Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Үйлөрүнө кайткандай. Донецк жана Луганскинин таанылышы тууралуу ой толгоо

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүДонецк жана Луганскинин таанылышы. Архивдик сүрөт
Донецк жана Луганскинин таанылышы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2022
Жазылуу
РФте алгач ирет ачык өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Донецк жана Луганск эл республикаларынын суверендүүлүгүнүн таанылышы менен катар Владимир Путиндин кайрылуусу да узап бараткан айдын негизги окуялары болуп калды.
Путин россиялык жарандарга гана эмес, Украинадагы мекендештерине да кайрылып жатканына басым жасады. Серепчи Петр Акопов РИА Новости сайтына жарык көргөн макаласында дал ушул кайрылуунун тегерегинде ой толгогон.
"Эзелтен түштүк-батыш байыркы тарыхый орус жерлеринин тургундары өздөрүн орус жана проваславбыз деп эсептешкен. Бул аймактардын бир бөлүгү Россия мамлекетине кошулган – XVII кылымга чейин да, кийин да ушундай болуп келген". Ошону менен бирге Путин азыркы Украина "толугу менен Россия, тагыраагы, большевисттик, коммунисттик Россия менен түптөлгөнүн" эскертти. 1991-жылы Россия реалдуулукту кабыл алып, Украинанын суверендүүлүгүн тааныган. Бирок отуз жыл өтпөй эмнеге кептелип турабыз? Украина чоочун колдогу Россияга каршы куралга айланып калды.
Путиндин "ата-бабалар муну тыңдап, уккан кулактарына ынанышмак эмес. Биздин да ишенгибиз жок" деген сөздөрү жалпы орус элинин, ата-бабалары менен урпактарынын алдындагы жоопкерчилик сезимин айгинелейт.
Россия Украинанын атлантикалаштырылышына жол бере албайт, ошондуктан Батыштан Чыгышка карай кеңейүү ниетинен баш тартууну талап кылат.
Белгородго келген эвакуацияланган тургундары убактылуу жайгашуу пунктунда документтерди толтуруп атышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасстын 775 миңден ашуун тургуну Россия жарандыгын алды
Ал эми Донецк жана Луганск эл республикаларынын таанылышы Донбасстын жай турмушка кайтышына өбөлгө болот. Анын экономикасы калыбына келтирилет. Украина тараптан эми эч кандай коркунуч туулбайт. Достук жана өз ара жардам жөнүндөгү кол коюлган келишимдер украиналык чагымчылдыктарды басып кое алат.
Путин Киевдеги бийликти басып алгандардан тез арада согуштук аракеттерди токтотууну талап кылып, антпесе кан төгүлүшүнө жоопкерчилик толугу менен Украинанын аймагын башкаргандарда болорун" эскертти.
Украина НАТОго кабыл алынышы мүмкүн эмес, Россия үчүн бул маселе талкууга да жатпайт. Анткени орус жерлери эч качан Россияга коркунуч туудурган плацдармга айланбайт. Батыш муну көңүлгө түйгөнү оң.
Батыш, албетте, аталган республикалардын таанылышын кескин сындап ачуусу келери бышык, бирок олуттуу санкциялар келбейт. Анткен менен "россиялык кол салуу" деген дүрбөлөңдүн экинчи айлампасы күтүлөт. Бул ирет Донецк жана Луганск эл республикаларынын территорияларын кайтарып алууну бетке кармашат. Анткени алардын көпчүлүк бөлүгү Украинанын көзөмөлүндө. Бирок эми Москвага ал жакка өзүнүн куралдуу күчтөрүн киргизишине ким тоскоол боло алат? Эч ким жана эч нерсе буга бөгөт боло албайт. Өз элине арзуусу, ата-бабаларга урмат-сый жана өз тарыхын билүүдөн бөлөк эч бир күч буга жолтоо эмес. Өз боордошторунун канын төгүүгө барбай турган айкөлдүктөн, жарандык согуш деген ойдон эле жүрөгү тилинген мүнөздөн башка эч бир нерсе андай кадамга тоскоол болбойт. Донецк жана Луганск эл республикаларынын таанылышы алардын үйлөрүнө кайтканын туюндурат. Кезекте – тарыхый келечекте Украина бар. Тарых биздин көз алдыбызда жазылууда.
Россиянын тышкы иштер министирлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2022
Россия ДЭР жана ЛЭР менен дипломатиялык мамиле түздү
Жаңылыктар түрмөгү
0