Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Анти-Россия идеясы талкаланууда. Эми Батыштан эмнени күтүүгө болот?

© Sputnik / Алексей ВитвицкийЕвропа биримдигинин желеги. Архив
Европа биримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Жазылуу
Экономикалык санкциялардан тышкары европалыктар дипломатиялык мүнөздөгү тарбиялоочу чараларды да пайдаланууга даяр болуп турат.
Аскердик операция башталганга чейин эле, Донецк жана Луганск эл республикаларынын көз карандысыздыгын  тааныганы үчүн эле Россия Батыш өлкөлөрүнөн санкциялардын пакетин алган. Батыш өнөктөштөрдүн баамында Россия орустарга жан үрөбөшү керек экен. Орустар жер төлөдө бомбалоодон боо түшүп кырыла берсин. Ал эми аларды коргоого белсенген Россияны жазалоо зарыл. Россиялык журналист Виктория Никифорованын ой калчаган макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Россиянын суверендүү карызына (мамлекеттик карыз — ред.) каршы америкалык санкциялардын да, немецтердин "Түндүк агым — 2ни" токтотушунун да, россиялык банктар менен компанияларга каршы диверсиялардын да тамыры ушул жерде.
Россиялык аскерлер Украинанын нацисттик жетекчилигин куралсыздандыра баштаганда батыштагылардын куйкасы ого бетер куруша түштү. Ушундай эле болмок. Украина аймагына тынчтык орнотууга камынган Россияны эмне менен коркутуп жатканын тактап алалычы. Аскердик багыттан алганда НАТО чыгыш флангыда, башкача айтканда, Румынияда күчүн көбөйтүүнү убадалады. Буга балким Прибалтика да кошулушу мүмкүн.
Украиначы? Жок, ал жакка жайгаштырылбайт. НАТОнун башкы катчысы Столтенберг "Украина аймагында НАТОнун аскер күчү жок, жөнөтүү да пландалган эмес. Биз Украинаны колдойбуз, бирок толук коопсуздук кепилдигин союздаштарга гана беребиз", — деп расмий билдирди.
Мына ушундай. Союздаштарга — толук кепилдик, ал эми Украинага жарым-жартылай, эптеп-септеп сыяктуу. Анда аны элинин каршылыгына карабай НАТОго сүйрөп эмне азап эле? "Жавелиндерди" киргизип, жоокерлерин орустарга каршы согушууга үйрөтүп, москвалыктарды жек көрдүртүп эмне кереги бар эле? Таштап кетиш үчүнбү?
НАТОдо лидер болгон АКШнын президенти дагы америкалык жоокерлер альянска мүчө-мамлекеттердин аймагында гана болорун тастыктаган. Украинага барышпайт.
Эми экономиканы карап көрөлү. Англиянын премьер-министри Борис Жонсон "Россия экономикасын кыйратарын" убадалады. Британияда ВТБ банкынын активдери тоңдурулду. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жаңы санкциялар "Россиянын экономикасын өсүүсүн токтотуп, инфляцияны күчөтүп, насыяны кымбаттатып, акырындык менен өнөр жай базасын талкалай" турганын айтты. Күтпөгөн жерден Чехиянын президенти Милош Земан дагы "ашынган немени элден оолактатып" (Путинди), Россияны токтоосуз SWIFT системасынан четтетүүнү талап кылып жиберди.
Украинадагы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик техникасынын колоннасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Украинадагы атайын операциясы. Максат — демилитаризация
Байден азыр эле жаңы санкциялардын кандай болорун ачыктады. Тизмеде төрт россиялык ири банк бар. Доллар, евро, фунт, иена менен операциялар токтоп калуу кооптуулугу күч. Жогорку технологиялык продукциянын экспорту чектелери айтылып жатат, бул аскер-өнөр жай комплекси менен космоско таасирин тийгизет. SWIFT системасынан чыгарбай калышты. "Путинге эмнеге санкция киргизилген жок?" деп кыйкырган журналисттин суроосу жоопсуз калды.
Албетте, мунун баары Россия үчүн оңой болбойт. Бирок экономикасы ошончолук эле зыян тартабы? Бул экономика эмнени гана көргөн жок. 2014-жылдан бери санкциялар менен бомбалап эле келе жатышат, эмне гана ойлоп табышкан жок. Эң катаал санкциялар бул аскердик операция болбосо деле салынмак окшойт деп кетесиң. Мисалы, эмнеге Украинага басып кирген жок, алдап кетти десе деле жарашчудай болуп калды.
Европанын углеводород сатып алуудан баш тартышы, финансылык транзакциялардын үзгүлтүккө учурашы да көп жакшы эмес. Ал эми көбүрөөк убакытка созулса Россия экономикасын диверсификациялап, импортту алмаштыруу муктаждыгы жаралат. Муну баары неоиндустриализацияга мыкты себеп. Баса, Россияда деле чет жактын активдери бар, тоңдурчу нерсе бар дегеним.
Ал эми Батыштагы, өзгөчө европалык өнөктөштөр санкциясы менен өзүн-өзү бутка атып жатат. Чекесине такап алган тапанчасы мына-мына атылганы турат.
Дмитрий Медведев газ эки миң еврого чыгарын убадалады. Коммуналдык төлөмдүн кескин жогорулап кетишинен тышкары бул жеке тараптар үчүн массалык банкротту шарттайт. Европа фирмалары менен ишканалары банкротко учурайт, муну ЕБ экономикасынын жок болушу катары сыпаттасак болот. Доллар жана евро менен операциялардан Россияны оолактатуу аталган валюталарга жалпы ишенимди азайтат. Россиялык экспорттон баш тартуунун кесепети  россиялыктарга караганда европалык өндүрүшчүлөр үчүн оор болот.
Европа менен АКШнын бүгүнкү күндө башка мамлекеттердин экономикасын муунтуп ийчү дарамети деле жок. Санкция салынат дегенден баштап Доу Джонс индекси бир күндө 830 пунктуга түшүп кетти. Nasdaq биржасындагы азыркы абал 2008-жылкы кризистин учурунан да кооптуу. Meta (экс-Facebook), Netflix акциялары жыл башынан бери 40 пайызга төмөндөп кетсе, Nvidia менен Tesla акциялары да түштү. Артынан Microsoft, Amazon, Alphabet баратат. Ушундай болору эскертилген.
Крымдагы Россиянын аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы кырдаал: кайтпас чектен да өттү
Батыш ЖМКлары мунун баары "Россия агрессиясынан" улам болууда деп жатышат. Бирок чынында рыноктор өзүн-өзү жок кылуучу санкциялык саясаттан улам олку-солку абалда. Биржасы таптакыр кыйрап калышы толук мүмкүн. Анда санкция ойго келбесе керек.
Батыш мунун баарын абдан жакшы түшүнөт. Guardian гезитинин кабарчылары Брюсселден Европа мамлекеттеринин өкүлдөрү салынышы мүмкүн делген санкцияларды талкуулап жатканын көрсөтүшүүдө. Азырынча башаламандыкка гана күбөбүз. Италия, Германия, Кипр айрым санкцияларга каршы. Франция менен Германия алгач АКШ менен Британия киргизсин, күтө туралы деп процессти жайлатууда. Айтор, эч кимдин өлгүсү келбей жатат.
Экономикалык санкциялардан тышкары, европалыктар дипломатиялык мүнөздөгү тарбиялоочу чараларды да пайдаланууга даяр. Прибалтика россиялыктарга туристтик виза бербей коюуну сунуштап жатат. Польша да ага ыктагандай.
Жалпы жонунан алып караганда, ушуну менен Украинага көрсөтүлчү колдоо бүттү. Мындайча айтканда, чыныгы саткынчылык. Америкалык жана европалык элита бүт дүйнөнү каратып туруп Киев хунтасын сатып кетти. Эмне гана убадаланган эмес эле?.. Эч нерсеге карабастан Вашингтон сателлиттери менен ыгын таап согуш талаасынан чыгып кетти, Афганистан бул жакта эле калды окшойт.
Ушу тапта украин аскерлери жапырт колго түшүп беришүүдө, министр Шойгу аларга коридор берип, сый-урмат менен мамиле жасоону талап кылды. Туура. Анткени украин аскерлери дегендин өзү жок нерсе, Батыш пропагандасы менен Киев хунтасынын сөзүнө алданган карапайым орус калкы булар.
Согуш деле эмес бул, жөн гана тынчтык орнотуу миссиясы. Курал-жарак сакталган кампаларга, аэропортторго так, даана урулган соккулардын жөнөкөй элге коркунучу жок.
Орус артиллериясы бүгүн Украинанын аймагындагы аскер инфраструктурасын эле жок кылбастан анти-Россия идеясын талкалоодо. Вашингтондо ойлоп табылган бул концепцияны чындап эч ким деле колдогон эмес. Америкалык кожоюнга көрсөтө турчу декорация эле, эми кыйрап, украиналыктарга өз тагдырын өзү тандап алуусуна жол ачылат.
Бул Европанын башка өлкөлөрүнө да кагылган коңгуроо. Америкалык кожоюндарынын ишараты менен сизди, балдарыңызды сатып жиберчү хунталарга иштөөнүн эмне кажети бар? Жакырлантып, каршы идеяларын таңуулап туруп, эч кимге кереги жок маани-маңызсыз согуштун отун тутантып коюп өлүмгө айдап жиберет? Ушул керекпи?..
Украинанын жана Евробиримдиктин желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Украинадан баш тарттыбы? Мындан аркы кадам кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0