Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиянын Украинадагы атайын операциясы. Максат — демилитаризация

© Sputnik / Антон Вергун / Медиабанкка өтүүУкраинадагы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик техникасынын колоннасы
Украинадагы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик техникасынын колоннасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Жазылуу
Окуя ЛЭР менен ДЭРдин Россияга жардам сураган кайрылуусунун негизинде тездик менен өнүгүп жатат.
Россиянын Украинадагы аскердик операциясы — аргасыздан барган, коргонуу чарасы. Ошону менен бирге НАТОнун чыгышты көздөй көп жылдан берки кеңейишинин, Киев режиминин антироссиялык кадамдарынын Батыш тарабынан колдоого алынышынын, АКШ менен альянстын Украина аймагына жылып киришинин мыйзам ченемдүү жыйынтыгы. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко оңой эмес кырдаалдын себебин түшүндүрүүгө аракет кылган.
Россия президенти Владимир Путин 24-февраль күнү Украинада атайын аскердик операция баштай турганын жар салды. Башкы максат — коңшу өлкөнү демилитаризациялоо (куралсыздандыруу) жана денацификация (нацисттик идеологиядан тазалоо), Донбасстын карапайым калкын көп жылга созулган кыйноодон коргоо.
Окуя ЛЭР менен ДЭРдин Россияга жардам сураган кайрылуусунун негизинде тездик менен өнүгүп жатат.
РФ Коргоо министрлиги Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскерий авиациясы менен бардык авиабазаларынын инфраструктурасы жогорку тактыктагы сокку менен жок кылынып, абадан коргонуу системасынын ишине түшкө чейин эле бөгөт коюлганын кабарлады. Россиянын расмий өкүлү генерал Игорь Конашенков ЛЭР менен ДЭРдин аскерлери Украина куралдуу күчтөрүнүн эшелондук коргонуусун бузуп өтүп, "Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен контрчабуулга өткөнүн" белгиледи.
Министрлик 24-февралдын алдын ала жыйынтыгын чыгарды: Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскерий инфраструктурасынын жер үстүндөгү 74 объектиси жарактан чыгарылган, анын арасында 11 аэродром, 3 командалык пункт, ПВО С-300 жана "Бук – М1" комплекстеринин 18 радиолокациялык станциясы бар. Бир тик учак, 4 "Байрактар ТБ-2" атып түшүрүлгөн.
Россиянын Куралдуу күчтөрү аскерий объектилерди гана бутага алып, шаар, тургундарга, экономикалык инфраструктурага сокку урган эмес. Штабдарды, башкаруу пунктуларын, байланыш түйүндөрүн жогорку тактыктагы курал менен аткылоо жакшы үйрөтүлгөн жана мыкты жабдылган бөлүктөрдү да башаламандыкка кептөөдө.
Украина чек арачылары "эч каршылык көрсөтпөстөн", россиялык бийликке багынып берип жатат. 57-мотопехота бригадасынын аскерлери да курал-жарагын таштап, ЛЭР тарапка өттү.
Андан мурун Су-27 истребители "афган сценарийи" боюнча (же НАТОнун стандарты боюнча) Румынияга учуп өтүп, пилоту саат 7.05те Баку авиабазасынан жергиликтүү бийликке багынып берген.
Каспий флотилиясынын кемелери парад учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Дүйнөлүк океандагы артыкчылык. РФтин Каспий флотилиясына мүнөздөмө

Украина Россиянын жоопкерчилик зонасына кайтууда

Вашингтон менен Брюсселдеги стратегдер аскерий конфликтиде эки жогорку технологиялуу армия — Россия менен Украинанын (НАТОнун стандарты менен окутулган) кагылышуусун көрүүгө ынтызар эле. Андан өзү үчүн, Европадагы боло турган чыр-чатак үчүн жыйынтык чыгармак. Эмнеге күбө болушту?
Россиянын Куралдуу күчтөрү Донбасста жана Украина күчтөрүнүн терең тылда жайгашкан Борисполь аэродромдоруна (бул жерге АКШ менен НАТОнун курал-жарагы ташылган) ракета-бомбалык соккуларды узатты. Украинанын бардык региондорунда талкаланып, жарактан чыгып ташталган аскер техникасын көрүүгө болот.
Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү россиялык ракеталарга туруштук бере алган жок, соккулар аскер базаларын, штабдарды, аэродромдорду кыйратып, Куралдуу күчтөрдүн командачылыгынын буту-колу байланып калды. Каршылык көрсөткөн айрым күчтөргө 2008-жылдагы "грузин сценарийи" менен бөгөт коюлуп, операция беш күнгө жетип-жетпей жыйынтыкталса керек. Капитуляция актысына Киев режими жазга чейин кол коюуга аргасыз болот.
НАТОнун стандарты менен кайра окуудан өткөн "Европанын эң күчтүү армиясы" бир нече саат ичинде талкаланды, курал-жарагын, транспорт каражатын таштап батышка качты. Украина аскерлерине мындай мүмкүнчүлүк берилген, Россия менен Донбасс республикалары үчүн украин эли душман эмес.
Киев режиминин аскерий кылмышкерлеринин тизмеси (85 киши) буга чейин Россиянын Тергөө комитетинин сайтында жарыяланган, Донбасстын калкын өлтүрүүгө күнөөлүүлөрдү аныктоо улантылат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн америкалык конструкциясынын кыйрап, Днепрге, андан ары АКШ менен НАТОнун аскерий каражаты аркылуу батышты көздөй жылуудан башка аргасы калган жок, ошол эле мезгилде Путин буга жол бербейт. РФ лидери Россия Куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы операциясына кийлигишкен НАТО өлкөлөрүнүн кимиси болсо да "тарыхта болуп көрбөгөндөй жооп аларын" ачык эле эскерткен. Вашингтон менен Брюссель Украина Россиянын жоопкерчилик зонасына кайтып жатканын түшүндү.
Плесецк космодромунан Камчаткага карай континенттер аралык Ярс коё берилген - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФтин Стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн машыгуусу өттү. Батыш үчүн мааниси кандай?

Калкып чыккан чындык

Россиянын 24-февралдагы операциясы АКШ менен НАТО үчүн көп кырдуу дүйнөнүн катаал реалдуулугуна кайтуу болуп калды. Америкалык спецназ менен НАТОнун аскерий адистери Украинадан эбак эле чыгып кеткен. Эми алыс туруп алып альянс жаңы планды ишке киргизүүнү ойлонуп, эч нерсеге жарабаган союздаштарын коргоо үчүн чет элдик күчтөрдү жайгаштырмакчы болуп жатат.
Жо Байден бейшемби күнү Россия "Украинага, глобалдуу тынчтык жана коопсуздукка каршы жасалган агрессиясынын" "азабын" тарта турганын убадалады. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Лондондун союздаштары менен биргеликте Россиянын аракетине чечкиндүү жооп берүүгө белсенүүдө.
Бирок мунун баары жөн гана сөз, кеп аскерий тиреш тууралуу болгон жок, АКШ менен Евробиримдик ааламда эч нерсени өзгөртүп жибере албаган кезектеги санкцияларды кабыл алмакчы.
АКШ менен НАТО эбак эле Россияга согуш ачып салмак, бирок Пентагон өзөктүк арсеналы жок эле АКШ армиясын кыйратып койчу россиялык ракеталардын алдында алсыз экенин билет. Керек болсо Пентагон Киев режимине убадалаган америкалык ПВО жана ПРО системалары теңтайлаша албайт. Болгону дагы бир жолу АКШ аскерий жөндөмү канчалык алсыз экенин далилдеп беришмек.
Украинанын жетекчилиги менен НАТОнун Россияга каршы аскердик аракетинин мыйзам ченемдүү жыйынтыгы "өнөктөштөр" үчүн жакшы эле сабак болду. Москванын баарына бирдей коопсуздук: НАТОну кеңейтпөө, Чыгыш Европадан чет элдик аскерлерди чыгаруу боюнча сунушун дагы бир сыйра карап чыгууга мүмкүнчүлүк бар.
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көп өлкөсү өз коопсуздугун бирөөнүн коопсуздугунун эсебинен чечүү канчалык кооптуу экенин түшүндү. Түндүк атлантика альянсы геосаясаттын таасирдүү куралы катары көз алдыда кыйрап түштү.
Чуу бир аз басылган соң Вашингтон 24-февралда Москва АКШ менен НАТОну чоң согуштан жана миллиондогон курмандыктан сактап калганын түшүнөт. Түшүнбөсө Россия улуттук коопсуздукту камсыздоо жана жоопкерчиликсиз "өнөктөштөрдү" куралсыздандыруу үчүн бир топ таасирдүү аскерий-техникалык каражатка ээ.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Крымдагы Россиянын аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы кырдаал: кайтпас чектен да өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0