзгөн иш-аракети тууралуу кабарлады.
Аталган министрликтин маалыматына ылайык, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө буга чейин кошулган улутчулдар ушу тапта "ишенимсиз" жоокерлерди аныктап, аларды аеосуз атып жатат. Мындан тышкары, Киев режими калкка эч көзөмөлсүз курал-жарак таратууда, 90 суткалык жалпы мобилизация жарыяланды. Россиялык операция андан эрте ийгиликтүү аяктайт.
Украинанын номери тагылган автоунаалардын Польша, Словакия, Венгрия жана Румынияны көздөй кеткен жолдо тизилип турушу элдин бандералык бийликти коргоого каршы экенин айгинелеп турат. Киевдеги Шевченко аянтында "Град" түзүлүшүн орнотуу менен Украина тынч калкты калкан катары пайдаланып, аскерий кылмышка барууда.
Президент РФ В. Путин принял верительные грамоты у послов иностранных государств - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ, Британия, Канада Путин менен Лавровго каршы санкция киргизди. Москванын жообу

Демилитаризациянын масштабы жана кесепети

Россиянын аскер күчтөрү алгачкы сааттарда эле абада, деңизде, негизги магистралдарда үстөмдүгүн көрсөтүп, АКШ менен НАТОнун канча жылдан бери Украинага ташыган курал-техникасынын быт-чытын чыгарып койду.
Пентагондун маалыматы боюнча, Россия жогорку тактыктагы 160 канаттуу ракета колдонгон. Украинанын куралдуу күчүнөн айырмаланып, Донбасста россиялык армия тынч элге ок аткан жок. РФ күчтөрүнүн азыркы аракети агрессорду тынчтыкка мажбурлаган 2008-жылдын августун эске салат. Анда Грузиянын бир да жай тургуну каза тапкан эмес (Түштүк Осетиянын тургундары Грузия агрессиясынын курмандыгы болушкан).
Атайын операциянын ири делген украин аймагындагы тактыгы, дааналыгы, эффективдүүлүгү Пентагон менен НАТОдогу "өнөктөштөргө" жакшы окуу куралы болуп бере алат. Армиясы менен аскер күчүн мындай дэңгээлге жеткире албай бушайман болуп жүргөнү маалым эмеспи.
Баса, Украина ээлеген территориясы (603,548 км²) жана калкынын саны (43 млн. киши) жагынан АКШ менен НАТО 20 жылдык согуш жүргүзүп, жаңы коопсуз өлкө кыла албаган Афганистан менен бирдей. "Өнөктөштөр" Россиянын Үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алып бергени үчүн ага ыраазы гана болушу керек.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Украина Минскиде жолугуп сүйлөшүү идеясын кайра жактырбай жатат
АКШ менен НАТО салтка айланып калгандай эле Украинада да кан-жаны менен берилгендерди сызга отургузуп, Россия менен өздөрү жеке согушууну каалабай турганын дагы бир ирет көрсөттү. Украинанын мисалында НАТОго "талапкерлер" туура жыйынтык чыгарды. Алсак, Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили өлкөсү Россияга каршы жарыяланган финансылык-экономикалык санкцияларга катышпай турганын билдирди.
ЕБ менен АКШнын антироссиялык санкция жарыялоосунун фонунда (мунун өзү Батыш Европаны ичинен солкулдатып койду) РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада өткөргөн маалымат жыйынында Россия Украинанын демилитаризациясы менен денацификациясын камсыздай турганын тастыктады. Москва сүйлөшүүгө даяр, "бардык чечимдер кабыл алынды", "өнөктөштөр" кандайдыр бир компромисс болот деп куру кыялга алдырбашы керек. Зеленский тарабынан сунушталган тычтык, нейтралитет жана коопсуздук кепилдиги тууралуу сүйлөшүүлөр жөн гана тузак болушу мүмкүн.
Россия "баңги жана неонацисттердин тобу" менен бир пикирге келүүгө үмүт артпайт. Бул тууралуу Владимир Путин 25-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинде билдирди. Ошол эле учурда Минскиде өтүүчү сүйлөшүүгө делегация жиберүүгө даяр. Албетте, ультиматум коюлат. Россия президенти Укрина аскерлерине кайрылып, "бийликти колуңарга алгыла, силер менен сүйлөшүү алда канча жеңил өтөт окшойт" деди.
Киев украиналык нацисттерден бошотулгандан кийин өлкөдө көп нерсе өзгөрөт. Улуу Британия Украинанын өкмөт мүчөлөрү менен Владимир Зеленскийге баш паанек берүүгө даяр экенин бир нерсени сезип-туюп сунуштап жатат да.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
БУУнун Коопсуздук кеңеши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия БУУнун Украина боюнча резолюциясына бөгөт койду
Жаңылыктар түрмөгү
0