Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыш Россияга каршы эми экономикалык согуш ачты

© Sputnik / Рамиль СитдиковУкраинанын, Евробиримдиктин жана АКШнын желектери. Архив
Украинанын, Евробиримдиктин жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Жазылуу
Макала жазылып жатканда россиялык аскерлер Харьковго кирген. Херсон, Бердянск блоктолуп, Мелитополь бошотулду. РФ спецназы Гостомель аэропортун алуу үчүн укмуштуудай операция өткөрүп, муну менен Киевге кирип-чыккан жолдун баарын тосту.
"Це Европа" бүттү окшойт. Зеленскийдин кайда экени белгисиз, сүйлөшүү тууралуу ар кай жерден үн салып отурат. Украина дагы бир аз ызы-чуу түшүшү мүмкүн, бирок жалпы жонунан тагдыры чечилип калды окшойт дейт россиялык журналист Виктория Никифорова. Макала РИА Новости агенттигине жарыяланган.
Мына ушул жерден Россиянын Батыштагы өнөктөштөрү эсине келе калды окшойт. Көрсө, алар да Россия менен согушкусу келип жатыптыр. Жок, Украинага жоокер жөнөтпөйт. Владимир Путиндин: "Бизге жолтоо болом дегендерге, өлкөгө кооптуулук жаратам дегендерге Россия ыкчамдык менен жооп берет, тарыхыңарда болуп көрбөгөндөй кесепетке кептейт", – деген сөзү эми араң жетти окшойт.
Ошентсе да Украинага курал-жарактын жаңы партиясы келди. Жо Байден жалпы 350 миллион долларлык курал-жарак жөнөтүүнү колдоп берди. Нидерланд танкага каршы Panzerfaust гранатометунан 50нү жана 400 реактивдүү снаряд жөнөтүп жатат.
"Панцерфауст" аталышын таанып жатасыңарбы? Туура, бул немецтик гранатомет, Улуу Ата Мекендик согуш маалында Чыгыш флангында фашисттер колдонуп келген гранатометтун "небереси" десек болот.
Германия бийлиги да Украинага курал-жарак жеткирүүнү колдоду. Бир нече сааттан кийин чыр чыккан аймакка курал-жарак жөнөтпөй турган саясатына каршы чыгып, кийин өздөрү да катыша турган болушту. Ошентип Украинага танкага каршы куралдан 1 000 бирдик жана 500 "стингер" жөнөтүлөт. Таң калган деле жокпуз: ГФР олку-солку болуп туруп, баары бир үчүнчү рейхтин жетекчилиги баскан жол менен кетүүнү чечти.
Ошол эле маалда Батыш мамлекеттери акылга сыйбаган эки жүздүүлүк менен БУУнун Коопсуздук кеңешинде Россияны "агрессияны токтууга" чакырып, аскерин чыгарып кетүүгө чакырууда. Эмне үчүн? Кан төгүүнү көбүрөөк убакытка созуу үчүн. Бирок эң башкысы, Батыштагы контрагенттер өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөөдө. Талап-тоноп калыш керек да! Ал арада Россияга каршы санкциялардын бир нече пакетин жарыялап жиберишти, тизмектегенден да чарчап кетет экенсиң. Бул чектөөлөрдүн маани-маңызы эмнеде? Админресурс пайдаланылган адилетсиз атаандаштык менен элди бүлгүнгө учуратууда.
Россия 30 жыл бою эл аралык коомчулуктун эрежеси менен иш жүргүзүүгө аракет кылды. Болгон күчүн жумшады. Эмне себептен? Атаандаштык эрежеге ылайык жүргүзүлгөндө Россия дүйнөдөгү алдыңкы державага айланмак. Ансыз деле болду деңизчи. ИДПны сатып алуучулук жөндөмдүүлүктүн паритети (ППС) аркылуу деле эсептеп, же чет өлкөгө саякаттап келиңиз. Экономикадан алыс адам деле Россия бүгүнкү күндө жашоо деңгээли бийик, мыкты өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн алдыңкы катарында экенин көрүп-билет.
FIFA логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
FIFA эл аралык оюндарда Россиянын туусу менен гимнине тыюу салды
Дал ушул нерсе көп кишини тамагына сайылган тикен болууда. Ушунун айынан эбактан бери ишенип келген ачык атаандаштыктын эрежеси жок болду.
Россиянын Украинадагы атайын операцисы жөн гана шылтоо. Санкциялар ансыз деле жаамак. Бирок бүгүнкү күндө бул жөн гана чектөө болуудан калды. Батыш ачык эле Россияны жок кылуу үчүн экономикалык согуш жарыялады.
Өлкө жетекчилигине каршы өзүнчө рестрикциялар киргизилип жатат. Путин, Ларов, Шойгунун чет жактагы жок эсептерин тоңдурат имиш. Күлкүнү келтирбегилечи. Бул кишилерди Елисей талаасындагы шопингден алда канча олуттуу маселелер тынчын алары көрүнүп турбайбы. Сен-Тропедеги оюн-зоокторсуз деле эптеп күн көрөт. Болбосо мамлекеттин саясаты таптакыр башкача болбойт беле.
Батыш мамлекеттеринин жетекчилери россиялык лидерлердин жок эсебин жабабыз деп майдачылдыгын көрсөтүп койду. Баары эсептеги акча менен чечилет дешсе керек. Албетте, алар муну менен эле чектелип калышпайт. Россиялык банктар SWIFT системасынан өчүрүлө баштады. Өкмөт алдын ала чараларын эбак эле көрүп, бүгүнкү күндө баары кадимкисиндей иштеп жатат. Бирок чет жакта россиялык банктардын басымдуу бөлүгүнүн картасы төлөм жүргүзүүгө жарабай турат. Бул адамдарга урулган сокку.
Ошол эле маалда АКШ менен Евробиримдик Россиянын Центробанкынын валюта резервине санкция киргизүүдө. Бул жерде да бир куйтулук бар. Центробанк долларды кайсы активде кармай турганын так айтуу кыйын. Демек, анын канчасы чектөөгө кабыларын болжоп болбойт. Кандай болгон күндө да кеп миллиарддаган доллар тууралуу болуп жатканы анык. Баса, чектөө Центробанктын куну төмөндөп бара жаткан рублге таканчык боло албай калышы үчүн ички рыноктогу валюталык интервенциясын кыйындатууга багытталган.
"Санкция", "тоңдуруу", "блоктоо" деген эмне деги? Жалпак тилге салганда кадимки эле талап-тоноочулук. Эки жыл мурун ушундай эле жол менен Венесуэла каракталган. Өкмөтү Лондондон өзүнө таандык алтын запасын сурап кайрылды эле, терс жооп алып шаабайы сууп отуруп калды. Кечээ жакында эле АКШ Афганистандын Борбордук банкынын бардык финансы активдерин "тоңдуруп" уурдап алды. Ар нерсени өз аты менен атайлы да.
Узакка чейин кеп болгон "Каддафинин миллиарддары" кайда? Кайда болмок эле? Америкалыктар уурдап алышты. Эми Россиянын Борбордук банкын талаганы турушат.
Бул өлкөгө да, элге да урулган сокку. Украинадагы атайын операцияны колдойбу же Украина желегин желбиретип турабы, айырмасы жок. Бул Россияга тикелей кол салуу.
Бүгүн бейбаштар ар кыл өлкөдөгү элчиликтерге чабуул жасоодо. Советтик жоокерлердин эстелигин талкалап жатышат. Орустарга каршы хейт күчтүү. Таң каларлык эки жүздүүлүк менен премьери Жонсон башында турган британиялык парламентарийлер орус элине эч дооматы жок экенин айтууда. Айтып оозун жыя электе өлкөдөгү орустардын баарын чыгарып салууга үндөп жатат. Эмне айыбы үчүн? Анткени орустар.
Кооз сөзгө жашынуунун маалы өттү го дейм. Биз маданияттуу русофобия дегенибиз неонацизмге айланууда. Фашизмдин толукталган, оңдолуп-түздөлгөн жаңы түрү. Бул ирет Евразиянын бардык славян калкы бутага алынып турат.
Бирок ушу тапта Россиянын мындай чабуулга туруштук берип, кайра катаал жооп кайтарууга бардык мүмкүнчүлүгү бар. Россия дал ушул себептен сегиз жыл күткөн. Жеңишке жетем деп күткөн.
Россия жана Евробиримдиктин желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын Россияга каршы санкциялары. КМШ өлкөлөрүнө таасири кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0